Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Мэрия окуучулар арасында "ЧВК Редан" тууралуу маалымат жайылып жатканын эскертти


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек мэриясы 23-мартта окуучулардын ата-энелерине кайрылып, "ЧВК Редан" кыймылы тууралуу маалымат жайылып жатканын эскертти. Мындан улам калаа бийлиги балдардын мектептен тышкаркы коопсуздугун көзөмөлдөөнү өтүндү. Зарыл болгон учурда тиешелүү мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата-энелик көзөмөлдү уюштурууну сунуштоодо.

"Кыймыл тууралуу маалымат жайылып жатканы өспүрүм- окуучулардын жаңжалына алып келиши мүмкүн", - деп жазылган мэриянын маалыматында.

Калаа бийлиги укук коргоо органдары төртүнчү чейректен баштап жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекциялык иш-чаралар башталарын билдирди.

"ЧВК Редан" 14-16 жаштагы аниме сүйүүчү өспүрүмдөрдүн онлайн бирикмеси. Өздөрүн "реданчылар" деп эсептеген өспүрүмдөр 12 буттуу жөргөмүштүн сүрөтү түшүрүлгөн же "4" саны жазылган кийимдерди кийип жүрүшөт. Алар Жапониянын Hunter x Hunter анимесинин фанаттары. Мындай кийимди анимедеги башкы Хисока аттуу эң күчтүү согушкерлердин бири кийет.

Өспүрүмдөр өздөрүнүн социалдык медиа топторунда алардын коомчулугу терроризмди, өзүн-өзү өлтүрүүнү, өзүнө зыян келтирүүнү, баңгизатты, зордук-зомбулукту жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерди пропагандалабайт деп ырасташат.

Февраль айында Орусияда дагы жапырт мушташка катышкан өспүрүмдөрдү кармоо башталган. Алар "ЧВК Редан" деген кыймылга байланышы бар деп шектелүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG