Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди


Кыргызстандагы "Сонун" кайра иштетүүчү ишканасынын азыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы "Сонун" кайра иштетүүчү ишканасынын азыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ири шаарлардагы соода түйүндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди. Буга "Ички соода жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы негиз бергенин Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы маалымдады. 15-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр үчүн соода түйүнүнө бонус катары төлөнчү акы жокко чыгарылды. Калган товарлар үчүн 5% чек коюлду. Мурда 15% болчу.

Ассоциация тараткан маалыматта жазылгандай, мурда өндүрүшчүлөр соода түйүндөрүнө бонус жана башка төлөмдөр үчүн миллиондогон сомдорду төлөп келишкен.

"Бул маселени чечүү үчүн көп жолку аракеттер натыйжасыз калып келген. Бул биздин ассоциациянын "Ички соода жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргоо максатындагы бир жарым жылдык аракетинин натыйжасы. Эми бул мыйзамга ылайык, өндүрүштүн өнүгүүсүнө, сапаттуу азыктарды жана товарларды чыгаруусуна чоң өбөлгө түзүлдү " деп жазылган.

Маалыматта ошондой эле "Глобус", "Народный" жана "Фрунзе" ири соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргөнү белгиленген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG