Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 13:37

Апта: Бажыдагы уурулук, Жапаровдун өтүнүчү


Иллюстрация.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринин кафесинде атып өлтүрүлгөн кытайлык уйгур, Кыргызстанда бир канча жыл ишкерлик кылган Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан окуялар эки жумадан бери Кыргызстандагы башкы тема бойдон калып жатат.

Бул окуя парламентте да талкууланып, 21-ноябрда Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Ал эми «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери 22-ноябрда Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу кеңири иликтөөсү жарыяланды.

Иликтөөдө бажыдагы коррупциялык - күмөндүү иштер, ага аралашкан адамдар, анын ичинде уйгур ишкери Абдукадыр Хабибулла, Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аттары, Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу сөз болгон.

Үч медиа мекеменин иликтөсүн коомдук ишмерлер, талдоочулар «Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты жана коррупцияны ачык көрсөткөн иликтөө» деп сыпаттап, «анда аты айтылган кишилер, негизи эле өлкө бийлиги буга милдеттүү түрдө реакция кылышы керектигин» белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев анда айтылган фактыларга байланыштуу парламент өкмөттү кызматтан кетириши керек экенин алагчкылардан болуп билдирди. Ал муну учурдагы өкмөттөн ишеним кеткени менен түшүндүрдү:

- Биринчиден, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Анткени бул иликтөө өтө олуттуу болду. Экинчиден, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Финчалгын кызматынын, УКМКнын жана бажынын жетекчилерин кызматтан кетирүү зарыл. Алардын ордуна коомчулук ишеним арткан кишилерди алып келиш керек. Жаңы адамдар келгенден кийин биз аларга расмий иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коёбуз. Эми кылмыш иштерин козгоп, бардыгын далилдеп, керек болсо соттош керек. Биз, депутаттар өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Анткени өкмөткө болгон ишеним жоголду. Алар эми эч нерсе кыла албайт.

Ал эми “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бийлик органдары тезинен иликтөө баштап, чара көрүшү керектигин айтты. “Иликтөөдө айтылган маалыматтарды объективдүү түрдө иликтеп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылбаса жарандар арасында нааразылык жаралышы мүмкүн” деди Жээнчороев.

“ҮМҮТ 2020” жарандык кыймылы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иликтөөдө айтылгандар боюнча Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.

Журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу Президенттик аппарат да билдирүү жасады. Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр менен президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес-долбоору болбогонун жана жок экенин билдирди.

Стамалиеванын билдирүүсүндө Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген инвестициялык форум болгону жазылган. Ага Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келгени, Жээнбеков аны менен ошондо таанышканы белгиленет. Маалымат боюнча, форумдан кийин Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон.

«Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү - бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес. Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү - бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган беш айып боюнча тергөөдө», деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Башкы прокуратура кытайлык ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, иш Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен катталды.

Журналисттердин иликтөөсүндө Айеркен Саймаити аны коркуткандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткенин айтып берген.

Иликтөөдө аты аталган бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов азырынча комментарий бере элек.

Ал эми анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө ишенбөөчүлүк билдирди.

"Азаттыктын" негизги таянган булагы - алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөзүн бекемдеди деген маалыматтары - анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан»​, - деп жазды Искендер Матраимов “Фейсбук” баракчасына.

Ошондой эле ал өз кесиптештеринин жана коомчулуктун сынынан кийин анын инисинин да аты аталган, Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады.

Кыргыз өкмөтү коомдо кызуу талкууланып жаткан иликтөө тууралуу үн ката элек.

Ал арада бийлик жетиштүү реакция кылбай жатат деген негизде жарандык активисттер 25-ноябрда, дүйшөмбү күнү Ак үйдүн алдына “Уурулукка, коррупцияга каршы тынчтык акциясы” деп аталган митингге чыгыша турганын айтып жатышат. Ага бир катар активисттерден тышкары, маданият өкүлдөрү да бара турганын билдиришти.

Бажыдагы коррупция жана элдин мүдөөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Ал арада Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго ишеним көрсөтпөө жараянын баштарын билдирди. Бул тууралуу 23-ноябрда "Фейсбукка" жазып, мамлекет башчы эл аралык уюшма коррупциялык топтогулар менен алакасы болушу мүмкүн экенин, мындан улам парламенттин жакынкы пленардык жыйынында ага импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп чыгарын маалымдады.

Бирок саясат талдоочу Орозбек Молдалиев эл өкүлү андай сунушту конкреттүү негизге таянып айтышы керектигин белгиледи.

- Депутат катары андай демилге көтөрүүгө ал укуктуу. Бирок анын келтирген жүйөлөрү туура эмес болууда. "Тамаркасына таш ыргытып турайын, андан ары кандай болот экен" дегендей кеп. Бажыдагы жемкорлук тууралуу маалыматтарды мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жабыштырып, ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган кездеги ишмердигине байланыштырып жатпайбы. Бажы кызматы облустун жетекчилерине баш ийбейт.

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган «Transparency International» эл аралык уюму«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнөн кийинки жагдайга жана анын айланасында болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнө жакындан байкоо салууда. Бул тууралуу уюмдун "Твиттердеги" баракчасында 22-ноябрда маалымдалды.

«Transparency International» уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында Кыргызстан бул тизмеде 132-сапка жайгашканын жарыялаган.

Жапаровду күттүргөн ырайым

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап, аны бошотуп коюусун өтүнгөнү белгилүү болду. Саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун билдиргенине караганда, ал ырайым сурап кайрылганына бир айдан ашса да эч кандай жооп боло элек.

Жапаровдун туугандарын Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия ушул жылдын октябрь айында кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы караларын айтышкан. Ошонун негизинде Жапаров ырайым суроо боюнча өтүнүч арызын жазып, ал ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган. Бирок адвокат Шарабидин Токтосунов Жапаровдун арызы эмнегедир ушул убакка чейин каралбай жатканын айтты.

- Ырайым сурап арыз жазганына бир ай болду. Бирок ары-бери түртүп эле аны карабай жатышат. Мен Садыр Жапаровдон ырайым боюнча жазган арызын алдым. Анда «менин эч кандай күнөөм жок. Атам, апам, балам да өлдү. Үй-бүлөм оор абалда турат. Ошондуктан ырайым берип бошоткула. Мен эч кандай кылмыш кылган жокмун» деп жазыптыр.

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев саясатчы Садыр Жапаровдун президенттен ырайым суроо боюнча өтүнүчүнө байланыштуу материалдар толук келе элек экенин айтты.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде тиешелүү материалдарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бериши зарыл болорун билдирди.

- Бардык кагаздар мыйзамдагыдай тартипте каралып, өзүнчө материал болуп бизге келиши керек. Ал бизге келе элек. Материалдар толук болбой калгандыктан азыр толукталып жатат. Ошондуктан карай албайбыз. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы материалдарды качан жиберет - аны алар чечет, - деди Кыдырбаев.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында чет өлкодөн келгенде камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Мындан эки жыл мурда Эмилбек Каптагаев өзү да «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, «ага каршы доо арыз жазууга менде эч кандай негиз жок» деп баса белгилеген.

Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып аймактарда эл аралап кол чогултуп жатышат.

Ирандагы нааразылыктар ондогон адамдын өмүрүн алды

Иранда 15-ноябрдан бери токтобой жаткан калайман нааразылык акцияларына бийликтин мунайдын баасын жогорулатып, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими себеп болгон.

Расмий бийлик өлкөнүн 100дөй шаар-кыштактарында уланып жаткан каршылык акцияларында 12 киши курман болуп, 600гө жакыны кармалганын билдирген.

Бирок «Amnesty International» эл аралык уюмунун 23-ноябрдагы жаңыртылган маалыматына караганда, өлгөндөрдүн саны 115 кишиге чейин жетиши мүмкүн. Уюм буга чейин нааразылык учурундагы кагылышта каза тапкандардын саны 200гө чамалашы ыктымал экенин да эскерткен.

Тегеран «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүн «негизсиз айыптоо жана жасалма маалымат» деп атады.

Өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменеи өкмөттүн бааларды көтөргөн чечимин кубаттап, демонстранттарды «баш кесерлер» деп айыптаган. Ошондой эле ал «каршылаштары жеңилгенин» айтып, элдин ичинен нааразылык чыкпаганын билдирген.

Иран бийлиги митингге чыккандардын арасында мерт болгондор көбөйүп жатканына карабай, «душманынын кутумун» жеңгенин маалымдады.

Президент Хасан Роухани 20-ноябрдагы өкмөттүн жыйынында «биздин адамдар жеңди» деп билдирген. Ал калайман нааразылыктын артында Тегерандын каршылаштары - Сауд Арабиясы, Израил жана АКШ турат деп божомолдогон. Ал ошондой эле «көчөгө чыккан куралдуу анархисттер аз эле болгонун» айткан.

Өлкөнүн вице-президенти Эсхак Жахангир 23-ноябрда “Фарс” маалымат агенттигиндеги билидрүүсүндө “аймактагы айрым өлкөлөр Иранда башаламандык жаратуу үчүн кийлигишкени аныктала турган болсо, аймакта тынч жашай алышпай турганын билип коюшу керек” деп эскертти.

Иранда калайман нааразылык өкмөттүн мунайды кымбаттатуу жана бензин сатууну чектөө тууралуу чечиминен кийин башталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы да Ирандагы демонстранттарга каршы курал колдонуу көп адамдын ажалына себеп болгону жөнүндө маалыматтарга өзгөчө тынчсыздануусун билдирген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция Тегеранды митингге чыккан элге күч колдонгону үчүн айыптоодо. Иран бийлиги мындан тышкары өлкөдө Интернетти өчүргөнү үчүн да сынга кабылган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу нааразылык акцияларынын катышуучулары токтобой көчөгө улам чыга беришсе, чечкиндүү чара көрө турганын эскертти.

23-ноябрда мамлекеттик маалымат каражаттары өкмөттү колдоп жүрүшкө чыккандарды көрсөттү.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иранда жашагандарга кайрылып, өкмөткө каршы калайман нааразылык акциялары учурунда тартылган видеотасмаларды жана сүрөттөрдү мамдепартаментке жөнөтүүгө чакырды. Ошондой эле митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүп жатканы үчүн Вашингтон Тегеранга санкция салганы жатканын белгиледи.

Социалдык тармактарда ашынган демонстранттардын май куюучу жайларды өрттөп, каржы мекемелерин талкалап, полиция менен кагылышып жатканы тартылган бир катар видеотасмалар тараган. Мамлекеттик маалымат каражаттары көчөгө чыккандарды кууп таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызчу газ колдонгонун жазышкан.

Иран - күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн бири. Өкмөт бул тармакка көп субсидия жумшайт. Энергия запастары көп болгону менен кара майды иштетүүчү заводдор тартыш. Эл аралык санкциялардан улам ишканаларды оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (108)

XS
SM
MD
LG