Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Бишкек шаардык соту Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын 23-мартта карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Октябрь райондук соту аны 10-майга чейин камоо тууралуу чечим чыгарган. Сотко журналисттер эч себепсиз киргизилген жок.

Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирген. Ачкачылык акциясын жолдошу үй камагына чыгарылбай, ага дарыланууга шарт түзүлбөй жатканы менен байланыштырган.

Ал 23-мартта ачкачылык акциясын алты күндөн кийин токтотконун айтты: "Менин балдарым бар, ачкачылык кармаганымдан пайда чыккан жок. Жолдошум күнөөсүз отурат", - деди ал.

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу айыпталып, камалган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы прокуратура ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган.

Ал эми ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилген. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG