Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Бишкекте ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабаралды. Маалыматка караганда, райондун акимдери мечиттердин имамдары, ири кафе, ресторан, тойканалардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушууда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө кардарларга үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, диний ырым-жырымдарды өткөрүү, орозо учурунда кечки тамактанууларда ашыкча ысырапкорчулук жана ашыкча каражат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.

Былдын февралда президент “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Ага улай президент бул жарлык боюнча Фейсбук баракчасында комментарий жазып, "өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын" эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG