Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Досоновду актоо криминал менен күрөшкө көлөкө түшүрдүбү?


Кадыр Досонов.
Кадыр Досонов.

"Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген Кадыр Досонов соттон акталды. Кримтөбөл​ ​Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү саналган Досоновдун абактан чыгышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар анын акталышын "криминал менен күрөшкө көлөкө түшүрөт" деп баалап жатат.

"Женгонун" акталган жана кыскарган иши

Уюшкан кылмыш топтун лидери делген Кадыр Досонов Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы чечими менен абактан чыкты. Ал Кылмыш-жазык кодексинин “Жерди мыйзамсыз басып алуу” жана “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу” деген эки берене менен айыпталган.

Ош облустук соттун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылганын ырастады.

“207-берене (Жерди мыйзамсыз басып алуу) менен айыпталган Кадыр Досоновдун жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылып, кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды. Ал эми Жазык Кодексинин 215–беренеси (Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) боюнча айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды”.

“Женго” аты менен таанымал Кадыр Досонов 2021-жылы 11-февралда кармалган. Ушул эле жылы 23-декабрда Ош облусунун Кара-Суу райондук соттун чечими менен бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган. Бир күндөн кийин чечим кайра каралып, "жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен" анын баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн. Эми ошол эле соттун чечими менен акталып отурат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов окуя боюнча териштирүү жүрөрүн айтат.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Бул окуяны жаңы уктум. Эмне болуп акталганын көрөлү. Эгер туура эмес акталган болсо, прокуратура кайра арызданат. Жөн койбойт. Мен бүт мыйзамдарды бузуп актап салды дегенден алысмын. Бирок такташыбыз керек. Криминалдык топтун башчысын сот актап койсо эле мамлекеттин, өлкө башындагылардын саясаты ушундай дегенди түшүндүрбөйт. Уюшкан кылмыштуу топторго жеңилдик берилбейт. Мыйзам чегинде иш жүрүп жатат. Мамлекеттин позициясы ушундай”.

УКМК буга чейин эч жерде иштебеген Досоновго байланышы бар адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталганын, курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылганын билдирген. Атайын кызмат Кадыр Досоновдун кармалган учуру тартылган видео да жарыялаган.

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

“Эсиңизде болсо, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “криминалга жеңилдик болбойт” деген билдирүү жасаган. Ал ушул сөзүн далилдеш үчүн “Оштун аталыгы” аталган Досоновду кармады окшойт. Анын кармалышы шоу болуп кеткен. Менин билишимче, Досонов Оштун УКМКсына өзү барган. Аны Бишкекке алып келишип сабап да коюшканы айтылып жүрөт. "Женгонун" кармалышы, бошотулушу күтүлгөн эле нерсе болчу. Ага таң калыштын кереги жок. Анткени криминалдык чөйрө азыркы системанын бир бөлүгү”,-дейт иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков.

Кылмыш дүйнөсүндө орду бар Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген жана ага "карактоо", "маңзат соодасы", "адам уурдоо" сыяктуу оор айыптар тагылган. Бирок шаардык соттон акталып чыккан.

Милиция Досоновго экинчи жолу 2013-жылы ноябрда кайра издөө жарыялаган жана ал кармалгандан кийин Ош шаардык соту кримтөбөлдү үй камагына чыгарган.

Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын февралда кайра кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку Соттон толук акталып чыккан.

Криминалга каршы күрөшкө көлөкө түштүбү?

2020-жылдагы элдик тополоңдон кийин келген бийлик Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен күрөш боло турганын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу үч жолу билдирүү жасады. Үчөөндө тең криминалдын уюгу жок болорун билдирген. Мисалы, Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, криминалга катаал чара көрүлөрүн айткан эле.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Түштүктө өзүнчө, түндүктө өзүнчө мафия бар. Бири мыйзамдагы ууру, экинчиси "положенец" болуп, керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга басым кылып, мамлекеттик ишканаларга кол сала баштаган. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби же башкасы башын көтөрүп көрсүн, жанчыйбыз. Бир дагы уюшкан кылмыштуу топ башын көтөрө албайт".

2020-жылы октябрь айында атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевди кармаган. Ал төрт айдан кийин тилкат менен абактан бошотулган. УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. Жыйынтыгында Көлбаевдин иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.

2021-жылы 10-июлда “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов камактан бошотулган. Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип беш жылга кесилген Жумагуловдун эки жылда бошоп кетиши талкуу жараткан. Анын бошоп кетишине эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалгандардын моюнуна алганы себеп болгон.

Кримчөйрөнү иликтеп жүргөн журналист Семетей Талас уулу мындай оюн ортого салды.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

“Кыргызстандын уюшкан кылмыштуу топтун көзүрлөрү синдикат болуп кетишкен. Бизнестерге аралашып жатышат. Аларда эбегейсиз акча бар. Бизге криминал менен күрөш болгон эмес, болбойт дагы. Анткени бийлик менен “каралар” аралашып кеткен. Революцияда булардын кандай күчкө ээ экенин, армиясын көрдүңөр. Ошол эле учурда бийликтен кеткенден кийин булар менен эсептешүү коркунучу бар. Коррупция күч болгон өлкөлөрдө мындай көрүнүш улана берет. Кримтөбөлдөр үчүн абактан чыгуу маселе эмес. Эл көзүнө кирип-чыга берет”.

Кыргызстандын абактарын "криминал жана акча башкарып калды" деген пикирин 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев да билдирди. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда ал түрмөлөрдү "толук бойдон радикалдуу түрдө реформалоо керектигин" белгилеп, абактардагы миңдеген адамдын абалын "кыйноо" деп мүнөздөдү.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Түрмөлөрдү криминал башкарат. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жуунат. Үйүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Жуунганды айтып жатышат "100 сом берсең ысык суу берет, болбосо, муздак суу берип коет же суу бербей коюшу мүмкүн" деп. Кыйноо да мунун баары. Ким каерге жайгашышы керек, ошонун баарын криминал чечип жатат. Акчанын баарын ошолор алып жатат. Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Ушуну кантип көрбөйсүңөр?".

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG