Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Эсептөө палатасы "Кумтөрдүн" эмерегине 2,3 миллион доллар корогонун билдирди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Эсептөө палатасынын аудиттик отчетунда "Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин кеңселерине эмерек алуу, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону маалымдалды.

Жаңы эмерекке буюртма берүү, жеткирүү жана орнотууга 1,43 млн. доллар, дизайнын иштеп чыгууга 31 миң доллардан ашык, мындан сырткары башка чыгымдарга деп 790 миң доллар корогону белгиленген. Эмерек сатып алуу үчүн Италия, Түркия, Беларустун компаниялары менен бир нече келишимдер түзүлгөнү көрсөтүлгөн.

"Кумтөр" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердигинин аудиттик отчету бүгүн, 3-февралда Эсептөө палатасынын расмий интернет баракчасына чыкты. Анда "Кумтөр" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки материалдык чыгымы, ишмердиги толук берилген.

2022-жылдын январь айынан июнь айына чейин "Кумтөр" компаниясы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган. Мындан тышкары, "тимбилдинг" деп аталган эс алууга кеткен чыгымдар, кеңсе ижарасына корогон каражат ж.б. маалыматтар чыкты.

Эсептөө палатасынын Министрлер кабинетине аудиттик текшерүүнүн негизинде компаниянын чыгымдарын текшерүү үчүн бир нече сунуштарды жолдогон.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү. Кылмыш иштин алкагында "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалган. 2023-жылы 19-январда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG