Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Москвада төрт кыргыз жараны мекендешинин өлүмүнө шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада төрт кыргызстандык жаран мекендешинин өлүмүнө шектелип кармалганын 24-мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, маркум Чүй облусунун Сокулук районунда туулган 18 жаштагы жигит болгону аныкталды.

Окуя 22-мартта Москванын Павшино кичи районунда болгон, жергиликтүү полиция бөлүмүнө көчөдө эки киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери барганда ал жерде жаткандардын экөө тең бычакталганын, бири жан бергенин аныкташкан, экинчиси (19 жашта) ооруканага жеткирилген.

Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козгоп, кыргыз милициясынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен бирдикте 20 жана 21 жаштагы төрт кыргызстандыкты кармады.

“Алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт”, - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Орусияда эки миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурганын быйыл 12-январда ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирген. Депутат алардын 1001и Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөлөрүндө отурушканын, андан сырткары кылмыш иши козголуп, каралып жаткандар да бар экенин былтыркы жылдын үчүнчү кварталындагы расмий маалыматка таянып айткан. Анын белгилешинче, кеп баш-аягы 5 миңдей кыргыз жараны тууралуу болууда.

Расмий эсепте 7 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG