Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

Дзюдо: Кубанычбек Айбек уулу чоң шлемдер мелдешинде алтын байге утту


Айбек Кубанычбек уулу.
Айбек Кубанычбек уулу.

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өтүп жаткан дзюдо боюнча Tbilisi Grand Slam мелдешинде алтын байге утуп, чоң шлемдер мелдешин жеңген алгачкы кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

Айбек уулу 24-мартта 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан. Дзюдочу мелдешти 1/16 финалдан баштап, жалпы беш беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттештеринде кубалык, бразилиялык, грузиялык спортчуларды катары менен жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште ал дагы бир грузиялык спортчу Важа Маргвелашвили жеңди. Алтын байге үчүн беттеште Кубанычбек Айбек уулу монголиялык дзюдочу Басхуу Йондонперенлейди мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Кубанычбек Айбек уулу 22 жашта. 2019-жылы дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, 2021-жылы дал ушул мелдеште коло байгенин жана Азия кубогунун күмүш медалдарынын ээси болгон.

Тбилисидеги 24-мартта башталган Чоң шлем мелдеши 26-мартка чейин уланат. Турнирге 61 өлкөнүн дзюдочулары катышууда.

Чоң шлем турнири дзюдо боюнча дүйнөдөгү эң престиждүү мелдештердин бири жана Олимпиада, дүйнө чемпионаттарынан кийинки орунда турат.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG