Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Стамалиева: Жээнбековдун инаугурациясына ким келерин Атамбаевдин аппараты чечкен


Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде. Ноябрь, 2017-жыл (Президенттик аппараттын сүрөтү)
Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде. Ноябрь, 2017-жыл (Президенттик аппараттын сүрөтү)

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына кантип катышып калганы тууралуу айтып берди.

Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселеcин ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты тескегенин жүйө кылды.

- Сооронбай Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган, - деди Стамалиева.

Ал Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин айтып келатканын, ошондуктан иликтөөдө келтирилген жагдайларга көңүл буруларын кошумчалады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганы белгиленип билдирүүдө, «анын ысымы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, ал кыргыз жараны эмес экенине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат» деп айтылат.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы боюнча маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ал эми Хабибулла Абдукадыр 2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына катышкан.

Президенттик аппарат Сооронбай Жээнбеков Хабибулла Абдукадыр менен 2012-жылы Ошто губернатор болуп турганда таанышканын, кийин 2017-жылы Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгонун жарыялаган.

Иликтөөдөгү материалдарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG