Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

"Киотого кеткен жол": Мурза Гапаровго арналган аңгеме


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Пенде баласынын кыялынан учкул эч нерсе жок болсо керек. Алыскы жапан жериндеги Киотого барууну эс тартканы ойлой баштаган. Андан башка жер көзүнө көрүнбөй, сыйкырдуу кооздук ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей туруп алган. Жылкычы Жапиевдин Мурза Гапаровго арнаган “Киотого кеткен жол” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз.

Кара-Көл

Кийин чоңойгондо Киотого бармак болуп үч ирет камынып жолго чыккан. Узак сапар баратып жолдон Кара-Көлгө азгырылып, ошол жерде буйдалып, Киотого барбай калган. Кара-Көл мактаса мактоо жарашчу бир керемет жер экен, эличи, баёо десең акылдуу, бирөөгө жамандык ойлобогон, башкача бир дүйнө экен, мындайды буга чейин окуган бир да китебинен кезиктирген эмес. Кичине айыл, айта берсең узун кепке арзыгыдай кызык турмуш кечирген кызык жер тура. Жазында жаңгактын сөйкө байлаганын көрдү. Ошол жерден бала кезинде апасы төркүндөрүнө ээрчитип барганын эстеди.

Апасы бүбү кемпирге алып барган, чүкөдөй кемпир ага күбүрөп-шыбырап жыландын баш сөөгүн тумар кылып мойнуна илип берген. Бүбү кемпир да табышмактуу жерде жашайт экен, коктунун баш жагында үстү ылай жабылган жепирейген кара там болчу, негедир эшиги күн чыгышты карап турганын байкаган. Кокту ылдый кеткен үйлөрдүн көбү жапырайган жалпак кара шыбак тамдар экен, балага ушул кооздук жакты.

Апасы баласын ээрчитип алып көнөчөгүн алдына коюп эчки саап аткан чыканактай кемпирдин жанына келип токтогон. Качан жанындагы баласын ээрчиткен аялды абай салып карап: “апеей сен белең” деп атпайбы. Кемпир бели болбой калганын, ушу эчкилер менен оокат кылып атканын кобураганча какжыраган эски эшикти ачып ным, көк жыттанган үйүнө баштап кирди. Апасы кемпирге баласына дуба окутканы алып келгенин айткан, кемпир “окуйм, окуп берем, жээнгеби” деп күйпөлөктөп калды. Ошерден чүкөнү алып “оң-сол колуна калчап, үкүнүн канатын, анан бурчтагы сандыгын ачып, акак таштан тизилген теспесин алып, жайланып отуруп, көзүн ачып-жумуп, эрдин бүлкүлдөтүп дубасын окуп кирди”.

Дуба окулуп атканда баланын жөтөлү күчөп кирсе болобу, бүбү кемпир “курсагынан шайтандары чыгып жатканын” айтып күбүрүн уланта берди. Тестиер шайтандар эмнеге ичине кирип алганына акылы жетпей турду. Кетеринде баланын өзүнө дуба окуп, анысы көпкө жанбай жүрөт, “өмүрүңө жетет” деген. Кийин жолдо келатып бала айланасын карап гүлдөрдүн ушунчалык көптүгүнө, аңкыган абага тойбой бир башкача толкунданып алды эле.

“Мындан кийин эне-бала үн катышпай, сокмо жолдо баратышты. Балага буер аябай кооз көрүндү. Жолдугата көпөлөктөр толтура экен. Миң-миң түрү болсо керек. Бири учуп, бири конуп, калдыркандары кызыл-тазыл гүл окшоп кетет. Учуп жургөн жандуу гүл кейпинде, же бул көпөлөктөр өздөрү тирүү гүл болушу мүмкүн. Бул бала ушуну туйду табияттан. Өздөрү жакта деле көпөлөктөр көп, бирок мынчалык кооз эмес. Мындайды көрбөгөн”.

Апасы жолдо келатып балалык кездеги бир окуяны эстеди. Мектепте окуп жүргөн кези, бой тартып калган кыздар айтташмакчы болуп коктунун башындагы үйдөн аягына чейин киришкен. Аяккы үйгө жакындаганда жамгыр чакалап куюп, өлмө-чөлмө суу болуп соңку үйгө топурап кирип барышса ал жерде толо аялдар отурушуптур, алар кыздардын апалары болчу. Ал кезде айылдын жанындагы адыр гүлгө басылып калчу.

“Элес алууга себеп деле жок. Бул чөлкөмдө жер боорундагылардын эң көбү гүл, буркураган жыпарын чачкан түркүн чөп. Тоо, таш, зоокалар асман тиреп турганы менен адамдар жүргөн жерлери жылчыгы жок чөпкө басылган. А кышкысын айлана-тегеректи бүтүндөй чылк кар каптап калат. Анын көркүн айтып бүткүс. Айтуу кыйын. Ак кагаздан да аппак, сүттүн өңү да келишпейт. Кардын түсүндөй апакай. Ошо, көркү кардай. Ушу туура келет”.

Апасы экөөнү ал ирет тагалары эшек мингизип узатышты. Жөө келип эшекчен кайтыш кандай болорун апасы экөө гана билчү. Коктудан чыгып, кыялай кеткен сокмо жолго келишкенде эшекти апасы минип, бала жетелеп алды. Ошондогу сүйүнгөнү, кыдыңдаган эшекти жетелебей суу жоргону суулуктагандай элеп-желеп болуп, буту жерге тийбей, айланасы бир укмуш көрүнүп өрөпкүп келатканы эсинде. Киото кыялы ошондо ичке бутагынан бөртүп чыкты окшойт.

Сары-Челек

Сары-Челек, Аксы району. Июль, 2019-жыл.
Сары-Челек, Аксы району. Июль, 2019-жыл.

Кара-Көлдө көп турбай кийин Киотого Арстанбап аркылуу бармай болду. Ал жерде эки түнөп Сары-Челекке сапар алды. Кыялына келбеген сулуулукту Аркыттан көрүп сүрөтчү болбой калганына чындап өкүндү. Көлгө жакын айылдагы кемпир-чалдын үйүндө жатып, алардын ашып кетпеген өлүү дүйнөсүнө каниет кылып, пейили ток жашап аткандарына ыраазы болуп бул жердегилердин жашоо-турмушуна кызыгы артты. Кызык айыл экен, мурда милисасы болуптур, а камбагалы иши жок эригип шаарга кетип калыптыр.

“Ууру-кески деген болбоптур айылда. Андайды билишпейт экен. Буерде баары ачык: үйүн эч ким кулптабайт, мал-жаны күнү-түнү ээн, аштыктарын катпайт. Керектүүлөрүн сурап алышат. Колдо барын аяшпайт.

Айтымдарына караганда кан жолдон окчун жайгашкан бу айылга андан-мындан качкандар толуп кетип, буер ууру-кескилердин уюгу болуп калат. Тамдын эшик-терезесин мындай кой, төбөсүнөн оюп кирип, үй ичин бүтүндөй көтөрүп кетишет. Эки күндүн биринде сөзсүз бирдеме жоголот. Малга кишен салышып, аркандап кайтарып калышат. Кээде кайтарып отурган ээлеринин колу-бутун зыңкыйта таңып салышып, малын алып кетишчү болду. Уурулук күчөгөндөн-күчөп, жаш балдар да буга кызыгып, майда-барат нерселерди илип кетишип, колу туткактар чыкты. Ошондо кыштактын туруктуу эли чогулуп, ууру жасагандардын улуу-кичүүсүнө карабай, айылдан сүрүп чыгарып жиберишкен.

Алардын айрымдары иштин чатак жагына ооп баратканын байкашып, өздөрү көчүп кетишкен. Тоң моюндарын күчкө салып кууп жиберишкен. Кайда барсаң анда бар, кайдан келсең ондо бар дешкен. Дешип, кисабирлерден кутулушуп, жомоктогудай жыргап-куунап жашап калышкан. Чакчелекей ызы-чуусу көп бул ааламдын кичине бир бурчунда мындай айылдын орун алып калганы акылга сыйбас иш. Куулук-шумдукту билбеген бул баёо эл калаа жерине барса, бир күнгө чыдай албас”.

Ошол айылдын берешен момун чалы: “балам, каякка барасың?” деп сурады. Киотого, деди. “Аның кайсы жерде, алыспы-жакынбы”, десе жөө жүрсө эки жылда жетерин айтты. Ортолук деңиз Сары-Челектен миллион эсе чоңдугун кеп кылса тиги: “а, чоң экен” деп койду. Абышкага Киотонун кооздугун айтып түшүндүрө албады, биздин Арстанбап, Сары-Челектен кооз жер болушу күмөн деди окшойт. Чал-кемпирге мунун шаарда калган аялы, уулу менен кызы, эмне иш кылары кызык көрүндү. “Тар жерге тыгылбай, бул жерге көчүп келгиле, баарыңарды батырабыз” дешти. Бу жарыкчылыктан өтүп кеткен ата-энесинен кийин ушундай жылуу кеп укканына ыраазы болуп, шаарга келгенде аялы менен балдарына айтса, тигилер асман-айдан кетип жуутушпады. Сары-Челек турганда Киото эч жакка качпас деп, мынабу дүйнөдө сейрек кездешчү кереметти элге айтып берейин деп чечти. Ошону менен экинчи ирет кыялын чындыкка айлантуу аракети жоопсуз калды.

Сары-Челек Киотодон ашса ашар, асти кем калбас, ушундай жердин сүрөтүн келиштире тарта албасам да киного түшүрөйүн деп кагаз менен каламга күчүн чыгарып кыйла убакты-саатын өткөрдү. Бирок андай аракетинен майнап чыкпады. Анан ойлонуп-ойлонуп отуруп Сары-Челекти жакшынакай аңгемеге айлантууну чечти. Анысын алгач оозеки айтты, көңүлү сүйгөн биртоп тааныштарына шардана кылды. Баарына жакты, алдыга кызыл шарапты коюп алып майдалап түшүндүрүп, элестүү сүрөттөп берсе угуп эле отургуң келет. Ошентип жомок аралаш аңгемеси жарык көрбөй, айтылып-айтылып жүрүп унутулду.

Киотого бармай ошону менен кийинкиге калды, Сары-Челек турганда шак эле алыс сапарга чыгып кетиш кыйын экен. Эңсеген жерине учак менен барбай, жөө-жалаңдап жол артып, кара жер түгөнгөндө кемеге отуруп сакуралар гүлдөгөн Киотого бир барсам дечү. Бирок жолу болбоду, түгөнбөгөн тиричилик бала кезден багып келген кыялынын ишке ашуусуна тоскоол болуп туруп алды, кызыл шараптай кылгырган кызык кыялы бүлбүлдөп алыста кала берди. Анын эсесин чыгарып Арстанбапка, Сары-Челекке көп каттады. Аты чыкты, таанымал болду, бирок бирөөсү да анын Киотосуна кызыкпады, жөнсалды аңгемелердин бири катары кабыл алды.

“Киносун тарттырды, китеп жазды, чоң театрларга спектаклдерин койдурду, достору менен таарынышып, кайра табышты. Бийлик өкүлдөрүнө оту анча күйүшпөдү. Бийлик зомбулугун айтып, гезиттерге макала жарыялады. Анысы бийликке жакпады, жаманатты кылууга аракет жасашты. Ал аракеттер жалган экендиги кашкайып көрүнүп турду. Андан чөкпөдү, курчуду, өз баасын сезди, бийлик кошоматчылары менен акыйлашкан жок. Теңине албады. Акылдуулук кылды.

Күндөрдүн бир күнүндө сүрөтү капкара алкакка салынып, гезит беттерине басылды. Аны чоң театрдан узатышты.

Ал ушул жолу Киотого чындап кетип калды. Кайрылбас болуп кетип калды".

Бала кезинде апасы ээрчитип барып бүбү кемпир дубалап берген жыландын башын үйүнө калтырып кетиптир. Арыта ичилбей калган кызыл шарабы калыптыр. Киотодо сакура гүлдөй турган маал эле.

Бала кезинен гүлдөр менен көпөлөктү жакшы көргөн жаны Киотону Арстанбаптан, Сары-Челектен тапканын сезбеди окшойт. Айтса, апасы ээрчитип барып бүбү кемпирден дубалатып алган жыландын башы өмүр бою жанында жүрдү. Киотону, ата-бабасынын буту баспаган жапан аралдагы керемет кооздукту кыялында жасап, окуган китептерине ишенип, аны карыганча эңсеп, күн чыккан жактагы керемет кооздук менен чогуу жашады. Сары-Челектеги берешен абышка бекеринен анын Киотосу аяк алдында жатканын, Арстанбап менен Сары-Челек Киотосунан кем калбаган жер экенин айтпаптыр. Бирок кыял дегенди да таштап коё албайт экенсиң. Киото анын кыялында жаратып алган керемет жер болчу. Ошол Киото деп жүрүп ал өзү кыргыз жеринин кыйласын жөө кыдырды, адам акыл-эсин эңгиретип койчу табият сулуулугуна чын дилден таң калып, асылдыкты жан дүйнөсүнө сиңирди.

Жылкычы Жапиев бекеринен “Киотого кеткен жол” аңгемесин каламдаш агасы Мурза Гапаровго арнаган эмес. Чыгармадан улуу сүрөткердин элеси, Киотону эңсеп, алыскы өлкөгө бара албай калышынын эсесин чыгарып, кыргыз жеринин жомоктогудай кооздугун өзгөчө ынтаа, сүйүү менен тартып берген прозадагы ырлары ушу тапта да кызыгуу менен окулууда, өтүмдүү чыгармалар катары кайрадан басылууда.

Киотого ашык сүрөткердин ар бир чыгармасынан назик сезим кылдары, учкул кыялдын кемесинде калкыган аркыл тагдырларды, пенде жашоосунун керемет жыргалы сезилип турат. Жазуучу үчүн өзү ачып алган көркөм дүйнөдөн мыкты нерсе жоктур. Жылкычы Жапиевдин каламдаш агасынын элесине арналган аңгемесинин чоо-жайы ушундай.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG