Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

25-мартта күн ачык болот


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

24-27-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

25-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 19…21° градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG