Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

"Эмнеси жаман?". Чуулгандуу ишкер Абдукадыр ири инвестор аталды


Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.

Борбор Азияда мыйзамсыз жүк ташуу империясын түзгөнү айтылган чуулгандуу ишкер Хабибулла Абдукадырга тиешеси бар компаниялар Бишкекте ири мейманкана жана мечит сала турганы белгилүү болду.

Хабибулла Абдукадырдын ысымы элге бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөлөрдөн кийин белгилүү болгон. Курулушту баштоо иш-чарасында Хабибулла Абдукадыр менен президент Садыр Жапаровдун катарлаш жүргөнү коомчулукта талкуу жаратты. Президент Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны өлкөгө акча салган инвестор деп атады.

Кичи шаарча, мейманкана, мечиттин инвестору ким?

10-мартта президент Садыр Жапаров Орто-Сай айылындагы ири мечит жана Бишкектеги мурдагы “Нарын” ресторанынын ордуна салына турган бизнес-борбордун курулушунун баштоо иш-чарасына катышты.

Президенттик администрация бул курулуштарды өлкөгө келген ири инвестиция катары сыпаттап, бийликтин кезектеги ийгилиги катары жарыялады.

Бишкектин чок ортосундагы “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, турак жай комплексин батырган көп кабаттуу имарат курулса, борбор калаага танапташ жайгашкан Орто-Сай айылында 20 миң кишилик мечит курулары белгилүү болду.

Президенттик администрация тараткан фото-видеолордон курулуштардын пайдубалын түптөө иш-чарасына эл аралык медиалардын акча адалдоо, мыйзамсыз жүк ташуу боюнча иликтөөлөрүндө аты аталган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр да барган. Анын президенттин жанында жүргөнү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Президент Садыр Жапаров жана кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр.
Президент Садыр Жапаров жана кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр.

Президенттин басма сөз кызматы Бишкектеги долбоорду ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli курулуш компаниясы ишке ашыра турганын айтып, алардын ээси ким экенин ачык айткан эмес. Орто-Сайдагы мечитти чет элдик инвесторлор курат деген маалымат менен гана чектелген.

Коомчулуктагы талкуулардан кийин 11-мартта президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине чуу жараткан теги кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны инвестор деп атады.

Жапаров аталган эки курулушту куруп жаткан инвесторлор арасында Абдукадыр да бар экенин ырастап, мейманкананы алар мурда сатып алган жерине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын тактады.

Президент бул топ борбор калаада кийинчерээк "Бишкек-сити" деп аталган кичи шаарча курушарын да кошумчалады.

“Кыскасы, Бишкекке баш-аягы 1,5 млрд. доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөгө алынбаса болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат”, – деген президент Садыр Жапаров.

Президент Жапаров бажы тармагындагы саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акча түшүп турган системаны 2021-жылы жок кылганын билдирди. Бирок ал адамдар кимдер болгонун ачык айткан жок.

Сооп иштин артында эмне турат?

“Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop басылмасынын иликтөөлөрүндө уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин, Дубайдагы бизнес өнөктөшү экенин аныктаган. Абдукадырдын үй-бүлөсү Матраимов менен биргеликте мыйзамсыз иштерге катышы бар болушу мүмкүн экени айтылган.

Бул иликтөөлөр кезегинде Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоонун себептеринин бири болгон. Дал ушул толкундоонун арты менен учурдагы президент Садыр Жапаров бийлик башына келген.

Азыркы тапта Бишкекте башталган долбоорлордо Абдукадырдын канча үлүшү бар экени ачык жарыялана элек. Бирок буга чейин ОpenDemocracy басылмасы Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияда катталган Hyper Partners компаниясына тиешеси бар экенин жазып чыккан. Ал эми бул компания “Нарын” ресторанынын ордуна салынчу комплекстин инвесторлорунун бири катары көрсөтүлүүдө.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев мыйзамсыз карго империясына байланышы бар адамдын бийлик башындагылар менен мамилеси, өлкөгө инвестиция салып, сооп иш кылып жатышы күмөн ойлорду жаратып жатканын айтты.

“Ушундай долбоорлор менен Кыргызстандан акчаны адалдап чыгарып кетүү аракети болушу мүмкүн. Андай адамдар жөн эле келип акчасын салбай турганы түшүнүктүү. Акчасын мыйзамсыз тапкан инвесторлор келип жатат. Мындай абал Кыргызстандын кадыр-баркына жакшылык алып келбейт. Президент эч качан мындай окуяларга аралашпашы керек болчу”, - деди Теңизбаев.

Саясатчы Өмүрбек Суваналиев журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган адамдын ишине ириде укуктук баа берилиши керек деп эсептейт. Суваналиев Хабибулла Абдукадыр өлкөдө таасирдүү адамдар менен коюн-колтук алышып алганын сындады.

“Анын кандай жол менен акча тапканын элдин баары билет. Кайра инвестор болуп келип жатканына түшүнбөй жатабыз. Абдукадыр менен айрымдары куда болуп, саясатчылардын көбү мамиле түзүп алган. Ал көбүнө демөөрчү болуп, өз үйүндөй эле эркин жүрөт. Азыр ким демөөрчү болгону айтылбай жатат. Бир нерсени курса, чет өлкөгө учса, демөөрчүлөр аркылуу деп коет. Кеп ушунда, ачыктык болбой жатат. Дүйнө жүзүндө таза жана кир жол менен табылган акча деп бөлүнөт. Келген акчанын баарын эле ылгабай ала берген жарабайт”.

Анткен менен өлкөгө акча салууга келген инвесторлордун кирешени кандай жол менен тапканы маанилүү эмес деген пикирди кармангандар да бар. Алардын бири Кадыр Сайдилкан Фейсбуктагы баракчасында ири курулуштар өлкөгө жумуш орундарын түзүп, бюджетке түшчү киреше көбөйөрүн жазды.

"Ал инвестордун кантип акча тапканы, тазабы же булганыч иштердин аркасынан тапканбы, мени кызыктырбаган маселе. Ал жараткандын алдында, дүйнөлүк мыйзамдардын алдында өзү жооп берет. Биз, дүйнө суктанган Азия арстандары болгон Дубай, Сингапур, Гонконг так ушундай инвесторлордун, өз өлкөсүн жеген коррупционерлердин булганыч акчасына курулуп, өнүгүп, азыркы акыбалга жеткен", - деп жазды.

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев болсо Кыргызстанда кылмыш иши козголбогон ишкерлердин өлкөгө киришине бут тоспош керек деп эсептейт.

"Хабибулла Абдукадырга Кыргызстанда кылмыш иши козголсо бир жөн. Мен билгенден анын эч кандай кылмыш иши жок. Андыктан эмнеге келбеши керек? Келип акчасын сала берсин да", - деди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекс курулат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Бишкектин чок ортосунда 1980-жылдары пайда болгон “Нарын” рестораны эгемендик жылдарынан бери иштетилген эмес. Талашка түшүп, узакка созулган сот иштеринен кийин өкмөт имаратты 2017-жылы бузууга уруксат берген.

Азыркы жана мурдагы беш президенттин Дубайдагы жолугушуусунан кийин, 21-февралда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ал жыйындын жыйынтыгы катары инвестор келерин Фейсбуктагы баракчасында жазган.

"Президент Жапаровдун мурдагы президенттердин башын кошуп, ынтымакка чакырганынын жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай. Себеби, өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алып баруусу шартталат. Бишкек шаарына ири беш жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келди. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгү туруктуулук".

Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечити 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөрү айтылды. Долбоордун баасы 51 млн. АКШ долларына бааланганы белгилүү болду.

“Политклиника” басылмасы мечит курула турган жер тилкеси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго таандык болгонун жазды. Басылманын билдиришинче, Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин жер тилкеси камакка алынып, жыйынтыгында 2022-жылы участоктун бир бөлүгү президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Хабибула Абдукадырдын кыңыр иштери

Хабибула Абдукадыр “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын иликтөөсүнө чейин эч ким билбеген, сүрөтү да эч бир жерге чыкпаган көмүскөдөгү ишкер болгон. Журналисттерге белгилүү маалыматта ал Кытайда, уйгур үй-бүлөдө туулган.

Үч медианын иликтөөсүндө Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азиядагы карго компаниясы декларацияланбаган жана бажыда бурмаланып катталган товарларды Кытайдан Кыргызстанга ташып, андан ары чөлкөмдөгү башка базарларга жеткирип турганы ачыкталган.

«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчиси Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар экени айтылган. Ал иликтөөдө өнөктөш инвесторлордун арасында Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Абдукадырдын үй-бүлөсү да бар болчу.

Казак жарандыгын алган Абдукадырдын өмүр баяны тууралуу ачык маалыматтар дээрлик жокко эсе. Анын ысымы түрдүү өлкөлөрдөгү компаниялардын расмий документтеринде гана кездешет. Ал документтерге ылайык, 2000-жылдардын башынан тарта Хабибулла Абдукадырдын Кытайда, Казакстанда жана Өзбекстанда иш жүргүзгөн компанияларга тиешеси бар.

Хабибулла Абдукадырдын кыргыз президенттери менен байланышы

Хабибулла Абдукадыр Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын ноябрь айындагы инаугурациясына катышып, Жээнбековдун бир тууганы, ошол кездеги Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун жанында отурган сүрөтү чыккан.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда ишкерди сыртынан тааный турганын, бирок эч кандай мамилеси жок экенин айткан.

"Инаугурацияга адамдарды чакырууну, кайда отургузууну, бүт уюштуруу маселелерин мурдагы президенттин аппараты алып барган. Мен бул кишини тааныйм. Тааныбайм дебейм. Ошто губернатор болуп жүргөндө Кызыл-Суу автоном облусу менен 2013-жылы бизнес-форум өткөргөнбүз. Ошондо иниси келип, таанышканбыз. Аны менен мурдагы президенттин да жолугушуусунда болгонбуз. Ал киши менен жолугушуум 2017-жылы болгон. Атамбаевдин кабинетинде үчөөбүз жолукканбыз. Инаугурацияга келди, аны билем. Бирок мен көп кишини тааныйм. Инвестиция тартыш үчүн форумдарды өткөргөм. Кээ бирөөлөр ойлогондой, аны менен бизнес мамилем, эч кандай мамилем жок", - деген Жээнбеков.

Андан көп өтпөй Абдукадырдын Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен чогуу турган сүрөтү интернетке жарыяланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ошол жылдын жай айында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып буларды айткан:

“АКА холдингдин” башчысы Хабибулла Абдукадыр экөөбүздү Сооронбай (Жээнбеков-ред.) 2017-жылы тааныштырган. Хабибулла Кудайдан корккон адам. “Кантип тааныштың Атамбаев менен?” деп сурагыла. Мага аны Сооронбай тааныштырган", - деген Атамбаев.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов УКМК тарабынан коррупцияга айыпталып, кармалган. Ал сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG