Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

"Эл талап кылса сапаттуу китептер чыкмак"


Замирбек Таштемиров.
Замирбек Таштемиров.

Кыргызстанда соңку жылдары китеп дүкөндөрү көп ачылып, кыргызча китептерге суроо-талап көбөйгөнү байкалды. Басма үйлөрү окурмандардын санын көбөйтүү үчүн китеп окуу боюнча атайын сынактарды жарыялап келет. Бул иш канчалык натыйжа берет жана кыргыз окурмандарынын табити кандай? Дегеле учурдагы кымбатчылык китеп бизнесине кандай таасир этип жатат?

“ОКУ” басма үйүнүн жана Book House китеп дүкөнүнүн жетекчиси Замирбек Таштемиров менен ушул тууралуу маек курдук.

-Замирбек мырза, учурдагы кымбатчылык фонунда китеп базарындагы абал кандай? Китеп дүкөндөрдө соода болуп жатабы?

- Биздин дүкөндүн беш филиалы бар. Анда орусча дагы, кыргызча дагы китептерди сатабыз. Соода акырындык менен болуп жатат. Бирок мурдагы жылдарга салыштырганда солгун. Жалпылап айтканда, дүйнөдөгү кырдаал да таасир этип жатат. Мурда кагазды Финляндиядан алчубуз. Украинадагы согуштан улам келбей калды. Азыр Орусиядан алып атабыз. Бул дагы китеп баасына да таасир этүүдө. Биздин эл орточо эсеп менен 200-300 сомго гана китеп алат. Андан өйдө алганга күчү жетпейт. Айрым авторлор муну түшүндү окшойт. Акыркы кезде базарга ыңгайлашып керектүү, кызыктуу, бирок көлөмдүү эмес эмгектерди жазгандар бар.

Жалпысынан китеп соодасы жылдан жылга өнүгүп атат. Ошону менен катар “кара экономика” деген көйгөй бар. Китептерди басма үйүнөн же автордон уруксат албай эле басып, саткан топ пайда болду. Алар менен күрөшүү маселе жаратууда.

- Кагаз кымбаттап, китеп базарына таасир эткенин айттыңыз. Азыр дүйнө электрондук китепке өтө баштады. Бизде бул жагынан перспектива барбы?

-Статистикалык маалымат боюнча азыраак. Элибиз деле аз да чынын айтканда. Мисалы, 100-150 млн. калкы бар өлкөлөр бар. Аларда кандай китеп чыкпасын, миллиондоп сатыла берет. Ал эми бизде кыргыз тилдүү окурмандар аз. Китеп соодасы жаатында жагдай оор эле. Биздин өзүбүздүн чыгарган статистика боюнча, окурмандардын 5% гана электрондук китеп окуйт. Аудио китептердин угармандары да ушунча эле. Бирок биз ага карабай өзүбүздүн тиркемелерди даярдап, аудиосун кошуп атабыз. Анткени, бизден Америкада, Европада, Түркия, Египетте жашаган кыргыздар да китеп сурашат. Аларга китеп жеткирүү оңой эмес.

- Кыргызстанда китеп дүкөнүн иштетүү оор болсо керек?

- Оңой эмес. Мисалы, кеңсе буюмун саткандар патент менен иштей алат. Китеп дүкөндөргө андай жеңилдик берилген эмес. Мындан улам көпчүлүк китепчилер бейрасмий иштеп жүрөт. Ушуга маани берилсе, айылдарда, район борборлорунда китеп дүкөндөрү ачылып, мамлекетке салык төлөнмөк.

Биздин дүкөндөр Ошто, Баткенде бар. Нарынга ачалы десек, ижара акысы Бишкектин борборундай эле экен. Борбордун өзүндө 40 же 80 метр квадратка чейин китеп дүкөн ачам десең, шарттары оорлошуп кете берет.

Экинчиден, ЖЧК болмоюнча басма үйүн ача албайсыз. Бул дагы бир чоң көйгөй. Балким муну деле патент системасына өткөрүү оң беле...

Салык боюнча айтсак, бизде балдар адабиятынан башка китептерге жеңилдиктер каралган эмес.

- Пираттык жол менен чыгып аткан китептер мыйзамдуу жол менен чыккан китептерден айырмаланабы? Боёогу, кагаздын сапаты кандай дегендей?

- Айырмасы бар. Көбү сапаты начар кагазга басат, боёктун сапаты начар. Бирок алар да акча тапкан сайын өзүн өнүктүрүп келе жатышат. Бирок муну менен күрөшүү керек. Элден сурасак арзан болуп атпайбы, сата беришсин дейт. Анда салык төлөө маданияты кайда калат? Салык төлөнбөсө мамлекеттүүлүктү кантип кармап калабыз? Элге жакшылык кылам деп мыйзамсыз иштей берүү керекпи? Автордук укугун сатып алган, салык төлөгөн биздин иш жүрбөй калып атпайбы. Мурдагы жылдары көчөдө бестселлер деп эсептеген он чакты китеп эле сатылчу. Кечээ карасам, 22 эки китеп сатылып жаткан экен. Азыр “Дордой” менен Кара-Суу базарына тийбейбиз деп жатпайбы. Бирок ушул маселенин өзөгү “Дордойдо” жатат.

- Китеп жаатында жүргөндөрдү жогоруда айткан көйгөйлөрдөн башка дагы эмне түйшөлтөт? Мамлекет тараптан колдоо, жеңилдиктер барбы?

-Былтыр президенттик аппарат бизден белгилүү өлчөмдө китеп сатып алып китепканаларга таратты. Ал жышаан быйыл уланбай калды. Мурда Маданият министрлигине китеп сатып алууга акча бөлүнгөн. Китепчилер өздөрү келише албай жатып, кийин министр алмашып кетти. Маселе ошол бойдон чечилбей калды. Жалпысынан мамлекет тараптан тендерлер өтүп турат. Бирок баягы эле эски китептер басылып чыгууда. Заманбап китептерди басууга сунуш жок.

Коңшу Казакстан өткөн жылдары дүйнөдөгү эң мыкты миң китепти казак тилине которууга тендер жарыялаган. Басма үйлөрү мамлекеттин акчасын алгандан кийин авторлор менен келишим түзгөн. Азыр которуп, даярдап атышат. Биздин өкмөт ушундай кадамдарга барса жакшы болмок.

Ушул жерден белгилей кетейин, дагы бир чоң көйгөй - бул сапатсыз котормолор. Эл аларды кээде баамдап, кээде көз жуумп окуп атат. Бирок эл талап кылса жазуучулар, котормочулар да оңолмок.

- Маркетингди мамлекет өзү жүргүзүшү керек турбайбы?

-Китеп окуу маданияты өнүксө, коом да өнүгөт. Маселенин баары билим берүүдө болуп жатпайбы. Мисалы, 1-класстагы баланы окутсаңыз, ал 20 жылдан кийин бир нерсе ойлоп таап берет. 20 жыл алдыны ойлосоңуз, анда билим берүүгө инвестиция салышыңыз керек. Өлкөнү өнүктүрө турган ошол. Биздин ЖОЖдорубуз орус тилинен кете албай жатат. Жаштарыбыз ошого аргасыз байланып жатат. Эмнеге университеттер өзү окутуп жаткан китептерди кыргызчага которбойт? Адам илимди өз эне тилинде жакшы түшүнөт. Тилге маани бербесек өнүкпөйбүз го дейм.

Экинчиден, китеп окуу маданияты бул өзүнөн өзү түптөлө турган нерсе эмес. Буга эл дагы, мамлекет дагы баш-оту менен киришүү керек. Айталы, Билим берүү министрлиги мектептерде китеп окуу сааты деген сабак киргизсе болмок. 300-400 кызматкер иштеген кеңселерде китеп окууга шарт түзүп, чакан кеңсеси барлар китеп текче койсо болот. Мамлекеттик бир мекемеге киргенде китепкана, китеп текче көргүм келет. Жалпы эл маани берип, атайын иштер жүрмөйүнчө бул маселени чечүү кыйын.

Биз өзүбүз китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында Book House китеп дүкөнүн ачканбыз. Бизге келгендер китеп албаса да жөн эле окуп кетсе болот. Көбүнчө студенттер келет.

- Казакстан тууралуу айтып калдыңыз. Китеп жөнүндө маалыматтарды карап атып, аларда кайсы бир жылдары оппозицияда жүргөн саясатчылар же белгилүү адамдар жазган китептер өтүмдүү болгонун окуп калдым. Бизде кандай китептер окумдуу?

- Менимче, муну бөлүп талдаш керек. Бизде орус тилдүү анан кыргыз тилдүү окурмандар бар. Орус тилдүүлөр негизинен көркөм адабиятты көп алышат. Айрыкча орус тилдүү жаштарыбыз фантастика жанрына кызыгат экен. Кыргыз тилдүү жаштарыбыз өзүн өзү өнүктүрүү же шык берүүчү китептерге басым жасашат. Кыргыз тилдүүлөрдүн улуураактары бала тарбиялоо жаатындагы китептерди көп сурашат. Улуу муундагы адамдар көбүнчө кыргызча көркөм чыгармаларды анан диний китептерди окушат. Бирок жалпылай айтканда, 40 жаштан өйдө муун китепти жаштарга караганда аз сатып алат.

- Сиздердин дүкөндүн бир капталындагы текчени диний китептер ээлеп турганын көрдүм.

- Китептерди минтип аралаштырып сатканыбыздын өз себеби бар. Диний китептерди окуп жүргөндөрдүн көбү адабияттагы өзгөрүүлөрдөн кабарсыз болушат. Алар келип, таанышып көргөндөн кийин көркөм адабиятты алып кетишет. Шык берүүчү китеп окугандар дин тууралуу билгиси келиши мүмкүн. Башкача айтканда, биз окурмандардын, чөйрөлөрдүн бири-бири менен таанышуусуна шарт түзүп бердик. Биз бирок Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тыюу салган китептерди сатпайбыз. Кайсы китептерди сатууга болбойт деген атайын тизме да бар. Калган кыргызча китептерди эне тилди колдоо максатында сата беребиз.

- Советтик мезгилде айрым китептерди сатууга тыюу салынчу экен. Өткөн жылы Беларуста Жорж Оруэллдин “1984” китебин сатууга тыюу салынганы кабарланды эле. Бизде андай көрүнүш жокпу? Жогору жактан чалышып, бул китепти сатпагыла деген учур болду беле?

- Андай чектөө болгон эмес. Болбой эле койсун деп ниет кылабыз. Китеп жаатында түркүн түрдүү ой жашашы керек. Кайсы китепти окуу керек, кайсы китепти окуп кереги жок дегенди окурман өзү талдап алат.

Подкастты бул жерден угуңуз:
"Кыргызстанда 300 сомдон өйдө китептер жакшы өтпөйт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:31 0:00

- “ОКУ” басма үйү жана Book House дүкөнү жыл сайын окурмандар арасында китеп окуу боюнча онлайн сынак өткөрөт экен. Быйыл да чоңдор үчүн баш байгеге 30 миң сом, балдар үчүн 15 миң сом сайган экенсиздер. Бирок китепти адам баласы минтип соодалашпай эле окуганы оңдур. Эмне дегенде байге утат элем деп, эмне окуганын эстеп калбаса кандай болот?

- Өнүккөн коомдо китепти соодалашпай эле окушат. Бирок биз жаштарды ушул жол менен болсо да окусун деп жатабыз. Сынакка туруктуу катышып, чындап китеп окууга кызыгып кеткендер бар. Өткөндө 5-класстагы бала “мен катышсам болобу?” деп сурап жазыптыр. Аны көрүп бир сүйүндүм.

Сынактан кийин “балама жок дегенде сертификат берип койгулачы, китеп окууга кызыгуусу өчпөсүн” деген суранычтар болот. Жыл сайын күздө, кышында, жазында өткөрөбүз. Азыркы сынактын жыйынтыгы 26-февралда чыгат. Сынакка катышкан окурмандар ага чейин Дейл Карнегинин “Достошуу жана тил табышуу өнөрү” деген эмгегин окушу керек. Студенттер үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Саманчынын жолу” чыгармасын, балдар үчүн Тойчубек Сагындыковдун “Элдин балдары” китебин койдук. Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзөт.

Башында айткандай, биздин максатыбыз китеп окуу маданиятын жайылтуу. Балдар окусун деп дүйнөлүк адабияттагы бестселлер болгон, классикага айланган китептерди которуп келебиз. Аны менен эле тим болбой, балдар үчүн жазган авторлорду да таптап атабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG