Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш аяктады


Кожомкул атындагы спорт ордосу. 25-март, 2023-жыл.
Кожомкул атындагы спорт ордосу. 25-март, 2023-жыл.

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши аяктады.

21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышты. 25-марттагы финалдын жыйынтыгында төмөндөгү спортчулар чемпион аталды.

48 кг - Йаухени Кармельчук, Беларус

51 кг - Кенже Муратулы, Казакстан

54 кг - Санжар Сейдакматов, Кыргызстан

57 кг - Ислам Төрөбаев, Кыргызстан

60 кг - Миркомил Саитохунов, Өзбекстан

63.5 кг - Жантөрө Ташиев, Кыргызстан

67 кг - Жавлонбек Юлдошев, Өзбекстан

71 кг - Элдар Турдубаев, Кыргызстан

75 кг - Данияр Дамирдин уулу, Кыргызстан

80 кг - Алексей Альферов, Беларус

86 кг - Эркин Адылбек уулу, Кыргызстан

92 кг - Владислав Смяхликов, Беларус

+92 кг - Бекнур Кхали, Монголия

Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң доллар. Байге фондун Эл аралык бокс федерациясынын президенти (IBA) Умар Кремлев каржылаган. Мушкерлер 1-орун үчүн 1400 доллар, 2-орун үчүн 700 доллар, 3-4-орун үчүн 500 доллар акчалай сыйлык алышты.

Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл 45-жолу өткөрүлүп жатат.

Дүйшөнкул Шопоков 1915-жылы 19-майда Чүй облусунун Шалта айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Дүйшөнкул Шопоков майданга аттанып, 316-аткычтар дивизиясына кабыл алынган. 28 панфиловчунун катарында Волоколамск районунун аймагында Москваны коргогон. 1941-жылы 16-ноябрда Дубосеково кесилишиндеги кармашта курман болгон. 1942-жылы Дүйшөнкул Шопоковго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG