Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусиянын казак медиасына басымына байланыштуу ачык кат жолдонду


Казакстанда басма сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” фонду Arbat.media басылмасы Украинадагы согуш жөнүндө макаласы үчүн Орусиянын сотуна чакырылганын айтып, Казакстан өкмөтүнө ачык кат жолдоду.

Катта соңку айларда кеминде казакстандык тогуз медиага Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө федералдык кызматынан (Роскомнадзор) айрым материалдарды өчүрүү жөнүндө буйрук түшкөнү белгиленген.

“Адил сөз” өкмөттөн Орусиянын мамлекеттик органдары кайсы эл аралык милдеттенмелердин негизинде казакстандык ЖМКларды жана журналисттерди сотко чакырып жатканын сураган.

31-январда Казакстандык Arbat.media порталына Украинадагы согуш тууралуу материалы үчүн Орусиянын Владимир шаарындагы Ленин райондук сотуна чакыруу келген.

Роскомнадзор буга чейин бир нече казак жана кыргыз маалымат каражаттарынан Украинадагы согуш тууралуу макалаларды өчүрүүнү талап кылган. Мындай билдирүүлөр NewTimes.kz, Ratel.kz, Exclusive.kz, Kloop.kg, Vlast жана "Информбюро" басылмаларына келген. Бирок эч бири сотко чакырылган эмес.

Роскомнадзордун талабын бир гана Newtimes.kz сайты аткарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG