Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

Назгүл Осмонова: Феникстей кайра жаралып учам деп ойлойм


Назгүл Осмонова.
Назгүл Осмонова.

Кыргыз адабий айдыңында көркөм чыгармаларды кыргыз тилине оодарган аял котормочулар сейрек. Жакында эле кыргыз окурмандары үчүн Рюноскэ Акутагава, Гарсиа Маркес, Иван Бунин, Лао Ма ​сыяктуу дүйнөлүк классик жазуучулардын чыгармалары акын Назгүл Осмонованын котормосунда китеп болуп чыкты. Андан тышкары психология, саясат багытындагы бир топ эмгектерди да которгон.

Чоң эмгектерди которуу түйшүгү жана адабияттын азыркы доордогу ролу кандай? Акын жана котормочу Назгүл Осмонова менен ушул темада маек курдук.

- Назгүл айым, сизди адабий чөйрөдө көптөр акын катары тааныйт. Бирок соңку жылдары котормо жаатына ооп кеттиңиз. Болгондо да дүйнөлүк адабияттын дөө-шааларын кыргызча оодарып жүрөсүз. Демек, классикага айланган чыгармаларга талап бар деп эсептесек болобу?

- Көркөм адабият көп которулбайт. Басма үйлөрү менен иштешем го, алар да кайсы китептерди которуш керек деп кеңеш сурашат. Көркөм адабият десең, азыр анын доору эмес окшойт. Экономикалык өнүгүү, мамлекеттин өнүгүшү, каржы ж.б. боюнча китептер көп өтөт дешет.

Котормого кокусунан эле келип калган эмесмин. Отуз жылдай убакыттан бери которуп келем. Биринчи жолу америкалык жазуучу, психолог десек да болот, өзүн-өзү өнүктүрүү жаатында иштеген Карлос Кастенаданын чыгармаларын которуп көргөм. Анын китептери абдан жаккан. Бирок маанисин эми гана тереңирээк түшүнүп жатам.

Кастанеда адамдын бул дүйнөдөгү миссиясы жөнүндө жазган. Ар бир адам алдына максат коёт, ошого жетейин деп умтулат эмеспи. Ал кезде биз да жаш, көздөгөн максаттарыбыз чоң эле. Күчтүү акын болууну тилечүмүн. Боло алдымбы же боло элекминби, айта албайм. Бул максаттын өзөгүндө адам болсом деген мүдөөм бар эле.

Адамдык касиеттеримди жоготпой, замандын ар кандай сыноолорунан да абийиримди таза бойдон алып өтүшүм керек деген максаттарым болгон экен азыр ойлосом.

Акутагаванын сыйкыры

- Мындан он жылдай мурда болсо керек жапон жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын сиз которгон “Мандариндер” аңгемесин окудум эле. Андан кийин дагы бир топ чыгармасын кыргызчалапсыз. Жакында эле бул автордун "Нанкиндик Христос" деген аңгемесинин аталышы менен котормолор жыйнагыңыз жарык көрдү...

- Жапон адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлү, өмүрү абдан кыска (жашы кыркка жетпей өтүп кеткен) болсо да, дүйнөлүк шедеврлерди жаратып кеткен жазуучу – Акутагава. Менин сүйүктүү авторлорумдун бири. “Жөргөмүштүн желеси”, “Сыйкырдын керемети” деген чыгармаларын студент кезимде которгон экем.

“Нанкиндик Христосту” которуп калышыма “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыровдун сунушу себепкер болгон. Жумадин Кадыров менен адабияттагы тагдырыбыз, чыгармачыл жолубуз байланыштырып турду. Ал басмакана ачканда менин “Күн түнөгөн жүрөк” деген алгачкы ыр жыйнагым биринчи китеп болуп чыккан.


“Мандариндерди” кийин котордум. Бул азыркы биздин заманга үндөшүп турган чыгарма. Азыр өспүрүм кыздарды ата-энелер "инилериңди, сиңдилериңди бак" деп миграцияга жиберип жатпайбы эч уялбай, коркпой эле. Мен ал китепти окуган кезде заман башка эле. Капиталисттик өлкөлөрдө эле ушундай болот турбайбы деп өзүбүзгө такыр жуутпаган окшойм. Азыр бизде да ошондой болуп калды да.

- Бул чакан чыгарма сизге жаштыгына карабай чоң жоопкерчиликти моюнга алган кыз аркылуу боорукерлик, мээримди чагылдырганы үчүн жакса керек?

- Ооба, поездде бараткан баш каарманды жазуучунун өзү деп ойлойм. Маңдайында отурган жупуну кийимчен, бети туурулган кыздын келбети ага өөн учурайт. Туннелге киргенде кыз поезддин терезесин ачып жиберет да. Чыйрыгып турган баш каарман купеге шамал урганда кызды ого бетер жаман көрөт. Бирок терезени карап, кичинекей үч бала колун булгалап турганын байкайт. Көрсө, алар кыздын инилери экен, ошолорду багуу үчүн кыз алыс жолго чыгыптыр. Анан кыз колундагы түйүнчөктөн мандариндерди алып, терезеден инилерине ыргытат. Элестетип көргөн кишиге зээнди кейиткен абал. Ошондо аңгемечинин кызга болгон мамилеси жумшарып, такыр башка көз менен карап жатпайбы.

- Акутагаваны которуш үчүн жапон маданияты, тили менен тааныша алдыңызбы?

- Төлөгөн Касымбековдун небереси Адил Касымбеков Жапонияда жашайт. Байланышып турабыз. Андан жапон тилин үйрөнүү оңойбу же кыйынбы деп сураганымда, англис тилине салыштырмалуу жеңил, кыйла жөнөкөй кыргыз тилине үндөшүп кетет деп айтты эле. Бирок мен үйрөнө албадым. Үйрөнсөм жакшы болмок. Орус элинде котормо мектеби мыкты эмеспи. Орусча чыккан мыкты чыгармаларды тандап эле которуп жатам азырынча. Бирок жапон маданиятына аябай кызыгам, алардын тарыхын бүт окуп чыктым.

"Эне тилге мамиле жакшырмайын котормо оңолбойт"

- Көп эмгектер орус тилинен которулуп, бизге, кыргыз окурмандарына ортомчу тил аркылуу жетип жатат. Дегеним, котормонун мааниси жоголуп, бурмаланып калбайбы?

- Бир тилден экинчи тилге которулганда эле көп нерсе жоголот. Автордун көркөм табылгалары, сөз байлыгы түп нускадагыдай болбойт. Муну иликтеп көрүшкөн. Көркөмдүк деңгээли төмөндөп, автордун айтайын деген ойлору өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мисалы, Маркес испан тилинде жазган, андан орус тилине которулганда жыйырма пайызга көркөмдүгү жоголсо, орусчадан кыргыз тилине оодарганда дагы ошончо жоголушу мүмкүн. Бирок кеп анда эмес.

Чыгарманы түшүнүп окуп, туура которуу керек. Азыр колунан келсе-келбесе да мен котором деп кирише берет. Чыгарманы өзү түшүнбөгөн котормочу окурманга эмнени жеткирет? Эгер өзөгүн жетик түшүнсө, түп нусканын тилин билүү өтө зарыл эмес деп ойлойм.

- Котормочулар бири-бирин көп сындашат. Бул боло берчү нерсе бирок, котормо өнөрүн жолго коюу үчүн кандай иштерди кылса деп ойлойсуз? Сиз эми аралашып жүрөсүз да бул тармакка...

- Өткөндө жаштар менен жолугушканда бирөө "которулган китептерди көп окудум, башынан баштап аягына чейин толук окуп чыгам, бирок тилине такыр түшүнбөйм" деп собол узатты.

Ачыгын айтуу керек, кыргыз тили аянычтуу абалда, ага такыр көңүл бурулбай келет. Мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде жазылсын деп көп жылдар мурда айтылганы менен эмдигиче иш жыла элек. Ошондуктан ал суроого жооп бериш абдан кыйын болду.

Экинчиден, котормого даярдыгы жоктор аралашканда да чалагайым иштер болот. Акча табайын деп колунан келбесе да уруна бергендер бар. Начар котормолор ошон үчүн көп.

Жакшы котормолор да бар. Азыр менчик басмалар көбөйдү. Аларды ачкан Кыргызстанды өнүктүрсөк деген тил билген, билимдүү, чыгармаларды түп нускасынан котортуп жаткан жаштар экенин көрүп абдан сүйүнөм. Жакынкы мезгилде котормонун сапаты да жогорулайт деп ойлойм.

- Баса, заманбап дүйнөдө аял жазуучулар, акындар көп. Бирок эмнегедир Кыргызстанда эркек авторлордун чыгармалары көп которулат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Абдан жакшы байкапсың. Мен да эмне үчүн аял авторлордун чыгармалары которулбай жатат деп таң калам. Мен өзүм Франсуаза Сагандын “Салам сага, капалык” деген чыгармасын которгум келип жүрөт. Аябай сонун китеп. Жалаң эле сүйүү жөнүндө. Жаш кыздын махабаты, бир караганда жеңил-желпидей көрүнөт, бирок аябай белгилүү роман.

Аял өзү татаал жан да, аялдардын чыгармаларын которуу татаалыраак болсо керек.

Конфуций менен Карнегинин насааты

- Сиз кытай ойчулу, даанышманы Конфуцийдин эмгегин да кыргызчага котордуңуз эле. Жакында америкалык психолог Дейл Карнегинин китебин кыргызчаладыңыз.

- Конфуций боюнча тактап коёюн. “Чыгыш адабияты жана искусствосу” деген басма компанияда төрт жыл иштедим. Ошондо негизинен бүт эле кытай адабиятын котордук. Көп китептерди котордук. Си Цзинпиндин, кытай жазуучуларынын китептерин котордук. Көбүнчө көркөм адабият эмес, саясий, экономикалык багыттагы, кытай маданияты боюнча эмгектер болчу.

Ошондо Конфуцийди биздин компанияда иштеген Гулина деген жаш кыз которгон. Жаштар кытай тилин билгени менен жазганга шыгы жок - өздөрү аңгеме же ыр жазып жүрбөсө, кантсин? Мен редактор болдум. Кытай тилинен которуп жатса да маанисин бузуп салгандай сезилди. Анан орус тилдегисине карап, дээрлик бүт бойдон кайра которуп чыкканга туура келди. Чындыкты айтыш керек.

Бул Конфуцийдин “Ойлор жана маектер” деген эң мыкты китеби эле. Анда Конфуцийдин эң маанилүү учкул сөздөрү иргелип берилген.

- Илимий, саясий мааниси бар китеп менен көркөм адабиятты которууда айырмачылык, кыйынчылыктар болсо керек?

- Мен өзүм чыгармачылык менен алектенип жүргөндүктөн, негизинен көркөм адабиятты оңой котором. Конфуций – философ да. Ал бийликте да турган, бир канча жыл башкаруу ишине катышкан. Бирок ошол кездеги системага канааттанбай, көңүлү кайт болуп, кетип калган. Ушундай жагдайларды эске алып котордук.

Дейл Карнеги болсо – дүйнөгө белгилүү психолог, тренер (азыр коуч деп жүрүшөт го), эл алдына чыгып жеткиликтүү сүйлөй билгенди, тартынбай жүргөндү, жетекчилик менен кесиптештер, дегеле бул жашоодо бардык адамдар менен кантип тил табышууну үйрөткөн. Анын китебин көп адамдар дайым колдонуп жүрөт.

Карнегинин үч китебин котордук. “Достошуу жана тил табышуу өнөрү” деген бир китеби чыкты. Жакшы пикирлерди уктум. Экинчиси – “Санаасыз жашоо өнөрү”, эми чыгат. Кантип санаага батпай жашоо керектигин түшүндүрөт.

Азыркы кезде абдан орчундуу, керектүү китеп. Муну да окурмандар жакшы күтүп алат деп ойлойм. Үчүнчүсү – “Чыр-чатактуу кырдаалдан кантип чыгуу керек?” деген китеп. Кесиптештер, башка адамдар менен чырдашпай жүрүү, чырдын алдын алуу жолдору жөнүндө. “Достошуу жана тил табышуу өнөрү” деген китеп чыккандан кийин окурмандар менен жолугушуу болуп калды.

Ошол жерден бир студент "ушул китептен алган эң баалуу үч сабагыңыз кайсылар?" деп сурап калганда Карнегинин “Биринчиси – бардык адамдар менен, ал турган душмандар менен да жакшы мамиледе бол. Экинчиси - кайсы адам менен мамиле түзгүң келсе, адегенде анын ким экенин, эмнеге кызыгарын, кандай жашап жатканын иликтеп көр. Анан биринчи эле жолугушканда сөзсүз жакшы жактарын баса белгилеп айтып кой" деген үч цитатасын мисал келтирдим.

Кемпир-Абад күйүтү

- Бирөөлөрдүн эмгегин которуп жатканда өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Мурда жазган ырларыңызды Фейсбукка жарыялап калчуңуз эле. Соңку кезде көп чыгарбай калдыңыз.

- Поэзия деген жаштык экен. Жаш кезде көп нерсеге умтулуп, өткүр болосуң. Жылдар өтүп, жаш өйдөлөгөн сайын мокоп, оюңдагыны ачык айтуудан тартынып калат экенсиң...

Поэзия менин тандап алган жолум болгондон кийин аны таштап койгон жокмун. Проза менен катар поэзияны да котором. Жапондордун кыска-нуска ырларын которуп, машыгып турам.

Өткөн жылдары Орусияда жүрүп келдим. Бизге караганда китеп дүкөндөрүнө эл көп кирет экен. Анна Ахматова, Марина Цветаева, Сергей Есенин баштаган акындар, классикага айланган чыгармалар азыр деле окумдуу дешти. Ошол жерде жүргөндө биздин акын-жазуучулар дүйнө көрүшү керек турбайбы деген ойдо калдым. Саякат такыр башка эргүү, таасир тартуулайт экен, ыр жаздым.

Баасы кымбат ушул өмүрдөн,
Анык дечи бир күн кетерим.
Жетегинде куру кыялдын,
Жыя албадым тирлик этегин.

Ак кайыңдар орус мейкинин,
Ээлеп өсөт кайгым туйбастан.
Шуудуруңар жаным алдейлеп,
Араладым улам кыйбастан,

Талыкшытып тирлик түйшүгү,
Таба албадым тирлик эсебин,
Көркүңөрдөн көздү талдырган,
Көп эргиген кайран Есенин.

Жолум түшүп орус жерине,
Кыдырамын кооз жерлерин,
Толукшуган тунук асманың,
Жибиткенсийт көңүл черлерин.

Асман көздүү кызың ажарлуу,
Буудай ыраң кербез уланың,
Ахматова жазган баяндап,
Кылым үнүн сенден угамын.

Болсо болгон чыгар бактылуу,
Жашап өткөн сенде акындар,
Алар эми сенин жүрөгүң,
Алар эми бүтпөс закымдар.
("Акындын бул ыры "Каркыра-Мезгил" жыйнагына кирген-ред.)

Чынын айтсам, котормо көп убакытты алат. Кээде ушунун ордуна өзүм ыр жазсам, кара сөз жазсам жакшы болмок деп өкүнөм. Прозалык бир чыгарманы баштап койгом. Азыркы биздин замандагы адамдардын кулк-мүнөзүн ачып бериш үчүн Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” деген китебиндей чыгарма жаратсам дейм.

Андагы баш каарман Печорин эле го. Мен жашоодогу өзүм көргөн, тааныган, жакшы билген көп адамдарды прототип кылып азыркы замандаштардын бейнелерин сүрөттөп кара сөз жазсамбы деп баштап койгом. Котормого отурган сайын ошол баштаган китебим эсиме түшө берет, аны да бүтүрүш керек деп кыйналам.

Ырларга келсек, жаш кездеги аябай ишенип, туу туткан баалуулуктар өзгөрөт экен. Жашоонун кунары качкандай. Өлкөдөгү саясий-экономикалык абал деле катуу таасир этет экен. Чынын айтсам, акыркы күндөрү көп нерселерден көңүлүм кайт болуп жүрөм.

Мерездиги жаным сыздатып,
Мезгил суудай колдон агылган.
Кечээги күн бүгүн чаң басып,
Эсебимден эбак жаңылгам,
Тагдыр жолум болуп белгисиз,
Түйшүктөрүм бүтпөйт узарып,
Ал чыйырда бакыт көрүнбөй,
Ал жолдордо жалаң кусалык.

Максаттарым чети оюлбай,
Кыялдарым киет кырмызы.
Качан жанат деги билбедим,
Бакытымдын лаал жылдызы.
Мерездиги жаным какшатып,
Мезгил кумдай колдон агылдың,
Желе басып күндү кечээги,
Эсебимден мен да жаңылдым.
("Каркыра-Мезгил" жыйнагына кирген ырлардан-ред.)

Кайра чыгармачыл жаңылануу, кайра жаралуу болот, ошого өзүмдү даярдап жатам го деп ойлоп коём. Абдан көңүл калып, жашоодон тойгон учурлар көп болот. Бирок чыгармачыл адам үчүн бул абдан жакшы болсо керек – бир күнү феникс сыяктуу кайра күлдөн тирилип учам деп ойлойм. Чыгармачыл адам өзү үчүн жашабайт экен. Дайыма эл үчүн, окурмандарым үчүн бир жакшы чыгарма жаратып койсом деп ойлонуп жүрөсүң да.

Кыйлага жашым барса да,
Күтүүдөн карек талса да,
Окшото берем өзүңдү,
Соолубас жашыл арчага.
Көрсөм да күндө өзүңдү,
Айталбай аруу сезимди,
Сагынып жашап келемин,
Толукшуп толгон кезиңди.

Мен кайың, а сен тал болуп,
Жашасак деймин, жар болуп,
Үмүтүң үз деп айтышса,
Кең дүйнөм кетээр тар болуп,
Айланып чөлдү кеземин,

Бир тамчы сууга зар болуп. ("Каркыра-Мезгил" жыйнагына кирген ырлардан-ред.)

- Кыргызстанда болуп аткан көрүнүштөр маанайыңызга, чыгармачылыңызга таасир этип жаткан тура. Бирок биздин эл баарын жакшылыкка жоруйт эмеспи?

- Өзүң билесиң, жакында эле саясатта кандай иштер болгонун. Биздин өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген учурларды баштан кечирдик. Айрыкча, Кемпир-Абад окуясында өзүмдүн туулган жерим болгону үчүн катуу оорудум. Акыркы мүнөткө чейин мындай болбойт, буга жол бербейт деп бийлик башындагыларга ишенип, үмүт кылдым эле. Тилекке каршы, болбой калды. Өзүм жакындан билген патриот жигиттердин, кыздардын кыйналганын көрүп, жүрөгүм ооруп, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Мурдагы санаага салып келген маселелер Кемпир-Абаддын жанында түккө турбай калды.

Же дүйнө ушундайбы? Мекенчилдик, эл-жерди, өлкөнү сүйүү азыр анчалык орчундуу эмеспи? Бара-бара бул сапаттар такыр эле жок болуп кетеби?..

Далай лама "Бара-бара диндер жоголуп, дүйнөдө адамзат биригет, тил да бирөө болот" деген эмеспи же ошого баратабызбы?..

Ошентсе да жакшылыктан үмүт үзбөйм, оптимисттик маанайда прогноз жасаганды жакшы көрөм. Эркин ой жүгүрткөн жаштарга ишенем. Биз советтик доордо өсүп калбадыкпы. Азыркы жаштар андай чектөөлөрдөн кутулган. Кааласа англис тилин же башка тилдерди үйрөнөт, каалаган өлкөсүнө барып жашайт. Ошол жаштар Кыргызстанды саздан сууруп чыгат деп дайым ишенем. Жаштар – жаратман күч. Болгону улуу муун аларга мүмкүнчүлүк бериши керек.

Подкастты бул жерден угуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG