Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

АКШ аскерлеринин Ооганстандан чегиниши тууралуу баяндама эмки айда жарыяланат


АКШ аскерлери Баграм базасында. Архивдик сүрөт
АКШ аскерлери Баграм базасында. Архивдик сүрөт

АКШ аскерлеринин Ооганстандан башаламан чегинүүсү тууралуу көптөн бери күтүлүп жаткан баяндама эмки айда жарыяланат. Бул тууралуу Вашингтон администрациясы 22-мартта билдирди. Документте 2021-жылы аскерлерди чыгаруу жараянында кетирилген каталарга баа берилмекчи. Контингенттин чыгып кеткени ооган өкмөтү кулап, “Талибан” кыймылынын бийликке кайтып келүүсүнө өбөлгө түзүлгөн. АКШ президенти Жо Байден аскерлерди чыгаруунун “ар бир өнүтүн” текшерүү көрсөтмөсүн берген. Баяндама былтыр августта жарыяланмак, бирок тийиштүү мекемелер ишин улантып жаткандыктан, кийинкиге калган.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирбинин айтымында, президенттин администрациясы отчеттун купуя маалыматтар камтылган бөлүктөрү менен Конгресстин тиешелүү комитеттерине бөлүшөт.

2021-жылдын 15-августунда талибдер Кабулга кирип келгенде Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү дээрлик каршылык көрсөткөн эмес. Кошмо Штаттар менен Батыштагы өнөктөштөрү өз жарандарын жана аларга көмөктөшкөн оогандарды шашылыш эвакуациялоого киришкен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен.

30-августта америкалык аскерлер 20 жылдан кийин ооган жергесинен толугу менен чыгарылган.

Катаң саясат жүргүзүп келаткан "Талибан" кыймылынын бийлигин дүйнө мамлекеттери тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG