Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

АКШ Путиндин Беларуска өзөктүк курал жайгаштыруу тууралуу билдирүүсүнө жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Орус президенти Владимир Путиндин Беларуска өзөктүк курал жайгаштырары тууралуу билдирүүсүнө тынчсызданбайт. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Ведант Пател CNN телеканалына билдирип, мекеме кырдаалга көз салууну уланта берерин айтты.

Бирок Мамдепартамент Орусиянын Украинада өзөктүк курал колдонуу жышаанын көрбөгөнүн, өзүнүн өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка өткөрүүгө негиз жок деп эсептей турганын кошумчалады.

АКШнын согушту изилдөө институту (ISW) Путиндин маегин "кезектеги маалымат операциясы" деп атады. Институттун эксперттери Путин Украинанын батыштагы союздаштарын коркутуу үчүн Орусиянын коргоо-өнөр жай комплексин мобилизациялоо мүмкүнчүлүгүн ашыра баалап жатат деп эсептешет.

ISW Путиндин жылына 1600 танк чыгаруу максаты өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүнө дал келбесин, ошондой эле ал согуш талаасындагы жоготууларды эске алгысы келбей жатканын белгилөөдө. Маалыматта Орусиядагы жалгыз танк чыгаруучу "Уралвагонзавод" айына 20 гана танк чыгарары жазылган.

25-мартта "Россия-24" каналы президент Путиндин маегин көрсөттү. Путин Москва Беларуска жогорку тактыктагы өзөктүк куралын жайгаштыра турганын жарыялады. Анын айтымында, 1-июлда Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоочу жайдын курулушу аяктайт. Мындан тышкары Орусия коңшусуна мындай куралды алып жүрүүчү "Искандер" комплексин берген.

Путин Александр Лукашенко бул куралды өз өлкөсүнө жайгаштырууну узак убакыттан бери суранып келгенин кошумчалады. Орус президенти ошондой эле курал-жарак өндүрүшүн Украинага караганда үч эсе көбөйтүүгө даяр экенин, бул өлкөнүн экономикасына эч кандай терс таасир тийгизе албасын да билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG