Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат


Көркөм гимнастика жана эстетикалык тайпалык гимнастика боюнча “Келечек-2023” аталышындагы эл аралык мелдештин ачылыш аземи. Бишкек, 25-март,
Көркөм гимнастика жана эстетикалык тайпалык гимнастика боюнча “Келечек-2023” аталышындагы эл аралык мелдештин ачылыш аземи. Бишкек, 25-март,

Бишкекте көркөм гимнастика жана эстетикалык тайпалык гимнастика боюнча “Келечек-2023” аталышындагы эл аралык мелдеш өтүүдө.

Мелдештин башкы калысы Анастасия Помещикова “Азаттыкка” билдиргендей, ага Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан жана Казакстандан келген 600гө жакын, 3,5 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар катышууда.

Турнир 24-мартта Бишкектеги “Гарвард эл аралык мектебинин” спорт залында башталып, 25-26-март күндөрү “Газпром - балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексинде уланууда.

Катышуучулар ээлеген орундарына жараша диплом, медаль жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.

Мелдештин ачылыш аземи бүгүн, 25-мартта өтүп, спортчулардын салтанаттуу жүрүшү менен коштолду. Ачылыш аземге Кыргызстандын көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова спортчуларга ийгилик каалап, көркөм гимнастикадан Кыргызстандын спорт чеберлигине талапкер наамын алган Амира Юсупхановага күбөлүк тапшырды.

“Келечек” аталышындагы көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеш жыл сайын жазында өтүп келет. Спорттун бул түрүнөн Кыргызстанда жыл башында өткөн алгачкы мелдеш. Быйылкы турнирди Кыргызстандын көркөм гимнастика жана эстетикалык тайпалык гимнастика федерациялары биргеликте уюштурган. Бул сапар ири спорттук иш-чараны өткөрүүгө жогоруда аталган федерациянын мүчөлөрү, машыктыруучулар Анастасия Помещикова жана Ольга Саликова жооптуу болушту. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG