Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Транспорт министрлиги жол оңдоого жаңы техникаларды сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган 669 даана жаңы техникаларды сатып алат. Жабдуулар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынарын аталган министрлик 23-мартта кабарлады. Өткөн жылы 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпысынан 2 млн. 353 миң доллар каражат бөлүнгөн.

2015-2023-жылдар аралыгында алынган техникалардын көрсөткүчтөрү:

  • 2015-жылы Жапония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген.
  • 2016-2017-жылдары көзгө көрүнөрлүк техника сатылып алынган эмес.
  • 2018-жылы жапониялык компания JICA тарабынан гранттык негизде ИСУЗУ базасында 6 автоустакана бөлүнүп берилген.
  • 2019-жылы 46 техника кредитке алынган.
  • 2020-жылы техника алынган эмес.
  • 2021-жылы аз санда гана техника алынган.

Кыргызстан эгемен тарыхында жол куруу долбоорлоруна сырттан жалпысынан 2 миллиард 571 миллион 391 миң доллар алган. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаевдин билдиришинче, анын басымдуу бөлүгү насыя болуп саналат. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 27-февралдагы жыйынында көтөрүлгөн.

"Азаттык" Кыргызстанда жол куруудагы коррупцияга байланыштуу бир канча иликтөөлөрдү жарыялаган. Мурдагы транспорт министрлери баштаган бир катар аткаминерлер паракорчукка шек саналып кармалып, соттолгон учурлар болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG