Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 12:48

Таштандыдан пайда тапса болот


Бишкектеги таштанды талаасы.

Расмий маалыматтарга таянсак, Бишкекте күнүнө 400 тоннага жакын таштанды чогулат. Алар шаардан 11,5 км узактыкта жайгашкан полигонго төгүлөт. 48 жылдан бери таштандыга толгон полигонду алмаштыруу маселеси соңку жылдары көп көтөрүлө баштады.

Дүйнөдө таштандыны кайра иштетип, андан пайда табуу эчак жолго коюлган. Бирок бизде бул маселе дале курч бойдон турат.

Ошондой болсо да калк арасында таштандыларды кайра иштетип, чакан ишкерлик жүргүзгөндөр да бар. Алардын бири - баш калааны тазалоого салым кошуп жаткан Бишкек шаарынын тургуну Алексей Веденев. Ал 20 жылдан бери тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү менен алектенет. Биогаз технологиясын өз колу менен жасап алган.

Тамак-аш калдыктары кайра иштетүү үчүн даярдалып жатат.
Тамак-аш калдыктары кайра иштетүү үчүн даярдалып жатат.

- Бул аябай пайдалуу бизнес. Анткени айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге киреше да алып келет. Кафелерден биоташтандыларды чогултуп келип, андан биогаз жана жер семирткич алабыз. Аны өзүбүз колдонобуз, ашканын сатып, киреше табабыз. 1 тонна биоташтандыдан 1 тонна жер семирткич, 150 куб. газ алса болот. Мындай технологияны мамлекет көбөйтүп, элди таштандыны ылгап, тагыраагы кагазды өзүнчө, металлды өзүнчө, тамак-аштын артканын өзүнчө ыргытууга үндөсө, ишибиз бир аз жеңилдемек, - деди ишкер Веденев.

Ишкер бул бизнестен жылына канча киреше табарын айткысы келген жок. Бирок биоташтандыны кайра иштетүү учурдун талабы экенин кошумчалады:

Алексей Веденев.
Алексей Веденев.

- Мен жугундуну кафелерден гана алам. Элден алайын десең, эч ким өзүнчө бөлүп таштабайт. Башка таштанды менен чогуу полигонго төгүлүп, ирип-чирип жатат. Алардан жагымсыз жыт чыгат, айрыкча жайкысын ар түрдүү оорулардын чыгышына себеп болот. Эгер бул бизнеске кызыккандар көбөйсө, өзүнө да, өлкөнүн тазалыгына да салым кошмок.

Вячеслав Владимиров аттуу ишкер да таштандыны кайра иштетүүнү колдойт. Ал айрыкча желим баштыктан жана бөтөлкөдөн кооз эмерек, бышык курулуш материалдарын да жасаса болорун айтып берди.

- Желим баштыкты талаага таштасак, ал 100-200 жыл дегенде араң жок болот. Бирок аны эритип жолдун чуңкурларына куйса, цементтен да күчтүү, бышык касиети бар. Бишкектин таштандыларынын басымдуу бөлүгүн дал ушул полиэтилен жана тигүү цехтеринен чыккан синтетикалык материалдар түзөт. Тигүү цехтери материалдардын кесиндисин эмне кыларын билбей өрттөп, абаны булгашат. Андан көрө полиэтилен менен кыркындыларды аралаштырып, алардан эмерек, курулуш материалдарын жасаса болот, - деди ишкер.

Вячеслав Владимиров жогоруда айткандай, учурда баш калаадагы көп сандаган тигүү цехтери да абанын булганышына салым кошуп жаткандай.

Бишкектин чет-жакасындагы конуштардын айрым тургундары кездеменин өөндөрүн кышкысын мешке жагып жатканы айтылып жүрөт. Тигүүчү Гүлмира Абдуллаеванын айтымында, чакан цех үч-төрт күн иштегенде кездеменин кыркындысы бир тоннага жетет.

- Биздин кичинекей цехибизден эле үч-төрт күндө бир тонна материалдын кыркындысы чыгат, - дейт ал. - “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишчилеринен суранып, 1000 сом берип жатып кутулабыз. Кээде цехтин айланасындагы тургундар үйлөрүн жылытып же мончого жагыш үчүн алып кетет.

Кыргызстан таштанды көйгөйүн чече албай, башын мыкчып турган чакта өнүккөн өлкөлөрдө бул маселе эчак жолго коюлган.

Мисалы, мен былтыр Германияга кыска убакытка барып, ал жерден таштанды үч-төрткө, кээ бир жерлерде жети-сегизге чейин бөлүнүп атайын челекке салынганын көрдүм. Мисалы, сары түстөгү челекке желим, күрөң түстөгүсүнө тамак-аш калдыктары, көгүнө кагаз салышат экен. Мындан тышкары дээрлик бардык дүкөндөрдө желим бөтөлкөлөр кайра кабыл алынат.

Эгер сиз дүкөндөн суусундук ала турган болсоңуз 0.25 еврону ашыкча төлөйсүз. Бирок бөтөлкөнү кайра өткөргөн учурда 0,25 евроңузду кайтарып аласыз.

Бул өлкөдө таштандынын дээрлик бардык түрү кайра иштетилет. Иштетүүгө мүмкүн болбогон нерселер заводдордун жанындагы чуңкурга төгүлөт.

Айлана-чөйрөгө зыян келтирбеш үчүн чуңкурдагы таштандынын үстү полиэтилен пленка менен жабылат. Жер астындагы сууга зыяндуу заттар кошулбашы үчүн чуңкурдун астына да атайын материал төшөлөт.

Немистер кайда болбосун жаратылышка аяр мамиле кылышарын байкадым. Баары жөнөкөй нерседен башталат эмеспи. Балким биз да атайын завод курулуп бүткүчө таштандыны сорттоого үйрөнсөк кантет?

Баса, 2013-жылы Европа реконструкция жана өнүгүү банкы таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга 22 миллион евро бөлгөн. Анын теңи насыя, теңи грант түрүндө берилген.

Долбоордун ошол кездеги башчысы Альмира Гинятуллина маалымат булактарынын бирине "2016-жылдын аягында куруу иштери жыйынтыкталат" деп сөз берген.

Нуриза Тойгонбаева.
Нуриза Тойгонбаева.

Бирок, күнү бүгүнкүгө чейин куруу иштеринин мөөнөтү создугуп, таштанды маселеси чечилбей турат.

Нурзида Тойгонбаева, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG