Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Аскада калган Ыбыштын ыйы


Кубатбек Жусубалиев. 18-ноябрь, 2022-жыл.

Ушу тапта 80 жылдыгын белгилеп жаткан тирүү классик Кубатбек Жусубалиевдин “Жижи үчүн жомоктор” деген аңгемелер циклы бар. Ошол топтомго кирген “Аска” деген аңгемесин окурмандар менен чогуу окуп чыгуунун сааты келип турат.

"Ырадиага ыракмат"

Аңгеме Ыбыш чал жөнүндө, кудуңдаган сырдуу адам кадим Гималайдын алыскы бир айылында жашайт. Ал жагы да тоо, бул жагы да бийик аскалар менен курчалган чөйчөктөй жер. Сокудай башына элдик эски ырларды, жомокторду, баяндарды чыпчыргасын коротпой сактап келаткан өнөрлүү адам.

Анын жомокторун, аягына чыкпаган көркөм сөзүн угуп эле отургуң келет. Борбор шаарда жашагандар аны жазып алалы деп жылда чакырышат, Ыбрай чал макул болбойт. "Кожожашты", "Семетейди", "Олжобай менен Кишимжанды", "Мырза уул менен Жаңылды" билет элем деп соксоңдоп жүгүрүп барсынбы. Анын үстүнө Фрунзе алыс, ал жердегилер орус мүнөз эл болорун асыл Токодон уккан. Оң менен солго, түндүк менен түштүккө атагы кеткен асыл Токону жакшы тосуп албагандар Ыбышка көңүл бурушмак беле. Анын үстүнө жасап жаткан шатысы бүтө элек. Ал бүткөнчө Ыбыш чал эч жакка барбайт.

Ошентип шаты менен алпурушуп атканда дулдул Сакесинин каза болгонун укту. Укпай деле калмак, замандын үнү болгон ушу ырадиадан айланса болот. Борбордогулар кабарга киши чаптырмак беле, жыл сайын Ыбыш чалды чакырган ырадиадан кабар угузушту.

“Анан бир жиним айтты:”Бар, Сакеме топурак салып кел” деди. Болуптур дедим. Барайын дедим. Кыргыздын баары дүбүрөп, тапырап Сакеме топурак салганы келишет, болду-болбоду, эл көрүп, жер көрүп келейин дедим. Ашка-тойго кийген тонуму кийип, куруму курчанып, тебетейимди телпейте кийип, жаңы маасы, жаңы көлөчүмдү кийип, сакал-мурутумду Абдырайым узун бутка серптирип алып жөнөп калдым. Пулум жок эле, Абдыракман кашкарлыктан бир эчкиге пул көтөрүп алдым. Малды базарга сатсаң пул болбой турган, арыкчылык убак, көктөм убак эле. Сакемин арбагынын урматына уулу болсо уулунун мүрүсүнө жабайын деп бир тон алдым. Өзбек тон наркы жок болуп калабы деп, сүкүнө кыргыз тонум бар эле ошону алдым, кемпири болсо кемпирине деп кара карга шайы көйнөк алдым. Экөөнү түйүнчөккө түйүп (кур барсаң уят да), сен кичине адин гавариш, два гаваришти билесиң, жолду билесиң деп Өмүрзак кар кулакты (менин таякем!) жаныма кошуп алып бардым... Кайран Сакем, дулдул Сакем! Бардык. Жолдо Өмүрзагым “улак болуп калса, кантебиз?” дейт. Карап отурабыз, дедим. Болбосо кара кулак быштыңы салып алалы, дедим... Дүйнөгө аты чыккан киши эле, төгөрөктүн төрт бурчунан киши келет дейт”.

Кайран Сакеңди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барбай калса Ыбыш чал өзүн эзели кечирмек эмес. Камылганы катуу көрүп, улуу манасчыга дүйнөнүн көп жеринен кишилер келет, андай жерге барбай койсок болбос деп эки чал жөнөп калышты. Ал кезде Фрунзеге жетиш оңой эле, самолетко отурсаң бир саатка жетпеген убакта башкалаага жеткирип коёт. Ал жерде кайкалап таксиге отуруп Сакеңдин сөөгү жаткан боз үйгө барып, алыстан өкүрүп келип, артында калган жакындарына көңүл айтып, маркумду жайына коюп жатканда бир ууч топурагын салып, жалпы эл менен бетине бата тартып, ошону менен улуу адамга акыркы сый-урматын көрсөтүүгө жетишип калса Ыбыш чал ыраазы болмок. Анан ошол азага келген көпчүлүктүн арасынан Алайдан келгендер баягы көр кемпирдин жазуучу уулун көрүштү. Ошого кубанып атышпайбы.

Курсактагы Жижи

Ыбыш чал Сакенин баласы менен кемпирине арнап алган кийиттери салынган түйүнү менен көптүн арасында киного түштү. Сакеңдин зыйнатын киного тартышты. Өмүрзак Фрунзеге баргыча көр кемпирдин жазуучу уулунун үйүнө жатып алабыз деп кулагын жеп барган. Анын чычкандын куйругу айланбаган бир көмүт үйүндө да түнөштү. Бир айлыкпы, эки айлыкпы муштумдай кызын жылаңач койнуна салып көтөрүп алыптыр, анысы уктап жүрөт.

“- Эмне, апасы жокпу, өзүң тууп алдыңбы?- десем.

- Үйүм ушерге жакын, сейилдеп жүрдүк эле,- дейт. Сейилдеп болупсуң үка, дедим ичимен, эң карыдан бир мен, эң жаштан бир Жамбы (Жижи деп эркелетип коюшат экен) болдук. Сакеме топурак салдык. Түйүнчөгүм экөөбүз киного түштүк. Кайра келдик. Кайраным, дулдулум! Түз эле ушул шатыма келдим. Кожожаш мерген ушул аскада камалып өлгөн! Алымкул төкмө таластыгына тартып Аблетим аска Чаткалда деп айтып койгон. Аблетим аска ушул болот! Мен да көзгө атар мерген болом! Бир оңко тургузган мерген болом. Мени жашымда жеңелерим “шыпылдак бала” деп тергешчү. Илгери чоң согуштан мурунку, кийинки ачарчылыкта бүт айылды өзүм кийиктин эти менен багып аман сактап калгам. Менин атам да айтчу, Аблетим аска ушул. Ишенбесеңер мага, тиги кузгундардан сурагыла” дейт. Биз башка сураганыбыз жок. Айтпай койду”.

Кожожаш мерген камалып калган аска чын эле ушулбу? Муну эч ким билбейт. Ыбыш чал билбеген үчүн айтпайт. Асманды карашса, мойнун созуп кузгундар жүрөт. Ушулар билиши мүмкүн, миң жыл жашаган кузгундар билет, бирок, айтышпайт. Шаты курап жаткан Ыбыш чалды, анын кылган ишине таң калып аңкайып карап турган балдарды асмандагы куштар көрүп, тоорулуп алыс кетпей айланып учуп жүрүшөт.

Илгеркилер жасай албаган шаты

Ыбыш чал айланган кузгундардын бир-экөө Кожожаштын этин жегендерден болуш керек деп ойлойт. Эми ал шаты жасап аскага чыгып кузгундар жей албай калган мергендин башын алып түшүп, жерге көмөт.

Асканы карап туруп балдардын башына ар кыл ойлор келет. “Илгеркилердин мээси жок да... Кожожаш мергенди сактап калса болмок. Асканын үстүнөн шаты салыш керек эле. Ушул жөнөкөй нерсе баштарына келбейби десең”.

Арадан канча убакыт өттү. Качандыр бир кезде, те алмустакта өткөн окуяны козгоп, асман тиреген аскага чыгыштын аргасын издеп Ыбыш чал тыным албай шаты курууда. Асман тиреген аскага, те булут челген бийикке чыгыш оңойбу?! Кожожаш мергендин өзүн куткара албаса да сөөгүн куткарып калмакчы болгон чалдын аракетине балдар гана түшүнүп, балдар гана кызыгып, көңүл буруп атканын кара, кызык дүйнө, э?! Анан ошол балдар калаты ишти баштаган чалдын аракети эмне менен бүтөр экен деп убакты-саатына карабай эринбей тигилип отурушат.

“Биз карап турабыз! “Мени карап тургула” деди. Шатысын бүттү... “Кармап тургула!” деди. Биз да жөн турбай, карап туралыбы же кармап туралыбы, деп коёбуз. “Жигит киши эки ишти бир кылат, карап да тургула, кармап да тургула” дейт. “Шамалдан сактаса болду” дейт. “Ким?” дейбиз. “Кудай” дейт. Билесиз го, асканын алдында Жинди журт бар, а Жинди журттун шамалын жакшы билесиз (балдар мага кийин ушинтип айтып берип атышпайбы...) карап турабыз, өзү айткандай түбүнөн жөрмөлөп чыга баштады... Муштумдай кичине чал эмес беле, кайран киши, дулдул киши, жөн эле учуп чыгып баратат... Шатысын сынап коёбу, тээп-тээп коёт... Күн чыкканда жөрмөлөп жөнөгөн, күн батканда жетти. Асканын курсагына жетти. Бир күнчүлүк жерге кетип калды. Көрбөй калдык. Кожожаш мергендин сөөгү ошол асканын курсагында деген. Карап турабыз. Күн батып кетти. Күн батып кеткен тоонун көлөкөсү асканын боору менен улам өөдө жылат, улам өөдө жылат. Биз карап турабыз. Асканын курсагында буту баткыдай жер тапты окшойт, чарчады окшойт. Көрүнбөйт. Шатыны кучактап эле туруп калдык. Корко баштадык. А күн артына батып кеткен тоонун көлөкөсү аска менен кетип баратат, басып баратат, көлөкө менен күн кетип баратышат.. Экөө асканы ашып кетишти. Биз асканын түбүндө шатыны кучактап калдык (балдар мага кийин ушинтип айтып берип атышпайбы...).

Айыл алыс, бир күнчүлүк жерде. Жакын көрүнгөн аска көк тиреп, мурдагысынан бийик да, сүрдүү да көрүнөт. Тоонун ичи кеч киргени салкын тартып, балдар үшүй баштады. Анан алар кургак отун терип келишип асканын түбүнө улуу от жагышты. Отко жылынып, сүйлөшүп, баары чарчап үргүлөй баштаганда от күйүп бүттү, ошол жылуу жерге чөп төшөп уктап калышкан. Таңга маал күркүрөгөн үндөн баары ойгонушту, шамал экен. Шамал күлдү асманга сапырып, аскага жармашкан шатынын быт-чытын чыгарды, жер үстү алай-дүлөй болуп жатып калды.

Балдар үрпөйүп коркуп эмне кылышарын билбей турушканда албууттанган шамал лып басылды. Карашса шаты жок, асканын боорунда жабышып турган шатыны шамал учуруп, жылаңач аска гана калыптыр. Күн чыкканда Ыбыш чалды көрүштү. Байкуш чал асканын боорунда айласы кетип турат. “Ак көйнөкчөн, ак дамбалчан турат!” Балдар көрүшсүн деген окшойт.

Айласы куруган балдар кабар бергени айылга жөнөштү, ал да алыс жол. Айылга жетип элге кабар айтып, шаардан вертолёт чакыртып айры бут пенделердин баары опурап-топурап асканын жанына келишсе кузгундарга той түшүп калыптыр. Эмне кыла алышмак, аңкайып карап турушту. Асмандан бир нерсе эле чимирилип түшүп келатат, чимирилген бойдон аңкайып карап тургандардын бут алдына түштү. Тебетей экен, Ыбыш чалдын казандай чоң тебетейи. Жорулар сөөк талашып жатканда буту же канаты тийип аскадан учуп кеткен окшойт дешти. Тебетей кан экен. Кожожаштын сөөгүн таап келмекчи болгон улуу баянды мыкты билген бийик өнөр ээси, бир оңко тургузган айтылуу мергендин артында тебетейи калды. Эми ал да жомокко айланып Ыбыш чалдын шатысы делинип эл арасында айтылар.

Кийит

Ыбыш чал жазуучуга Сакеге топурак салганы келгенде жолуккан. Эки чымчыктай болгон ээрчишкен чалдар анын тар үйүндө түнөп кетишкен.

“Жылда радиага чакырып жанымы коюшпайт дегенинен радио студиясына ээрчитип бардым. Барсак, радиопьеса коюп атышыптыр. Биз карап турдук. Карап туруп эле түшүндү. Болбой койду. Мурун да бир чалды атайын чакыртып, алдап-соолап алып келишиптир, жомокчу, ырчы чал экен. “Эл кайда? Журт кайда?” дептир. Адегенде түшүнгөнүбүз жок дешет. “Мен тирүү элдин, тирүү журттун алдында жомок айтам, бул темир тордун алдында айтпайм, ата-жотом айткан эмес!” дегенде гана түшүндүк дешет. Кетип калыптыр. Ыбыш чалдын болбой койгондугунан улам радиодогулар ушуну айтып беришти. Болбой койду. Биз да кетип калдык. Эшикке чыкканда “эмне болбой койдуңуз?” десем, унчуккан жок, мен башка сураганым жок. Экөө калдайышып, эки жорудай артыман ээрчип алышат. Анан экөөнү аэропортко самолётко салып жибердим. Бир жолу гана сурадым. Келер-кеткенче колунан түшүргөн жок. “Аппак түйүнчөктө эмне бар?” десем, башка сөзгө жоруп, айткан жок”.

Түйүнчөктө Сакенин кемпири менен уулуна делген кийиттер бар болчу. Аны Ыбыш чал көпчүлүк арасында арнаган кишилеринин далысына жапканы алып келген. Шарты келсе жапмак. Саке деп алыстан ат арытып келип жылда чакырчу ырадиасына кирип, ал жердеги тар бөлмөдөгү темир-тезекке сүйлөгүсү келбей айылдан бир күнчүлүк алыстагы аскасына баса берген. Канча эмгек менен жасаган шатысы буркан-шаркан куюн шамалга туруштук бере албай бырын-чырыны чыгып каларын кайдан билиптир?!

Билсе деле Ыбыш чал баары бир Кожожаштын сөөгү жаткан аскага чыкмак. Кожожаштын карга-кузгундан калган сөөгүн жерге бермек. Тагдырдын тамашасы ушул, мындан ары ал жерди Ыбыштын аскасы дешет, аты унутулбай, эл арасында аңыз кепке айланып, кийинки муун жомок кылып айтышат. Ушундай баян.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG