Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга 13 млн. сом бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүнөт. Каражат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Мурас” фондунун эсебине жакын арада которуларын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн каражат бөлүү өтүнүчү менен президент Жапаровго кат жазган.


2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери кытай архивдеринен кыргыздын байыркы тарыхына таандык материалдар табылгандыгын, жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кыргыз мамлекети болгону тууралуу Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

Буга чейин тарыхчы, публицист Молдокасымов тарыхый документтерди которууга каражат зарылдыгын бир нече жолу жазган. Кийин "карт тарыхты изилдөө үчүн каражат бөлүнбөгөндөн улам өзүнүн багын сатууга койгонун" дагы жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG