Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Башкы прокуратура: Саймаитини коркутуу фактысы иликтенет


Айеркен Саймаити. Сүрөт соцтармактан алынган.
Айеркен Саймаити. Сүрөт соцтармактан алынган.

Башкы прокуратура кытайлык ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, иш Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен катталды.

Сотко чейинки териштирүү иштери Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырылып, көзөмөлдү Башкы прокуратура жүргүзөт.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын айтып берген.

Саймаити ал жолу мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүүкатары Түркияда төрт киши кармалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бүгүн, 22-ноябрда журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды текшерип, укуктук баа берүү тууралуу өтүнүч менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG