Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Украина оор жарадар болгон туткундарды Орусияга өткөрүп берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украина оор жарадар болгон туткундарды Орусияга өткөрүп берди. Бул тууралуу Согуш туткундары боюнча координациялык штаб билдирди. Маалыматта алар эл аралык милдеттемелердин алкагында мекенине өткөрүлгөнү айтылат.

"Кеп согуш туткундарын алмашуу жөнүндө эмес, репатриация жөнүндө болуп жатат. Эл аралык гуманитардык укукта оор жарадар болгон туткундарды эч кандай шартсыз кайтарып берүү каралган", - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок канча туткун Москвага өткөрүлгөнү белгисиз. Орусиянын бийлиги буга комментарий бере элек.

7-мартта Украина менен Орусия туткундарды кезектеги жолу айырбаштаганда 130 украин жоокери, 90 орус жоокери мекенине кайткан. Февралда эки өлкө 101ден туткунду алмашкан.

Орусия басып киргенден бери Украина 1993 жаранын туткундан бошотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG