Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Туюк жол, ачылбай калган сыр


Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.
Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.

Пенде баласынын ичинде канча сыр кайнап жатканын билиш кыйын. Ошо билинбегени деле жакшы. Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Коштоочу” аңгемесиндеги негизги көркөм ой ушундай. Сыртынан баары жөнөкөйдөй көрүнгөн...

Шаардан келген өкүл

Шаардан, болгондо да “главкадан” келген жооптуу өкүлдүн алдында колхоз башкармасы өзүн ыңгайсыз сезип, актангансып отурду. Алышкан оору жабышып албаса малчылардын тоюна аны өзү ээрчитип бармак экен.

Оңойбу анан, социализм заманында малчылардын тою олуттуу иш-чаралардын катарына кирчү, башка убакта кымыз менен этке карк жайлоо ныксырап, уйку-соо ортосунда жүрсө бул күнү баарысы шаңга бөлөнүп, шаан-шөкөт жайнап кетчү.

Автодүкөндөр катар тизилип, малчылар ыстакан кагыштырып, аялдары кем-карчын алып, соода кызып, бери жакта райондук маданият үйүнүн артисттеринин үнү жаңырып, жайкалган жайлоого той түшүп калчу. Андай каадалуу иш-чарага башкарма өзү катышы керек эле. Бирок көрбөйсүңбү, качанкы канмайдандан ала келген оорусу козголуп, айласы куруп, кабинетинде оронуп-чулганып отурат.

Ал киши өзү деле көптөн күткөн малчылардын күнүн өткөрүп коюп догдурга жатууну ойлонуп жаткан. Ал “пыланы” бузулуп, түктүйүп айласын таппай отурат. Оорудум деп жатыш алыш кайда, кабинетинде баарын тескеп, баарын жайгарып жаткан кези эле.

“Элдин баарын кечээ эле жибергем. Машина менен кетишти. Кызыл-Омполду айланып. Бүгүн үйлөрүн тигип камын көрсө, эртең буюрса... Тартиптүү өтөт, ичкичтер деле тизгинин тартып калган кез азыр. Главкадан киши жок деп аттык эле, ырас келбедиңизби. Мен эми сизди ат менен жөнөтөйүн. Тезирээк жетесиңер. Мына бул эки кырды аттасаңар эле ары түшө бериште, Кан жайлоо деген жайыкта. Күүгүмдөп кирип барасыңар”.

Малчылардын тою өтчү жерге коштоп барчу баланы башкарма таап, экөөнү өзү аттантты. Тигиниси маңыроо, жоош баладай көрүндү. Башында ал балага анча деле маани берген эмес. Эми көрсө кайсы жерден болсо да тааныйт. Бир күнгө жакын ээн тоодо үзөңгү кагыштырып чогуу жол жүрүп калышпадыбы. Ошол узун жолдо бейтааныш баладан сөз чыкпады, өкүлдүн суроолоруна чолок жооп кайтарып, кайсы бир чалкеш суроонун жандырмагын таба албай, өзүнөн-өзү кыйналып келаткандай көрүндү.

Нарын облусу. Иллюстрация сүрөт.
Нарын облусу. Иллюстрация сүрөт.

Дулдуюп унчукпай жүргүчө кобурашып барса жакшы болмок. Бирок, коштоочусунан сөз чыкпаган соң аны-муну сурап кыйнабады. Башында жандуу башталган сапар бара-бара шаардан келген өкүлдү тажата баштады.

Ал башкарма мингизген басыктуу атка ыраазы эле, түзөң жерде тизгинди коё берип, шамал менен жарышып алсамбы деп каны дүргүгөн. Дайым эле ат минип жүрбөсө, анан да малчылардын тоюна келатса, кадырлуу мекеменин өкүлү катары чоң жыйында ага сөз бериши мүмкүн болуп жатса толкунданат да. Бир калыптагы жумуш ыргагынан тажаган шаардык айланасындагы кооздукка, алдындагы басыктуу атка ыраазы болуп, унчукпай келатышканына маани деле бербеди.

Тоо деген тоо, ал кимди да болсо толкундатпай койбойт. Киргил булуту жок чаңкайган көк асман, кокту-колоттордон төмөнгө агылган көк кашка суулар, таза аба, гүлдөр - айланадагы ажайып кооздук кимди кайдыгер калтырат?!

Жолдо башкарма кошуп берген баланын атын билип алды - Тариел экен. Колхоздун бухгалтериясында иштеген бала дешти. Эсепчилердин баары эле кем сөз болобу же бул бала ошондойбу, канчадан бери унчукпай келатат. Жолго жаңы чыгышканда эле тигинин кандайдыр бир санаага басылганын сезген. Тигиден тоонун ичинде “адашып кетпейбизби” десе, тилин шык эттирип, башын чайкап тим болду.

“Тоону жакшы эле билесиңби?” деп сураса “анча-мынча” деп койду. Сурашын сурап бирок кайра өзүн жооткотуп койду, колхоздо иштегенден кийин тоонун жолун билет болуш керек. Билбеген немени башкарма деле коштоочу кылып жөнөтпөс.

Тариел

Алыс жолдо узун кептин келебин чубашса сапардын узактыгы билинмек эмес. Шаардан келген кишиге тоо жолунун кооздугу өзгөчө таасир калтырды. Улам ичине сүңгүгөн сайын керемет көрүнүш арбап, көргөндүн баарын толкундатып, өрөпкүтүп коёт го. Бул ирет да ошондой болду. Жанындагы баланын сүйлөгүсү келбесе анын себеби бардыр, сүйлөш деп зордомок беле, берген суроолоруна күңкүл-мыңкыл жооп алгандан кийин өкүл тоону карап ойго батып кетти.

“Аны жайына коюп мен өз алдымча бастырышка ниет кылдым да маңдайымдагы шаңкайып көк асманды тиреген ак чокуларга куштарым артып, ошондон улам тиги балага таарынычымды да унутуп барам. Көрсө, тоолорду, ат минип бастырганды көңүлүм көксөп калса керек. Көп айлар шаарда телпилдеп жүрө берип, анан бир күнү табийгатка чыга калсаң кандай! Жаның жыргап, көңүлүң тимеле, жууп жайгандай чаңкая түшөт. Көрсө, табийгат бизге кийим, тамак эле эмес, көңүл, паанай да берет тура.

Өр талашкан сайын аттардын деми угула баштады кулакка. Күн дал маңдайдан тийип, тим койсом ал эки саатта мурду-башым күйүп калчудай такыр. Ошондон качып мен ээрге кыңкайдым да Тариел жакка бурулуп алдым. Карасам бала эми бир аз өзгөргөн түрү бар. Мага көзү күлүңдөп, жал-жал карап, бир нерсе айтчудай болуп, бирок айта албай келаткансыйт. Кээде туруп өзүнчө эле бети албыра кетип, айтор сүйлөбөгөн менен көңүлү жайдары эле көрүнөт”.

Дулдуюп унчукпай келаткан коштоочунун өзгөрүлүп кетиши жанындагы адамга табышмак болчу. Жолго чыгардагы үңүрөйгөн кейпи башкача болуп толкунданып алыптыр. Эмнеге антиштин чоо-жайын суроого батынбады, ортолук жаш айырма экөөнүн сырдаш-курдаш болуп кетишине жол бербеди. Ошентсе да узак жолдо дулдуюп унчукпай кете беришти туура көрбөй “ырдап бастырбайлыбы” деп койбоспу. Анысы деле жоопсуз калды. Тек экинчи кырды ашып баратканда аттардын моюндары нымдашып, жолдун узактыгы сезиле баштады. Кээде бири, кайра экинчиси алдыга түшүп унчукпай келе беришти. Анан айрылыш жолго жакындаганда Тариел кыска жол деп капталдай кеткен кыяга салды. Жанындагыга баары бир болчу, кечке жетишсе болду.

Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.
Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.

Ошол кыска деген жолго түшкөндөн кийин Тариел ырдай баштады, үнү мыкты экен. Экөө ырга алаксып жол боюндагы конушка жакындап калышыптыр, короо четинде чабандын боз үйү турат. Аны көргөн бала үн-сөз жок тирмийип, үн катпай катты да калды. Анын бүт ааламды унуткандай түрү өкүлдү таңдантты. “Бир туруп уяң, бир туруп эч кимди көзгө илбеген шайыр, эми карасаң алда немени эстей койгонсуп нес”. Тааныбаган бала, мурда-кийин келбеген жери, эмне демек, унчукпай тим болду.

“Үнсүз бир оокумга байлана түшкөн соң, анан боз үйдүн ичинен бир жаш келин кылак этип сыртка чыга калды. Кызыл алжапкыччан, чачы кыркылуу кара тору келин экен. Ошону гана байкап калдым, анткени ал бизди көрө сала саамга нес боло калып, анан кайра боз үйгө атып кирип кетти.

Бул эмнеси деп, мен аркы-беркиге ой жүгүртүп түшүнгүчөктү болбой Тариел да желге учкандай аттын үстүнөн жок болду. Карасам курган бала өз салмагын өзү сезбей, денеси кудум канаттуу куштукундай жеп-жеңил болуп дирилдеп, атын турган жерине таштаган бойдон мени бир кыжалат карап алды да боз үйгө жетип барып эшигине кол сунган тейде туруп калды. Анан ал кандайча үйгө кирип кеткенин көрбөй калыптырмын. Себеби колдон бошоно калган коштоочумдун аты чылбырын сүйрөп артты көздөй жөнөп берген экен, далбастап мен алдын тосо чаптым. Антпесем экөөбүз соксоюп бир атка учкашып калчудайбыз. Атаганат ушундайда жылкынын кыйдысын айт. Улам алдынан тосо чыксам “сен мага ээлик кылбагын” дегенсип ат мени окурая бир карап алат да башын чулгуй буйтап кетет.

Качырып жиберемби деп бир жагынан жаным далбас, бир жагынан боз үйдүн ичинде эмне балээ болуп атат деген шекилде ал жакка кылчак карап алаксыйм”.

Ээсинен бошонуп чыга берген атты акыры кармады. Эки атты кайчылаш чылбыр кылып байлап боз үйдүн жанына келсе ичтен эч кандай кыймыл жок, тымтырс. Кирип барыштан тартынып, бирок кирбей койсо санаасы тынчыбай саамга далдайып туруп калды. Акыры чыдамы кетип боз үйдүн туурдугун акырын көтөрдү да катты:

“Карасам келин менен менин коштоочум экөө кол кармашкан бойдон бирин-бири тиктешип ыйлап турушат. Келиндин көз жашы он талаа, тигил курган бала да, эркек кайратынан кетип көзүн ирмеген сайын сымаптай мелт эткен жашын токтото албай дапдаарыйт”.

Шеригинин чочуганы - келиндин күйөөсү келип калса эмне болот деген ой болду. Ортодо чатак чыгары турулуу иш. Байкуш баланын бирде нес болуп, кайра армандуу ырларды созушунун себеби ушул тура. Баарынан да келиндин бакыраң көз баланын колун мыжыга кармап унчукпай ыйлап турганы ичин ачыштырды. Ошентип ой басып турганда борчук таштын капталынан карп-курп чыга калган атчан боз үйгө жакын кирип келди. Келиндин күйөөсү экенине көзү жеткен тиги киши уят-сыйытты жыйыштырып “келатат” деп туурдукту көтөрүп үйгө кирип барды.

Келин чочуган болуп колун бошотуп тескери карап кетти, Тариел кой-айга келбей эшикке атып чыкты. Бир саамга келин эсине келгендей чоочун кишини “айран ичиңиз” деп отургуза салды. Меймандын кулагы сыртта, эшикте чабыш болуп кетсе чыга калайын деген. Бирок, сырттан күрөш-тиреш деле сезилбеди, камчынын “чап-чап эткен” үнү чыгып, экөө эки жакка кеткендей болду.

Анан таноолору кыпчылган келиндин күйөөсү боз үйгө кирип, саламдашып отуруп калган өкүлдүн колун ушунчалык кысты эле тиги бакырып ие жаздады. Чабандын колу арчанын жыгачындай катуу экен, көз жаш төккөн эки жашты калкалагысы келген мейманды үй ээси ушундай жазалады.

Меймандын малчылардын майрамына кетип баратып бурулуп калышканын укканда ачуусу тарабаган койчу: “Уят аксакал! Сакалдуу башың менен!.. Кайдагы малчыларга баратасыңар? Мындан ары жол жок болсо!” деп, мисирейип тике карап турду.

Чабандын камчысынын уусу бетине бата түшкөн Тариелдин өңү шапая түшүптүр. Бул иштин чоо-жайы шаардан келген адамга табышмак бойдон калды. Аны териштирип отурушка экөөнүн каалоосу да, мүмкүнчүлүгү да жок эле.

Келин менен Тариелдин табышмактуу окуясы өкүлдүн эсинен эми өмүр бою чыкпас.

Курушкан колун жазып ортолук талашты опоңой чечип койгон койчу ким – бул да табышмак бойдон калды.

Казат Акматовдун психологиялык чеберчилиги мына ушул кыска эпизоддон ачык көрүнөт. Жол билбеген мейманды удургутуп теңирден тескери жолго баштаган Тариелдин жоругун өкүл айыптуу иш деп эсептебейт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG