Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Мелис Тургунбаев министр кызматына дайындалды


Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 23-мартта кабарлады.

Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында министрлик кызматка Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдогон.

15-мартта Динара Кутманова кызматтан алынып, анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Кутманова кызматтан алынышын "өзүнүн коррупцияга каршы күрөшү кимдир бирөөгө жакпай калганы" менен байланыштырган.

Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышынан улам Кутманованын дарегине көп сын айтылган. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген.

1982-жылы туулган Тургунбаев экономика илимдеринин доктору. Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис.

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында иштеген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB Банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG