Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

"Шык берүүчү китептер жакыр өлкөлөрдө көп окулат"


Айдай Максатбекова. Шаржа шаары.

Айдай Максатбекова бир канча ай мурун англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы китеп дүкөнүн ачкан. Ал жакында эле Бириккен Араб Эмиратындагы Шаржа шаарында өткөн "Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына" Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду.

- Бул иш-чарага Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Азия жана Африка мамлекеттеринен 200дөн ашуун китеп сатып иштегендер, дистрибюторлор, басма үйлөрүнүн ээлери катышыптыр. Конференцияга чакыруу менен гана катышышат экен. Сиз бул иш-чарага кандайча барып калдыңыз?

- Мен китеп сатып баштагандан бери эле ар кайсы өлкөдөгү дистрибюторлор, басма үйлөр менен иштешип келем. Мына ошол өнөктөштөрүм бул иш-чара жөнүндө айтып берип, “катышып, өз күчүңдү сынап көр” деп сунуштап калышты. Эки жумадан кийин жооп келди. Барып келген жол кирени, ал жердеги жашоо, тамак-аштын баарын уюштуруучулар өздөрү төлөп беришти. Конференцияны «Шаржа китеп башкармалыгы» (Sharjah Book Authority) мамлекеттик мекемеси уюштурду. Буга чейин алар бир катар өлкөлөрдүн китеп сатуучуларын, жазуучуларын, басма үйлөрүн чогултуп, ар кандай китеп жарманкелерин уюштуруп келишкен. Бул жолкусунда алар форматын өзгөртүп, китеп сатуучулар үчүн биринчи жолу эл аралык конференция өткөрүп жатышат. Менин билишимче, 254 басма үйү жана китеп сатуучулар катышты. Африка өлкөлөрү да кошулуптур. Борбор Азиядан мен китеп дүкөнүм менен катыштым. Мындан тышкары, Канада, Мексика, Англия, Пакистан, Индия, Филиппин, Финляндия ж.б. өлкөлөрдөн келишти.

"Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясы" 16-17-май күндөрү өттү.
"Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясы" 16-17-май күндөрү өттү.

- Катышуучуларды кандай критерийлер менен тандап алышат экен?

- Конференцияга катышуу үчүн китеп сатуучу же басма үйү бар болушу керек. Ишмердүүлүгү сөзсүз мыйзамдуу катталган болушу шарт. Ошондой эле кайсы басма үйлөр менен иштешеримди, кандай китептерди сатып жатканымды, канча көлөмдө сатарымды текшеришти. Анан эң негизги талап – дүкөндө мыйзамсыз көбөйтүлүп сатылган пираттык китептер болбошу керек. Мындан тышкары, чет тилдеги, маселен, англис, немис тилдериндеги китептерге кызыкканыма да артыкчылык берилди. Себеби иш-чарага катышкандардын көбү англис тилиндеги китептер менен иштешет.

Айдай: Англисче китеп окугандар көбөйсө дейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:25 0:00

- Конференцияда кандай маселелер каралды? Китеп менен иштегендердин орток көйгөйлөрү эмнеде экен?

- Ар кайсы өлкөдөн спикерлер келди. Алгачкы талкуулар социалдык тармактардын китеп дүкөндөргө жана басма үйлөргө тийгизген таасири жөнүндө болду. Көбү Тик-Токко токтолушту. Мисалы, Дубайда “Кинокуния” (Kinokuniya) деген китеп дүкөндөр тармагы бар. Анын дүйнө жүзү боюнча жүздөн ашуун филиалы иштейт. Биз ал жакка бардык. Аянты 5000 чарчы метр экен. Ал дүкөндө “Тик-Токто белгилүү болгон китептер” деген өзүнчө чоң бөлүм ачышыптыр.

“Кинокуния” китеп дүкөнүнүн алдында.
“Кинокуния” китеп дүкөнүнүн алдында.

Анткени Тик-Токтогу жаштар #booktok хештегин колдонуп, ар кандай китептерди сунуштаган же жөн гана китеп жөнүндө ойлорун бөлүшкөн кыска видеолорду тартып жатып эле, жаңы чыгып жаткан китептерди, авторлорду атактуу кылып жиберишиптир. Бул нерсени мен дүкөнүмө келген жаштардан да байкагам. Алар Тик-Токто сөз болуп жаткан Колин Гувердин, Элиф Шафактын китептерин көп сурашат. Менде алар жок эле. Конференцияда ушул китептерди чыгарган басма үйлөр, дистрибюторлор менен таанышып, буйрутма бердим. 2-3 жумада келип калат. Ошондой эле, бир канча филиалы бар китеп дүкөндөрдүн ээлери жаңы тенденциялар жөнүндө сөз кылышып, тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул китеп сатуучуларга арналган конференция болгондуктан, көбүнчө китеп сатуу боюнча кеп болду. Эми күзүндө басма үйлөргө арналган конференция өтөт.

- Биздин түшүнүктө китеп бизнеси менен алектенүү анчейин кирешелүү эмес. Ошол эле учурда эл аралык конференция өтүп жатат. Башка өлкөлөрдө китеп менен иштөө кандай деңгээлде?

- Мен да бул суроону 25 жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жаткан Непалдан келген басма үйдүн негиздөөчүсү менен таанышканда сурадым. Анын айтымында, китеп сатуу менен миллиондорду табуу мүмкүн болбосо да, китеп дүкөндү туруктуу өнүктүрүп отуруп, жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот. Жаңы филиалдарды ачуу, китеп сатууда жаңы ыкмаларды колдонуу сыяктуу бир канча факторлор ийгиликтүү иш кылууга жардамчы боло алат. Мисалы, ошол эле “Кинокуния” китеп дүкөнүн алалы. Анын китеп жүгүртүүлөрү абдан чоң. Бир эле дүкөнүндө миллионго жакын китеп бар, аянты 5000 чарчы метрге жетет. Бул башында Токио шаарында ачылган кичинекей эле китеп дүкөн болгон экен. Эгер кичинекей китеп дүкөн бойдон жүрө берсең, киреше да ошого жараша болот. Ал эми жакшы аракет менен кыргызстандыктарды, жаштарды китепке кызыктырып, китепке болгон мамилесин өзгөртө алсак, көп китеп алып, окуй башташса, муну деле жакшы киреше алып келген бизнеске айлантса болот.

Кыргызстандыктарды китепке кызыктырып, китепке болгон мамилесин өзгөртө алсак, көп китеп алып, окуй башташса, муну деле жакшы киреше алып келген бизнеске айлантса болот.
"Кинокуния" китеп дүкөндөр тармагынын эл аралык консультанты Кенни Чан менен.
"Кинокуния" китеп дүкөндөр тармагынын эл аралык консультанты Кенни Чан менен.

- Башка өлкөлөрдөн келген китеп сатуучулар менен жолуктуңуз да. Кандай тенденцияларды байкадыңыз. Аларда китепке болгон мамиле кандай экен? Сиз үчүн эмне жаңылык болду?

- Ар бир өлкөгө жараша экен. Мен Африкадан келген китеп сатуучулар менен тааныштым. Мага эмнегедир ошолор кызык болду. Ошол жерден мен бир нерсени байкадым. Өнүгүп келе жаткан, жарды өлкөлөрдө шык берүүчү китептер абдан популярдуу экен. Руандадан, Угандадан келген кесиптештеримдин айтымында да африкалык окурмандар арасында «Эффективдүү адамдын 7 адаты» (The 7 Habits of Highly Effective People) деген сыяктуу мотивациялык китептерге суроо-талап жогору. Конференциянын жүрүшүндө жанрлар боюнча да сөз болду. Кедей өлкөлөрдүн окурмандары «кантип акча табуу керек», «кантип он күн ичинде эффективдүү боло алам», «кантип бир ай ичинде байып кете алам», «миллионердин ой жүгүртүүсү» деген сыяктуу китептерге көп кызыгышса, өнүккөн өлкөлөрдө классикалык көркөм чыгармалар жогору бааланат экен.

Кедей өлкөлөрдүн окурмандары шык берүүчү китептерге көп кызыгышса, өнүккөн өлкөлөрдө классикалык көркөм чыгармалар жогору бааланат экен.
Айдай кениялык кесиптеши менен.
Айдай кениялык кесиптеши менен.

Дагы бир байкаганым, конференцияга катышкандардын көбүнүн китеп дүкөнү да, басма үйү да бар экен. Непалдан келген кесиптешим менен таанышып, ал менден кандай китептерди сатып жатканым жөнүндө сурады. Мен ага англис тилиндеги китептерди сатып жатканымды айтсам, ал эмнеге кыргызча китеп сатпай жатканыма кызыкты. Бизде кыргыз, орус тилиндеги китептерди саткан дүкөндөр бар экенин айтып түшүндүрсөм, ал мага англис тилиндеги китептерди кыргызча которуп сатууну сунуштады. «Башка тилдеги мыкты китептерди өз тилиңе которуп, эне тилиңе колдоо көрсөт» деди. Ал өзү да ушинтип иштейт экен. Тилекке каршы, бизде чет тилдеги китептерди которуу маданияты толук калыптанып бүтө элек. Ошентсе да, акырындык менен жанданып келе жатат. Мындан улам, мен дагы бул нерсеге салым кошкум келип, китеп дүкөнүмдө англис тилинен түз кыргыз тилине которулган китептерди сатып баштадым. Эгер ошондой китептериңиздер болсо, мага кайрылсаңыздар болот.

- Борбор Азиядан барган жалгыз катышуучу болуптурсуз. Иш-чарадан өзүңүзгө кандай тыянак чыгардыңыз? Кыргызстандын бул тармагы үчүн башкалардан эмнелерди үйрөнсөк болот?

- Биз өнүккөн өлкөлөрдөн үлгү алышыбыз керек. Азыр пираттык китептер менен күрөшүүнү баштоо зарыл. Көрүп жатсаңыздар керек, көчөлөрдө туруп алып эле эч кандай автордук укугу жок 100-150 сомго китеп сатып жатышат. Бул нерсе бизде абдан жайылып кетти. Ошол уруксатсыз көбөйтүлүп жаткан китептерди карасаңыздар, 90% шык берүүчү китептер. Ал жерден классикалык чыгармаларды, маселен, «Граф Монте-Кристо» же «Джейн Эйр» романдарын таппайсыз. Пираттык китептердин көбөйүшү, ага болгон суроо-талаптын өсүшү, тилекке каршы, биздин китептерге болгон мамилебизди, деңгээлибизди көрсөтүп турат. Өнүккөн мамлекеттерде буга көзөмөл абдан күчтүү.

Пираттык китептердин көбөйүшү, ага болгон суроо-талаптын өсүшү тилекке каршы, биздин китептерге болгон мамилебизди, деңгээлибизди көрсөтүп турат.

Ошондой эле биздеги китеп сатуучуларга, басма үйлөргө, акын-жазуучуларга мамлекеттен колдоо болушу керек. Мисалы, жыл сайын Италия, Англия, Индонезия, Мексика сыяктуу өлкөлөрдө эл аралык китеп жарманкелери өтүп турат. Ар өлкөдөн келген басма үйлөр өз китептерин көрсөтүшөт, бири-бири менен таанышып, автордук укуктарын макулдашып, котормо жаатында сүйлөшүп, тажрыйба алмашышат. Биз дагы ошол иш-чараларга катышып, котормо үчүн уруксат алып, байланыш түзүп же өзүбүздүн акын-жазуучулардын эмгектерин башка тилге которуп, ошол иш-чаралар аркылуу таанытсак болот. Бул иш-чараларга катышуу үчүн каражат керек. Мисалы, кээ бир жарманкелер беш күнгө созулат.

Филиппиндеги Китептерди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин аткаруучу директору Шарисс Акино менен.
Филиппиндеги Китептерди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин аткаруучу директору Шарисс Акино менен.

Филиппинде «Китеп чыгаруучулар ассоциациясы» деген мамлекеттик орган бар экен. Мекеме өлкөдөгү китеп сатуучуларды, басма үйлөрдү өз ара сынак менен тандап алып, ар кандай эл аралык конференцияларга, китеп жарманкелерине толук чыгымын көтөрүп жиберип турат экен. Шаржага ошол ассоциациянын жетекчиси да келди. Таанышып отурганыбызда алар баарын колдоого аракет кылышарын, тандоо кандай өтөрү жөнүндө айтып берди. Мындай ассоциациялар Угандада да бар экен. Тилекке каршы, бизде андай колдоо жок.

Эгер мамлекет жок дегенде жол чыгымын камсыздап, колдоого алса, басма үйлөргө, китеп сатуучуларга сапаттуу китептерди чыгарып же сатканга чоң колдоо болмок. Балким, ошондой жол менен биз пираттык китептерден арылмакпыз.

Маектин аудио версиясын бул жерден угуңуз:

"Жакыр өлкөлөрдө шык берүүчү китептер көп окулат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG