Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Илья Варламов менен Павел Чиков "чет элдик агенттердин" тизмесине кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен “Агора” эл аралык укук коргоо тобунун башчысы Павел Чиковду “чет элдик агент” деп жарыялады. Реестрге ЛГБТ топторуна таандык "Парни Плюс/Парни+" сайты, “Воля” партиясынын жана “Путь к солнцу” оккультизм борборунун башчысы Светлана Лада-Русь, “Дождь” телеканалынын журналисти Богдан Бакалейко, саясат таануучу Руслан Айсин да кирген.

Юстиция министрлиги Варламов менен Чиковду “мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө так эмес маалыматтарды тараткан” деп эсептейт. Мекеме ошондой эле Варламовдун “чет элдик булактардан колдоо” алганын, Чиковду болсо "чет элдик агенттер тууралуу маалыматтарды даярдап, аны тараткан" деп айтууда.

"Парни Плюс/Парни+" сайтынын “чет элдик агенттердин” катарына кошулушуна “мамлекеттик саясатка каршы келген ЛГБТ топторун пропагандалоону” жана “чет элдик агенттердин” материалдарын таратуу негиз келтирилген. Ал эми Светлана Лада-Русь боюнча “азыркы бийликке каршы күрөшүүгө чакырык жасаган, Украинадагы согушка каршы чыккан, согушка жана мамлекеттик кызматка карата терс маанай жараткан” деп жазылган.

Руслан Айсиндин тизмеге киришине министрлик “мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө так эмес маалыматтарды таратканын” жана Украинадагы согушка каршы пикирин билдиргенин негиз келтирген.

Богдан Бакалейко болсо “чет элдик агенттер даярдаган материалдарды жана билдирүүлөрдү тараткан”, “мамлекеттик бийликтин иши боюнча терс маалыматтарды тараткан” жана Украинадагы согушка каршы көз карашын билдирген.

Юстиция министрлигинин "чет элдик агент" тизмесине жүздөгөн адам киргизилген. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бар.

Чет элдик агент деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана жалпыга жазгандары боюнча отчет берип турууга тийиш. Болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG