Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Баткен: Кылмышты жашырууга шектүү төрт милиционерге иш козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Баткен облусунда кылмыш фактысын каттоого албай койгон деген негизде милиция кызматкерлерине иш козголгонун 23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу” беренеси боюнча кылмыш иштери Баткен районунда үч милиционерге козголуп, сотко жөнөтүлдү, Кадамжай районунда бир участкалык инспекторго козголду.

Баткен районундагы окуя былтыр август айында болгону, ижарага кафе алып иштеткен адам уурулар кайрымдуулук кутучасындагы акчаны жана 5,4 миң сомдук суусундуктарды көтөрүп кетишкенин айтып милицияга кайрылса алар фактыны каттоого албай коюшканы, ал эми Кадамжайда инспектор телефон уурдалганын жашырып койгону маалымдалды.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG