Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Былтыр жолдорго асфальт төшөө иши 3,2 эсе көп жасалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр жолдорго асфальт төшөө иши ага чейинки жылга салыштырганда 3,2 эсе көп жасалганын бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.

Анын айтымында, министрликке караштуу тармакка былтыр өкмөттөн 8,7 миллиард сом бөлүндү. Бул 2,5 эсе көп, себеби 2021-жылы 3,8 миллиард бөлүнүп берилген:

“Асфальт жолдор 488 чакырым басылды. 2021-жылга салыштырганда бул 3,2 эсе көп”.

Кыргызстанда автомобилдик жолдордун көбү совет учурунда курулгандыктан азыр эскилиги жеткен абалда турат. Жолдорду жаңылоо ишин өкмөт негизинен Кытай өкмөтүнөн алган насыяга жүргүзүп келет.

Өлкөдө жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырым, анын 18 миң чакырымы министрликтин карамагында. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG