Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Депутат катышкан мушташ боюнча эки адам кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Бишкекте ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашкан мушташ боюнча 13-мартта эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 12-мартка караган түнү болгон окуядан кийин жаракат алып Улуттук госпиталга түшкөн адам милицияга арыз жазган. Жыйынтыгында 34 жана 35 жаштагы эки киши кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

12-мартта социалдык тармактарда депутат Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун маалымдаган. Ресторанда күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-мартта окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. Өзү окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG