Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

"Байдылданын батальонунда" академиктер да бар эле"


Байдылда Сарногоев.

Кыргыз эл акыны, айтылуу Байдылда Сарногоев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Анын “Мидинге кат”, “Ашуудан берген отчетум”өңдүү чыгармалары, ырлары эл ичинде жатка айтылып, ырдалып, куйкум сөздөрү, журүм-туруму ылакап болуп ооздон оозго өтүп келе жатат.

Легендарлуу акындын кызы Карлыгач Сарногоева акындын доору, замандаштары, жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Карлыгач Сарногоева.
Карлыгач Сарногоева.

-Карлыгач, жакында чыгаан акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналып Таласта айтыш өттү. Ага акындын жакындары, жубайы Зина эже, балдары катыштыңыздарбы? Көңүлүнүздөргө толдубу?

- Атама арналган иш-чарага абдан сүйүндүк. Бийик деңгээлде өткөрүштү. Апабыз, мен саламаттыгыбызга байланыштуу бара албай калдык. Абдан өзгөчө, эл аралык деңгээлде, казак-кыргыз айтыштын коштоосунда өттү. Андан тышкары да көп иш-чаралар болду. Иним Бактияр үй-бүлөсүнүн атынан жаңы курулган маданият үйүнүн алдына атамдын бюстун орнотту.

Талас облусундагы Б.Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдындагы эстелик.
Талас облусундагы Б.Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдындагы эстелик.

Бюсту Марлен Бакачаев деген айкелчи жасады. Эми буюрса, күзүндө дагы Талас жергесинде атамдын 90 жылдык мааракесин өткөрүү пландалып жатат. Биз үй-бүлөбүздүн атынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Таластын жергиликтүү бийлигине, Акмолдо айыл өкмөтүнө, жалпы уюштуруу тобуна, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобундагы аксакалдарыбызга, Райкан Алканов баштаган колдоочуларга, Баткен облусунан, башка аймактардан келген колдоочуларыбызга жана кымбаттуу биздин жердештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.

Ушу тапта “Алакан” сайты атабыздын ырларын окуу эстафетасын баштаптыр. Азыр бул демилгенин арты менен атамдын ырларын окуу социалдык тармактар аркылуу кызуу жүрүп жатат. Атабызды даңазалаган мындай иш-чаралар 2022-жылдын аягына чейин уланат экен. Демилгечилерге, жалпы күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз.

"Атам жүргөн жерлерде апамды сейилдетебиз"

Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.
Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.

-Байдылда Сарногоев элдик акын экендигин төгүнсүз. Ырлары ооздон оозго көчүп жашап жатат. Агайдын чыгармаларын кайра басып чыгаруу жаатында аракеттер барбы?

-Атабыздын дүйнө салганына 18 жыл болуп калды. Алтындай сөздөрүн укпай калганыбызга эмдигиче эле каңырыгыбыз түтөп жүрөт. Кыргыз элинде атабыздын бир куплет ырын билбегендер аз экени кубантат. Ырлары, сөздөрү “Байдикем айткандай...”, “Байдикем жазгандай...” деп эбак эле афоризмдерге айланып кеткен. “Мидинге кат” поэмасын Малик Аликеевдин аткаруусунда кайра-кайра уккум келе берет. “Ашуудан берген отчетум” деген китеби абдан популярдуу болуп кетип, элдин суранчы менен үч ирет кайра басылып чыккан. Алп жазуучубуз Анатай Өмүрканов “Байдылда” деген китепти түзүп, аны мамлекет чыгарып берген. Атабыздын көзү өтүп кеткенден кийин улуу сынчыбыз Кадыркул Даутов менен Анатай Өмүрканов түзгөн “Тандалмаларын” патриот жараныбыз Болот Шер чыгарган. Азыр эми атабыздын китептери кайра басылып чыкса деген ниетибиз бар.

-Бул эми каражат маселесине барып такалаары белгилүү. Демилге көтөрүп, колдогон тараптар барбы?

-Биздин үй-бүлөдө атам бирөөдөн наам, кандайдыр бир жардам сурап көргөн жан эмес. Биз деле атамдай болуп калыптырбыз, суранбайбыз. Чыгарып берем дегендер болсо атамдын арбагы ыраазы болсун дейбиз да.

Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.
Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.

-Байдылда Сарногоев - жумшак юмору, ыры, өзүңүз айткандай афоризмге айланып калган ширин кеби менен узун элдин учуна таанылган элдик акын. Чыгармалары менен кошо “Байдылданын батальону”, “Байдылданын таш коргону” деген аталыштар акын жашаган доорду эскертип, акындын даңазасын арттырып, өмүрүн узартып келатпайбы...

-Чын эле атамдын куйкум сөзү, ырлары азыркы заманга чейин өчпөй келе жатат. “Байдылданын батальону” деген да чындык. Атамдын "батальонунда” акын-жазуучулар, академиктерден бери болгон. Ал кезде мен кичирээк элем. Билишимче, Акбар Токтакунов, Совет Урманбетов, Абдылда Белеков, Төлөгөн Мамеев, Халил Бапаев, Амантур Акматалиев өңдүү көптөгөн белгилүү адамдар болгон. Ошол “батальондон” Төлөгөн Мамеев эле калды. Ал “батальон” Дзержинский (азыркы Эркиндик гүлбагы-ред.) бульвардагы “Сейил” ресторанында жайгашкан. Алар отурган жерди “Байдылданын таш коргону” деп коюшкан. Атам ал жөнүндө өзү да:

Байдылданын Таш коргон,
Байдылда өзү ат койгон.
Байдылда өлөт бир күнү,
Таш коргон калат таш бойдон,
Таш коргон калат жаш бойдон…” деп жазган да (күлүп).

Бир топ жыл мурун Амантур Акматалиев каза болгондо куран окуталы деп апам менен барсак бир жигит отуруптур. Ал “мен кыргызча начар сүйлөчүмүн. Нукура кыргызча үйрөнгүң келсе “Сейил” рестораны жакка бар. Ошол жерде Байдылда залкардан нукура сөздөрдү үйрөнөсүң деп кеңеш беришти эле” деп айтты эле. Минтип эскергендер көп.

Кырыз эл акыны Муса Жангазиев жана Байдылда Сарногоев. Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.
Кырыз эл акыны Муса Жангазиев жана Байдылда Сарногоев. Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.

- Ошол атаңар жүргөн жерге келип, байырлаган, эскерген учурларыңар болобу азыр?

-Биз ошол бульварга жакын жашайбыз да. Жай келгенде сейилдеп, өткөн-кеткенди эстейбиз. Апам азыр эч жакка чыкпай калган. Жакын экенине карабай, машине менен алып барып, ошол жерге сейилдетебиз.

"Атам калың журт менен кабарлаша албай калганда бук болду"

-Элдин арасында жашаган акын үйдө кандай ата, кандай жубай эле?

-Атамдын негизи эле мүнөзү шайыр болчу. “Ак калпагым”, “кыргыз элим” деп эле күйүп жүрчү. Бизге мээрим төккөн ата болду. Дегеле үнүн чыгарып кол көтөрүп, урушчу эмес. Жактырбагансып карап калчу. Бизге ошол эле жетиштүү болчу. Жакшы окугула, китепти көп окугула, китеп руханий байлык дечү. Атабыз менен шахмат ойночубуз. Атам Бразилиянын футбол командасынын күйөрманы болчу. Чогуу көрчүбүз. Баарыбыз ошого күйөрман болдук. Бильярдды укмуш ойночу эле. Бильярд ойногону Панфилов паркына көп барчу.

Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.
Сүрөт Б.Сарногоевдин үй-бүлөлүк архивинен.

-Агай ондогон китептерди жазды. Ал кишинин иштөө ыкмасы кандай эле?

-Илхом келгенде кандай жагдай болсо деле жаза берет да акын. Атам кээде катуу ойлонуп калганда тынчып отуруп калчубуз. Кээде калемсап табалбай калып, учкул саптарын жазганга үлгүрбөй калган учурлары болгон. Ошондо айтчу “учкул ойлор жарк этип келип жалп өчөт, кармай албай калсаң учуп жок болот” деп. Ошондуктан, чыгармачыл адамдын жанында калемсап менен дептери болушу керек экен деп ойлоп калам.

-Өмүрүнүн акыркы жылдары үйдө ооруп жатып калбадыбы. Анын "Бук болуп жазган арманым" деген ыры да бар. Ошол жылдары чыгармачылык менен алектене алдыбы?

-Улгайып калганда жамбашын жабыркатып алып, "Бук болуп жазган арманым" деген ырын ошондо чыгарган. Калың журт менен кабарлаша албай калгандан кийин жазган ыры болчу. Анда апамдын кең пейилин, мээримин даңазалаган.

-Акын дайыма сөз баккан адамдарды тегеректетип, “батальон” менен жүрчү да. Үйдө жатып калганда келип, ал-ахыбалын сурагандар көп эле болдубу?

-Малчыдан баштап мамлекеттик катчыга чейин келип атышты. Ошол мезгилде тунгуч ажобуз Аскар Акаев сыйлык тапшырарда атам бара албай калган. Ал атамдын чыгармачылыгын жогору баалап, “кыргыз элинин легендасы” деген. Болот Шер, Накен Касиев, Кадыркул Даутов эң жакын адамдары катары дем берип турушкан. Калемдештеринен Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетов, Алымбек Надырбеков, Түгөлбай Казаков келип турушту. Жердештеринен губернатор баштап колдоп, жөлөкпул менен камсыздап турушту. Коомдук ишмер Муратбек Мукашевдин жардамы көп болду. Ал кездеги Казакстандын Кыргызстандагы элчиси, белгилүү акын Мухтар Шаханов келип, апама Казакстандын “Алтын көпүрө” эл аралык сыйлыгын тапшырып кеткен. Өзгөчө Болот Шер менен Анатай Өмүрканов атабыздын көзү жумулгуча жанында кабагым-кашым дебей туруп беришти. Атамды колдогондорду айта берсе тизмеси өтө узун.

"Атамдай таланттар жүз жылда бир жаралат дешет"

Байдылда Сарногоев.
Байдылда Сарногоев.

-Албетте, агайдын экинчи өмүрү уланып жатат, буюрса. Балдарында, неберелеринде Байдылда акын өзү айткандай “чымындуулар” байкала элекпи?

- Атам-апамдын беш баласы барбыз. Бешөөбүздө тең кичинеден чымындарыбыз бар. Кичүү инибиз Бакай сүрөттү жакшы тартат. Айганыш Айсулуу чөбөрөлөрү да сүрөттү жакшы тартат. Айганыш ЮНЕСКОнун дипломуна татыган. Ыр жазат, бирок көрсөтпөйт. Чөбөрөлөрүнөн чыгаар деп үмүттөнүп коебуз. Негизи атамдай таланттар жүз жылда бир жаралат деп айтып атышпайбы (күлүп).

-Карлыгач деген атты атаңыз койсо керек. Дегеним, агайдын небере шакирттери болуп калат го, агайдай таланттуу, мекенчил акын, маркум Зайырбек Ажыматов да агайга таасирленип, убагында кызынын атын Карлыгач койду деп уктум эле. Кабарыңыз бар беле андан?

- Негизи Гүлсана эжемден башкаларыбыздын ысымдарыбызды атам өзү койгон. Гүлсананын ысымын бир сүрөтчү таанышы койгон экен. Мен атамдын эрке кызы болчумун. Атамды аябай жакшы көрчү элем. Каза болгондон кийин катуу стресске кабылып, ооруп, ошол бойдон оңоло албай келатам. Көп кайгыга алдырбаш керек экен деп калам.

Бир күнү Шайлообек Дүйшеев байкем чалып калды: “Бир жигит сенин атыңды кызына коюптур. Сүйлөшөт элем деп атат. Телефонуңду берейинби?”,- деди. Макул дегем. Зайырбек (анда таланттуу акын экенин билчу эмесмин) бир күнү чалып: “Сизге жолуккум келет, кызымдын атын Карлыгач койдум” деп калды. Ден соолугум жакшы болбой жатканын айтып, жолуккан эмесмин. Кийинчерээк сакайганда жолугам деп ойлоп жүргөм. Каза болгонун укканда абдан өкүнүп калдым. Ар бир ирмем өмүрдү баалап жашашыбыз керек экен. Зайырбек да кызы Карлыгачты жакшы көрөрүн, көп үмүт артып жүрүп көзү өткөнүн кийин уктум. Атасынын үмүтү акталышын тилейм.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG