Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:01

Устун басып калган аялдын өзүн кечирбеген күйөөсү


Жапон сакурасы.

Жапан адабиятынын классиги Рюноскэ Акутагаванын “Күмөн” аңгемесинин сюжеттик негизин кысталыш учурда алдастап калган адамдын өзүн-өзү соттоосу, абийир жазасы түзөт. Айласы куруп алапайын таппай турган чакта жасалган ишти жаап-жашырып коюш кыйын экен.

Бейтааныш адам

Оголе оор окуяны баяндоочуга бейтааныш адам айтып берген. Баяндоочу Огаки шаарында жүрүш-туруш маданияты жайында лекция окуганы келген. Ээн үйдө жалгыз китеп окуп отурса тиги киши кирип келип атпайбы. Жапан каадасы кылып бейтааныш адам кабат-кабат кечирим сурап башынан өткөн окуясын мугалимге айтууга өтөт. Сюжеттик фабула ушундай. Таржымалы чынында да ойлонто турган татаал окуя экен.

Жапан жазуучусунун аңгемеси оголе оор моралдык жүктү өзүнө жүктөп алган адамдын абийир сотуна арналган. Жер жарылып, зилзала жүрүп дүйнө астын-үстүн болуп жаткан алааматта анын аракети аялын сактап калыш керек эле. Кулаган үйдүн оор устундарынын арасынан колу канжалаган аялын көрүп, эмне кыларын билбей алдастап, анан сууруп чыгарууга киришкен. Болор эмес. Аялынын канга боёлгон колдорун тарткылап же анысы чыксачы, кыйналып аткан чакта алоолонгон өрттүн жалыны экөөнү каптап калды. Мындайды пенде баасынын башына салбасын, карайлап турган адам өзүн жоготуп, алдастап эмне кылганын байкабады. Кийин ошол учурду эчен ирет электен өткөрүп, өзүн-өзү соттоого киришти, кылмышын билген да, эстеген да киши жок эле. Бирок адамдык абийири уктатпай, ыгы келген да, келбеген да жерде эсине түшүп, андайда өзүн жоготуп жүрдү. Айланасындагылар анысын кайгыга басырылган адамдын жүрүм-туруму катары баалашчу.

Жакын адамын алааматка алдырып ийген бейтааныштын мугалимге кездешүүсү да кызыктай жагдайга туш келгенин айтыңыз. Мугалим уктайын деп уктай албай, колуна тийген тексттерди окуп жаткан. Ошондой сырдуу кечте келип атпайбы тигиниси. Башын ийип кечирим сурап, башчыдан уруксат алганын айтып мугалимдин алдында турду. Күүгүмдө шырп эттирбей кирип келген ач арбактай немеден биралдын чочулай түшкөн. Жашы кырктардан ашып калган, жаагы шимилген арык адам экен. Беймаалда кирип келген конокту жактырбады. Анысына карайбы бейтааныш адам өзүн тааныштырып кирди:

“- Дароо айтпаганыма кечирим сурайм, менин атым Накамура Гэндо. Сиздин лекцияларыңызга катышып жүрдүм, бирок көпчүлүктө мени байкабай деле калсаңыз керек. Лекцияларыңызды уккандан кийин, Сизге бир собол салганы келдим.

Мен ошондо гана ал мага бир иштери менен келгенин аңдадым. Бирок бул менин кечки тынчтыкта китеп окуу ыракатымдан алагды кыларын билгенде дагы кежирлигим кармады:

- Лекция боюнча сизди кайсы суроо кызыктырат? - Суроону бердим да, ал бир нерсе десе эле «Бул суроону эртең аудиторияда лекция учурунда бериңиз» - дей салып эртерээк кетирүүгө камындым. Бирок коноктун бети буга чымырап да койбостон, хакама жаап турган тизесине көзү кадалып:

- Суроо деп айтсам деле жарашпайт. Чынын айтсам менин кылган ишиме улук окутуучунун пикирин уксам дегем. Мындан жыйырма жыл илгери башымдан өткөн күтүүсүз иштен бери өзүмө-өзүм ээ боло албай келем. Сиз сыяктуу этика илиминде кадыр-барктуу окутуучунун терең теориялары менен таанышкан соң, менин Сизге келишим акыры айкын болду. Кандай дейсиз? Менин башымдан өткөн кайгылуу окуяга ортоктош боло алаар бекенсиз?”.

Эч кимди кабыл албай, бирөөлөр менен сүйлөшпөй, китебин окуп, ойго чөмүлүп отурганды жакшы көргөн окутуучунун узун сабак сөзгө кирип бейтааныш адамдын таржымалын угуп отурууга кушу да, каалоосу да жок эле. Ал эми бул кембагалга ичте кайнаган жашырын сырын кимдир бирөөгө айтышы маанилүү окшойт. Болгондо да күндөлүк жүрүм-турум маданияты жайында кеп кылган окутуучуга айткысы келген окшойт. Ичин бук кылган азабын айткысы келген адамдын көңүлүн кыя албай кандай да болсо уккусу келди. Накамуро Гэндонун тарыхын ошол кечте укту.

Алаамат

1891-жылы же жапандардын Мейдзи эсебиндеги жыйырма төртүнчү жылы Ноби түздүгүндө катуу жер титирөө болуп, көп адамдар набыт болгон, шаар-кыштактар кыйраган. Накамуро Гэндо ошол кезде Огаки шаарындагы мектепте мугалим болуп иштеп жаткан экен. Иши жакшы, айлыгы дурус, күйөөсүнүн айткан-дегенине кылайып каршы сүйлөбөгөн момун аялы бар эле. Аялы мектеп директорунун тууганы болчу, аты Саё. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда тура, октябрдын жыйырма сегизиндеги жер титирөө Накамуро Гэндонунун эси-көөнүнөн кеткис болду.

“Мен адаттагыдай кудуктун жанында тишимди жууп жаткам. Аялым ашканада казанга күрүч салып жаткан. Анан эле анын үстүнө үй дүп эте кулап түштү. Бир-эки мүнөт ичинде эле ушундай нерселер болуп кетти: жердин алды күрр дей түшүп, үй ошол замат бир жак ныптасына кынтая түшүп, андан ары үйдүн кыштары туш тарапка чачырады. Мен кыйкырганга үлгүрбөй кулап түшкөн үйдүн бастырмасына чалынып жыгылып, жакындап келген соккулардын силкинген толкунунда бир саамга дейре эсимди жоготуп жатып калыпмын.

Акырында жерден атырылып чыккан чаң тумандын арасында кулаган бастырманын астынан суурулуп чыктым да, алдымдан кынап кыштардын арасына чөп-чар өскөн өз үйүмдүн чатыры жерде талкалана чачылып жатканын көрдүм. Заматта болуп кеткен нерседен башым карайлап, алдан-күчтөн тайып, жерге бурганактаган деңизге кулагандай куладым. Оңду-солду карасам айланамда чатыры кулап түшкөн үйлөр, жер алдынан күрүлдөгөн доош чыгып, устундар тарс-турс сынып, дарактар карс эте жерге кулаганы, дүп эте дубалдар турган жеринен кулап, жанталашкан адамдардын кыйкырган, күркүрөгөн ызы-чуусу айланама толуп кетти.

Бул заматта эле болуп өттү; бир маалда карасам кулап жаткан бастырманын астынан бир нерсе кыймылдагансыды, түшүнөн чочуган немедей бир кыйкырып алдым да, ошол жакка бой таштадым. Бастырманын алдында жарымына чейин устун басып калган аялым Саё жатат. Аны колдон тартып, мүрүсүнөн түртүп кыймылдатканга аракет кылдым. Бирок устунга басылган аны ордунан түк козгой албадым. Тегеренген башым андан бетер тегеренип, айла кеткенде бастырманын тактайларын сууруп ыргыта баштадым. Ал ортодо аялыма: «Карман!» - деп кыйкырып коём. Муну менен аялыма кайрат бердимби же өзүмөбү – билбейм. Антсем курганым: «Оор болуп жатат! - деди да, анан – Кандай болсо да эптеп...!»- деп жиберди. Бирок менде кайдагы ал-күч калды дейсиң, алдастаган жаным бар күчүм менен устунду көтөрүүгө далбастадым”.

Кайдан көтөрө алсын. Ураган үйдөн өрт чыгып, коюу кара түтүн айлананы каптап, эсине келе калган Гэндо аялын сууруп чыгарууга тырмышты. Күрү-күүгө кошул-ташыл өрттүн жалыны, тарсылдаган үндөр, эмне кыларын билбей алдастаган күйөөсү, күйүп бараткан аялы, колу, бети-башы кан. Эмне дегенин, эмне кылганын билбейт. Чаң менен түтүн арасынан канга боёлгон аялынын колун кармап тарткылап атканы эсинде.

“Бир билгеним, аялым канга боёлгон колдору менен мага тырмышып, анан «Сиз…», - деп бир гана сөз айткансыды. Мен анын жүзүнө карадым. Анын ыраңы бир башкача болуп, көздөрүн алайтып карап турган эле.

Ошол замат мени түтүн гана эмес, учкун аралаш чаң чачып, алоолонгон жалын жалмай баштады. Мага «Эми баары бүттү», - деген ой келди. Аялым тирүүлөй күйүп баратат. Тирүүлөй күйүп кетеби эми? Аялымдын канга боёлгон колдорун кысып, мен дагы бирдеңке деп кыйкыргандай болдум. Мен анын жүзүнө тике карадым. Аялым дагы деле ошол «Сиз…», - деген бир сөзүн кайталады.

Бул «Сиз» деген сөздүн бир эмес жети маанисин түшүндүм окшойт ошондо! Тирүүлөйбү? Тирүүлөй күйүп кетеби эми? Мен үчүнчү жолу бир нерсе деп кыйкыргандай болдум. Ошондо мен: «Өлүп баратам», - деп жибергендей болдум. Ал дагы: «Мен да өлүп баратам», - дегенин бир билем.

Өзүм айткан нерсеге кайра өзүм түшүнбөй, жерде жаткан кыштарды ала койдум да, аялымдын башын кыш менен ургулап жанчып таштадым. Андан аркысы эмне болгонун өзүңүз деле баамдаган чыгарсыз. Өзүм жалгыз коколой башым менен тирүү калдым.

Шаарды бүт жалмаган жалындан мен жолдорду көчкүдөй басып кулаган тамдарды уюлгуган түтүндө аралап өтүп, эптеп аман калыпмын. Муну бактыга жараша дейбизби же шор бешенеме дейбизби, айтыш кыйын. Ошол кечте мектепте чогуу иштеген жоро-жолдоштор менен бирге жалындап асманга көтөрүлгөн кызарган өрттү карап турганыбыз, анан колума урап түшкөн мектептин короосунда сууга бышырылган күрүч токочторду карматышканын, мен болсом кемпирге окшоп эмшеңдеп ыйлап олтурганым күнү-күнүнкүдөй эсимде”.

Накамура Гэндонун таржымалы чынында да оор, коркунучтуу, аянычтуу экен. Экөө тең саамга унчукпай туруп калышты. Аялын акыркы сапарга узатуу зыйнатында, көңүл айтканы келгендердин алдында Накамура көз жашын көл кылып ыйлап турду. Ый аралаш алааматта аялын өлтүрүп койгону көңүлүнө тынчтык бербей улам эсине түшө берди. «Тирүүлөй куйкаланып өлгүчө, эртерээк тынып алсын бечара деген ойдо өлтүрүп салдым», - десем мени түрмөгө деле тыгып салышмак эмес, деген алдамчы ой да келди. Анысын эч кимге айта албады, айтышы да кыйын эле.

Той

Ал эми убакыт деген күтүп турбайт экен, мектепте чогуу иштегендер, айрыкча директор аны колоктоп жесил жүргөнчө үйлөп ал дегенди айта башташты. Накамура Гэндого жан тарткан директор шаардагы бай үй-бүлөнүн кызын таап коюптур. Баарылап көптөп байдын кызын, атасын көндүрүшүп, кийинки жыйырма алтынчы жылдын жай айына эки жаштын үлпөтү белгиленди.

Балээнин баары ошондон кийин башталды, Накамура Гэндонун абийири той жакындаган сайын күчөп, өзүн-өзү соттоосу, абийир азабы башталды. Мурда сыр билгизбей жүргөн мугалимге жүргөн-турган жеринин баарында анын кылмышын билип алышкансып, баарысы айыптап жатышкандай сезип, катуу чүнчүп кетти. Бир жолу дүкөндөн жер титирөө тууралуу тартылган сүрөттөрдүн арасында “устун жарымына чейин басып калган аялдын жерде карышып жаткан сүрөтү” бар экен, ошону көрүп жинди болуп кете жаздады. Гэндонун аялы окшойт, жалындаган өрттө калган аял колун сунуп турат.

Элдин баары анын кылмышын билип алышкансып, аны көрсөтүп жатышкандай бир кызык абалга туш келди. Туура, тирүү кезинде араң эле жаны бар аялын жек көрчү. Кылмышка анын өзүмчүлдүгү түрттүбү? Кез-кез: «Аялымды ошондо өлтүрүп салбасам ал күйүп деле өлмөк да. Андай болгон соң аялымды өлтүрүп салганым өтө деле мыкаачылыкка жатпайт» деген алдамчы ойго азгырылган учуру да болду.

Бир жолу мугалимдер сыра саткан дүкөндүн кожейкесин да устун басып, өрткө кабылып, бирок өлбөй жарымжан калганын укканда “менин аялым да аман калат беле” деп ойлой баштады.

Оор ойлор анын кийинки аялына үйлөнөр күнү биротоло мүлжүп, чыдамы кеткен Накамуро Гэндо тойдо кылмышын мойнуна алып, чогулган элдин алдында жарыя айтып, андан кийинкисин билбейт. Адамдар аны жинди болуп калды деп ойлошту окшойт. Накамуро Гэндо болсо ичинде кыйлага катылып жүргөн күдүк оюн ачыкка чыгарып, чындык алдында жүзү жарык “бүгүн мени жинди деп шылдыңга алгандар эртең өздөрү жиндиге айланып калышы толук мүмкүн” деп жүрөт.

Кайгылуу окуя айтылып бүткөнчө күндөлүк жүрүм-турум жайында узун сабак кеп кылганды жакшы көргөн окутуучу маңдайында отурган коногунун эмне үчүн колунун бир манжасы жок экенин батынып сурай албай отурду. Шумдуктуу конок менен угармандын ортосунда бүлбүлдөп чырак күйүп турган. Манжа жер титирөө маалында жок болсо керек, антпесе ага жазуучу мынчалык көңүл бурмак эмес.

Жапан жазуучусунун терең психологиялык аңгемесин кыргызчага Кубантай Эрназаров которгон. Рюноскэ Акутагава жапан адабиятынын таанымал классиги, жаш чагында жанын кыйган бир кыял адам болгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG