Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевге арналган эки китеп жарык көрдү


Бүгүн, 3-февралда коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Табылды Эгембердиев тууралуу эки китептин бет ачары жана эскерүү иш-чарасы өттү.

"Оо, дарегим! Оо, карегим!" аталышындагы китепте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарындагы саясий-экономикалык жана социалдык-маданий абалын чагылдырган Эгембердиевдин публицистикалык макалалары камтылса, "Көчмөн жаратман" аталышындагы экинчи эмгекте анын үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын эскерүүлөрү камтылган. Түркиядан басылып чыккан китепти журналист Бахтияр Шаматов түзгөн.

УТРКда өткөн эскерүү кечесине белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

“Шоро” компаниясын, этнографилык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген ишкер, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG