Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Сот активист Айжан Мырсанды күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды


Айжан Мырсалиева.
Айжан Мырсалиева.

Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиеваны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 23-мартта билдирди.

Мырсалиева бул чечимди саясий буйрук деп атап, Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын "Азаттыкка" билдирди.

Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция буга интернеттеги мониторингдин алкагында былтыр 16-мартта Тик-Ток социалдык тармагындагы @rinat_usupbaev деген аккаунтта жарыяланган Айжан Мырсалиеванын видеосу себеп болгонун айткан. Анын сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу болгону жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экени белгиленген.

Былтыр 23-июлда Айжан Мырсалиева жактоочусунун коштоосунда тергөө кызматына барып, ага байланыштуу иш-аракеттерге катышып кеткен.

Мырсалиева Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG