Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Шаарды таза кармоого ар бирибиз милдеттүүбүз  


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиа каражаттары менен кызматташып келет.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Таштандыларды бөлүп чогултуу тууралуу акыркы кезде демилгелер көтөрүлүп, атургай сыртына кайсы таштанды чогула турганы жазылган контейнерлер борбордо коюлуп жатканын көрдүк.

Демилге дурус, бирок аягына чейин ишке ашса сонун болор эле. Себеби, бөлүнүп чогулган таштандынын кайра иштетиле турганы аларды иштетүүчү ишканаларга, ал эми жок кылынуучу бөлүгү атайын таштанды заводуна барбайт да, кайра эле баары шаар четиндеги таштанды талаасына төгүлгөнү жатпайбы. Анда эмнеге аларды сорттоп убара тартабыз?

Ошон үчүн Бишкектеги таштанды маселеси тууралуу социалдык тармактарда көп жазган адам катары оюмду айта кетүүнү эп көрдүм. Ондогон жылдар бою таштанды маселесин чечүү тууралуу далай өкмөт башчылар, борборго мэр болгон жетекчилер айтып келишкен. Бирок маселе аягына чейин чечилген эмес. Чечүүгө аракет кылып, эл аралык донорлордон чоң суммадагы каражат алынганы менен, ал дагы талаптагыдай пайдаланылбай, миллиондогон евро азыр кредит катары элдин мойнунда. Бул тууралуу “Азаттык” иликтөө жасаган.

Ушундан улам, атайын берилген чоң каражатты жөндөп пайдалана албагандан кийин, дегеле мындан ары да таштандыны кайра иштетүүчү завод Бишкекте куруларына ишенич жок.

Ал эми көптөгөн шаардыктардын да таштанды көйгөйүнө кайдыгер экендигин күнүмдүк жашоодон көрүп келебиз. Жеген момпосуйдун кагазын, ичкен суусундуктун бөтөлкөсүн, чеккен тамеки калдыгын, желим баштыктарды турган жерге таштап баса берүү кадимки адат болуп калган. Өзүм жашаган үйдүн тегерегин терип тазалап, кээде кичинекей кыздар-балдарды ээрчитип алып таштандыларды чогуу тазалап, аларга таштандынын зыянын айтып берген учурум көп эле болот. Бирок таза болуунун тамыры үй-бүлөдөгү тарбияга, ата-эненин жүрүм-турумуна абдан байланыштуу. Үй ичинде бала эмнени көрсө, сыртта да ошону жасайт. Адегенде чоңдорду таштанды таштабоого үйрөтүү, ооба, үйрөтүү зарыл экендигине менин көзүм жетти. Он кабат үйдө турганыма он жылга жакын болду, ошол аралыкта подьезддерге таштанды таштап, ыргытып кеткен чоңдорду тыйганыбызга аз убакыт болду. Шаардын жалпы абалы таза эместигинен улам, башка жактарда жашагандардын мамилеси да ушундай экени көрүнүп жатат. Ошон үчүн таштанды таштабоону адегенде баарыбыз үйрөнүшүбүз зарыл болуп турат.

Шаардыктардын аң-сезимине үйлөрүбүздүн ичи эле эмес, көчөлөр, тротуарлар, аялдамалар, дегеле коомдук жайлардын бардыгы таза болушуна ар бир адам милдеттүү деген түшүнүктү сиңирүү керек. Дегеле таштанды, шаарды тазалоо маселеси боюнча борбордун мэриясы өзүнчө чоң иш алып барышы керек деп ойлойм. Шаар тазалыгын күнүмдүк кирди-чыкты иш катары кароо такыр туура эмес.

Ал эми борбордун таштанды тазалоочу муниципалдык ишканасы дагы өз ишинин натыйжалуу болушун көздөп, иштөө стилин өзгөртүүсү зарыл, антпесе жыйынтык болбойт. Бишкектин Октябрь районун бир топ убакыт мурда “Комтранском” жеке ишканасы тазалап келген. Бирок өткөн жылдын күзүндө бул ишкана өз милдетин жакшы аткара албагандыктан, таштандыларды тазалоо шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлгөн. Бул иштин жакшы жагы көрүнө элек, себеби биздин район мурда кандай таза эмес болсо, дал ошондой эле кала берүүдө. “Тазалык” муниципалдык ишканасы азыр борбор шаардын тазалыгын толугу менен мойнуна алган, бирок шаардын бардык аймактары таза эместигин күндө көрүп келебиз. Анын жумушчулары атайын жерлерге коюлган таштанды контейнерлерди бир жарым – эки сутка ичинде бир тазалап кетишет, болду. Ал эми ошол жердин айлана-тегереги булганган, чачылган бойдон калып эле келе жатат.

Бир жолу “тазалыкчылардын” машинасы келгенин көрүп, атайын басып бардым. “Иш илгери, жигиттер! Силерден сураныч, эки метр турган тетиги жерлерди да тазалай кеткилечи? Анан аркасын да карасаңар, ал жер үй-жайы жок адамдардын жайы болуп калган. Сынган керебет, булайган матрастар, желим идиштер жайнап жатат, ошолорду да тазалай кетсеңер?” Өзүн ушул райондун кураторумун деп тааныштырган жигит “биздин жобо боюнча биз контейнерлерди гана бошотуп кетишибиз керек, ал эми тиякта чачылып жаткандарды наркы үйдүн жашоочулары тазалашы керек”. “Ошо үйдүн жашоочулары тазалабаган үчүн силерге кайрылып жатам да. Колуңарда күрөк, тырмоо бар экен, мыйзам тилинде эмес, адамча суранам, тазалай кетсеңер?” деп жатып тазалаттым. Демек, “Тазалык” муниципалдык ишканасы өзүнүн ички жобосун да карап чыгыш керек го деп калдым.

Шаарда жашагандардын намысына, патриоттугуна тие турган атайын иш-чараларды активдүү, үзгүлтүксүз өткөрүү, муниципалдык ишканалардын иштөө стилин өзгөртүү, жетиштүү жаңы техника менен камсыз кылуу, кардарлардан карызын өндүрүү үчүн атайын чараларды көрүү абдан зарыл. Бир шаардык болгону айына 22 сом 50 тыйын төлөсө аны да убагында төлөбөсө, дегеле тазалык тууралуу талап кылууга акыбыз барбы?

Мындан тышкары, шаардын ар кайсы аймагына улам жаңы көп кабаттуу үйлөр курулуп, аларда адамдар жашап жатышат, бирок алардын бардыгы тең таштанды таштоочу атайын контейнерлерди коюшпайт. Натыйжада таштанды көп чыгып, контейнерлер жетишпейт. Ал эми азыркы контейнерлер да атайын эл аралык донорлордун жардамы аркылуу коюлган.

Акырында айтаарым, Бишкекте таштанды маселесин аягына чейин чечүү үчүн шаар мэрине толук эркти, убакытты жана мүмкүнчүлүктү берүү зарыл. Шаар бийлигинин тез-тез алмашуусу да бул багытта жыйынтыктуу иш жасоого дайыма тоскоол болуп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG