Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы опузалоого шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. шаардагы укалоочу салондордун ээлеринен опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар ич ара сүйлөшүп алып, Бишкектеги укалоочу салондордун ээлеринен мыйзамсыз акча алып туруу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Ага ылайык, аталган кызматкерлер борбор калаанын массаж салондоруна негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн жана ээлеринен "калкалоо үчүн" ай сайын 500-1000 долларга чейин акы алып турушкан.

"РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы массаж салондорунун ээлери менен өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон. Салон ээлери баш тарткан учурда, рейддик иш-чаралардын негизинде камакка алынышы ыктымал деп коркутушкан", деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милиционерлер акчаны алуу үчүн бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башка түрдүү ыкмаларды колдонушкан.

Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызмат алардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер болсо кайрылууга чакырды, маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берилерин билдирүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG