Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:27

"Алиппе" китебиндеги негизги үч ката


"Алиппе"окуу китеби. Иллюстрациялык сүрөт.
"Алиппе"окуу китеби. Иллюстрациялык сүрөт.

Белгилүү агартуучу Ишеналы Арабаев түзгөн алгачкы “Алиппеге” быйыл 98 жыл болду. Адегенде татар, андан кийин араб, латын, кириллица арибдеринин негизинде даярдалып келе жаткан “Алиппенин” учурда 16-жолу өзгөргөн варианты окутулууда.

Кат сабатты жоюудагы биринчи окуу куралы “Алиппенин” таржымалы жана анын бүгүнкү деңгээли тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов жооп берди.

Жапырт сабатсыздыкты жойгон алгачкы "Алиппелер"

- Айрым маалымат булактарында тунгуч кыргыз алиппеси Ишенаалы Арабаевдин авторлугунда реформаланган араб арибинин негизинде “Кыргыз алиппеси” деген аталышта 1924-жылы 16-апрелде жарык көргөн экен. Анын өзгөчөлүгү эмнеде болгон?

- 1911-жылы Ишеналы Арабаев Уфа шаарында окуп жүргөндө Когабай Сарсекеев деген казакстандык агартуучу менен бирге казак жана кыргыз тилдеринде орток “Алиппе” жазып чыккан. Бул китепке көбүнчө татар, башка түрк тилдеринин өзгөчөлүктөрү кирген. Кийин 1920-жылы башкасын жазышып, казакча “Алиппе” бөлүнүп кеткен.

Алмазбек Токтомаметов.
Алмазбек Токтомаметов.

- Андай болгондо 1911-жылы алгачкы "Алиппе" пайда болгон деп айтса болобу?

- Болот, анткени, ошол орток “Алиппени" деле кыргыздардын бир тобу сабатын ачууга колдонуп калган. Ишеналы Арабаев 1924-жылы өзү араб арибинин негизинде 24 тамгадан турган алфавит түзүп, анын негизинде кыргыз “Алиппесин” жазган. Бул эмгек кеңири колдонулуп, көпчүлүктүн сабатын кеңири ачкан. Ошол кезде совет өкмөтү жаңы орноп, туташ сабатсыздыкты жоюу иши жүргөн. Бул жылдары араб ариби менен Касым Тыныстановдун “Чоңдор үчүн алиппеси” да чыккан. 1927-жылы биз латын тамгасына өткөндөн баштап Кусейин Карасаев менен Ишеналы Арабаевдин, Сагын Нааматовдун, Болот Юнусалиевдин, Жунушалиевдин, Каримовдун китептери латын ариби менен чыккан.

- Булардын айырмасы эмнеде болгон? Максатына жеткенби?

- Алгачкы “алиппелердин” эң эле негизги өзгөчөлүгү – саясатташкан эмес. Кыргыз элинин жашоосу, мал чарбачылыгы, багбанчылык, дегеле күнүмдүк жашоосу тууралуу жалпы маалыматтар кеңири берилген. Акырындык менен латын, андан кийин кириллица ариптерине өткөнү союздук саясат күчөп, кийинки китептерде улуттук өзгөчөлүктөр азайып, СССРдин идеологиясы кире баштаган.

Негизи “Алиппени” саясаттан көз карандысыз эле, улуттук баалуулуктарды сактоо менен жазса болот. Бул авторлордун деңгээлине жараша чечилет. Азыр совет учурундагыдай компартия, партия, комсомол, пионер деген деги жок.

"Алиппе" 98 жылда 16 ирет кайра жазылды

-Андан бери “Алиппе” китеби көп ирет өркүндөтүлүп, өзгөрүлгөндүгү айтылып жүрөт. Бүгүнкү "Алиппенин" өзгөчөлүгү эмнеде?

- Азыркы күнгө чейин “Алиппе” 16 ирет өзгөрдү. Акыркылардын алсак, 1961-жылы С. Турусбеков менен Б. Ырысбекова, 1981-жылы Бурул Ырысбекова менен Карыпбек Сартпаев жазышкан. Андан кийин СССР таркаган кезде Майраш Маразыкова жаңы муундагы “Алиппе” китебин чыгарды. Бул китепте балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алган, жаңы усулдар колдонулган. Бирок, созулма тамгаларга, сөздөрдүн жазылышына, айтылышына байланышкан принципиалдуу маселеде каталар кетип калган. Кийинки “Алиппени” Сулайман Рысбаев иштеп чыкты. Мунун артыкчылыгы улуттук өзгөчөлүктөргө, баалуулуктарга, “Манас” эпосуна басым жасаган китептердин бири болду.

Бүгүнкү күнү Кубаталиева баштаган үч автордун китеби окутулуп жатат. Бул китеп дагы жаңы методикалык өзгөчөлүктөрдү өзүнө камтыганга аракет кылды. Кемчилиги - техникалык тапшырмасын туура эмес жасап коюшкан. Форматы биринчи класска ылайыксыз, көлөмү кичинекей болуп, толук маалыматтар батпай калган.

Жалпысынан, бул окуу китептеринин бардыгында “Алиппеге” чейинки мезгилге аз убакыт берилген. Көп изилдөөлөр “Алиппеге” чейинки мезгил канчалык мазмундуу болсо, баланын окууну өздөштүрүүсү ошончолук жеңил болорун далилдеп келе жатат. Алиппеге чейин балага тамганы эмес, турмуштагы үндөрдү, сөздөрдү угузуп, символикалык белгилер аркылуу үйрөтүү керек. Балдардын грамматикалык каталарды көп кетирип жатышынын себеби да ушул жерде.

Куракты эске албаган “Алиппелер”

-“Алиппе” тамга таанытуу эле эмес, дүйнө таанымын арттыруу да эмеспи. Демек, ушул өнүттөн алганда бүгүн дагы эле "Алиппени" жаңылоо муктаждыгы болсо керек?

- Азыркы “Алиппени” дагы жаңылоо муктаждыгы бар. “Алиппе" жазып жаткандар көп учурда 6-7 жаштагы балдардын курактык өзгөчөлүгүн эске алышпайт. Чоң кишинин көзү менен карашат. Анын маалыматты кабыл алуу, өздөштүрүү курактык, психологиялык өзгөчөлүгү бар экени эске алынбайт. Мисалы, жети жаштагы балада курактык кризис болот. Ошондо оюн формасында сабатын ачпастан, теорияны күчөтүп жиберген учурлар бар. Экинчи чоң кемчилик - баланын жан дүйнөсүнө, досторунун жашоосуна аралаша албайбыз. Үчүнчү чоң кемчилик – биз сабат ачууга көңүл бура беребиз. “Алиппе” - дүйнө тааныта турган, баланын аң-сезимин калыптай турган окуу куралы.

2007-жылы биз “Алиппе” китебин ушул багытта сунуштап, конкурста утуп алганбыз. “Кызыктуу ынтымак тамгалары” деген комплект да чыккан. Эксперимент өткөргөнбүз. Тилекке каршы, ал эмгек колдонулган жок. Азыр эми министрлик окуу китептерин чыгаруунун жаңы формасына өтүп жатат. Анын жобосу ишке кирсе, автор даярдаган китебин тендерсиз эле министрликке түз сунуштоо укугуна ээ болот. Ал китеп министрликтин сыноосунан, экспериментинен өткөн шартта мектептерге окутууга сунушталат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG