Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

АКШ президенти Жо Байден Канадага эки күндүк сапар менен барды


Байден жана Трюдо.
Байден жана Трюдо.

АКШ президенти Жо Байден эки күндүк сапар менен Канадага барды. Ал Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен миграция, Украинага жардам, коопсуздук жана энергетика маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Байден жана АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Трюдо жана анын жубайы менен Ридо коттежинде 24-мартта жолугушту. Reuters агенттиги жазгандай, АКШ менен Канада мигранттардын кургактагы чек арадан мыйзамсыз киришин токтотуу боюнча макулдашууга жетишти.

Бир ай мурда Канада АКШдан орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплексин сатып алып, Украинага бере турганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG