Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Киевде саммит башталарда абадан чабуул тууралуу эскертүү берилди


Евробиримдиктин аткаминерлеринин жана Украинанын президентинин Киевдеги жолугушуусу. 2-февраль, 2023-жыл.
Евробиримдиктин аткаминерлеринин жана Украинанын президентинин Киевдеги жолугушуусу. 2-февраль, 2023-жыл.

Жума күнү Киевде Евробиримдик-Украина саммити башталарда абадан эскертүү берилип, шаар бийлиги жарандарды жакын жерлердеги баш калкалоочу жайларга барууга чакырды.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен баштаган 15 комиссар Киевге 2-февралда келген. Жума күнкү жыйындардын күн тартибинде украин элине аскердик, финансылык жана саясий жактан колдоону көбөйтүү, Украинаны биримдикке кабыл алууга байланышкан маселелер бар.

Акыркы айлардагы орусиялык ракеталык соккулар Украинада ондогон карапайым калктын өлүмүнө себеп болуп, ызгаарда электр тармагына зыян келтирүүдө.

Москва Украинадагы жайкын тургундарды бутага алып жатканын далилдер жана көрсөтмөлөр болгонуна карабай четке кагып келатат.

Кремль Батыштын Украинанын колдоп жатышы - "жаңжалды ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт" деген турумду карманууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG