Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Бишкекте майыптыгы бар адамды түртүп, өлүмгө дуушар кылган шектүү кармалды


Шектүү майып арабадагы адамды түртүп жиберген учуру. Милиция таап, тараткан видеодон алынган сүрөт.
Шектүү майып арабадагы адамды түртүп жиберген учуру. Милиция таап, тараткан видеодон алынган сүрөт.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери майып арабадагы адамды түртүп жиберген адамды кармашты. Бул тууралуу борбордун милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-мартта шаардык милициянын “102” кызматына Бишкек шаардык төртүнчү оорукананын реанимация бөлүмүнө чалуу түшкөн. Дарыгерлер 1988-жылы туулган, омурткасы сынып бейтапканага түшкөн Д.М аттуу жаран каза болгонун кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Бишкектин Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барган. Иликтөө учурунда каза болгон жаран 21-мартта Рыскулов көчөсү менен Завод конушу көчөлөрүнүн (Заводской Поселок) кесилишиндеги дарыянын жээгинде майып арабада жыгылып жаткан жеринен табылганы аныкталган. Кийин аныкталган видеодо көрүнүп тургандай, аны башка бир адам түртүп жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Бул ишке шектүү катары 1983-жылы туулган С.Ы. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG