Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

"Таштандыга толуп кетти". Бишкек мэрине нааразылык күчөдү


Эмилбек Абдыкадыров
Эмилбек Абдыкадыров

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун ишин сындагандар анын шаарды башкаруудагы кемчиликтерин айтып, "кетсин" деген талапты коё баштады. Шаардык кеңеш менен жогорку бийлик коомдо айтылып жаткан пикирлерге жооп кыла элек.

Эмилбек Абдыкадыровдун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жатканына алты ай боло элек. Бул мезгил ичинде шаар тургундарын жайкы ысык аптаптагы көчөдөгү санитардык тазалык маселеси өзгөчө кабатырга салып жатат. Алар калаа башчысы өзүн тыңгылыктуу башкаруучу катары көрсөтө албаганын, тазалык жаатында чечилбеген көйгөйлөр көбөйүп кеткенин айтып жатышат.

"Азыркы мэр келгенден бери биз шаарда эч кандай өзгөрүүнү көрө элекпиз. Баягы эле көрүнүш, кадимки таштандыга толгон Бишкек. Таштанды өз убагында тазаланбайт, жол четинде куураган дарактар, алар өз убагында каралбайт. Кээде унааны көлөкөгө койгонго да коркосуң. Ошолорго мэрия көңүл буруп, өз убагында кыркып-бутап туруш керек да", - дейт шаар тургуну Жеңишбек.

Калаанын дагы башка жашоочусу Жаңылай шаардын жакшы тазаланбай жатканына нааразы.

"Азыркы мэрдин кандай иштеп жатканы аябай эле билинип жатат. Мэр кызматын ээлеп эле отурганы болбосо, коомдук жайлардагы окуяларга көз жумуп эле кетип жаткандай болуп жатат. Азыр, көрүп жатасыз, шаардын бардык жерлери таштандыга толуп кетти. "Таштандыга айланган шаар" деп айтсак дагы болот. Кайсы жерди караба таштандылар. Мисалы, мурдагы мэрлердин ишинде мындай нерселерди байкачу эмеспиз".

"Тазалыктан" арбыган сын

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси 29-июлда дайындалган. Муну менен мекеменин директору жыл башынан бери үчүнчү жолу алмашты. Буга чейинки жетекчилерге да шаардын санитардык абалы боюнча курч сындар айтылып, ишкананын жамаатынан да нааразылыктар чыгып келген.

Расмий маалыматка ылайык, "Тазалыкта" жалпысынан 1500 кызматкер иштейт. Таштанды ташыган 52 унаасы бар болсо, анын он бири бузулуп, иштебей турат. Ишкана жетекчисинин орун басары Марат Алдашүкүровдун айтымында, кырдаалдан чыгуу үчүн 1-августтан баштап Биринчи Май районунун аймагындагы таштандыны тазалоо иши келишимдик негизде "Эко Проф" аттуу фирмага берилген.

Марат Алдашүкүров
Марат Алдашүкүров

"Бул акыбалга алып келгендин бирден-бир себеби "Тазалык" ишканасынын таштанды чыгара турган техникаларынын бузулушу себеп болду. Таштанды ташуучулардын бузулганына байланыштуу биз жеке компанияга кайрылып, 15-августка чейин таштанды ташуу боюнча жардам бериңиздер деп сурандык. Андан кийин, биз буюрса техникаларыбыздын бүт баарын иретке келтирсек, кызматыбызды кайрадан улантабыз деген ойлорубуз бар. Биз да бул кызматка мен директордун орун басары жана директор кечээ жакында эле, 29-июлда келдик. Ушундай түйшүктөр көп экен, азыр ушунун үстүнөн иштеп атабыз. Жакынкы арада бул түйшүктөрдүн баары 100% чечилет деп жарандарыбызды ишендирип кетем".

Бирок 11-августта "Тазалык" ишканасынын жүздөй кызматкери нааразылык акциясына чыгып, таштанды көйгөйүнүн жаралышын шаар жетекчилеринин кызыкчылыгындагы иш катары сыпатташты. Ишкананын атын атабаган кызматкери бардык иштер Биринчи Май районунун аймагындагы таштанды тазалоону "Эко Проф" фирмасына берүү үчүн жасалма түрдө болуп жатканын айтты.

"Азыр Биринчи Май району боюнча 9 техника токтоп турат. Азыр эми-эми чыгарып келатат, 1-августта жалпысынан 35-40тай техника ремонтто токтоп турган. Азыр 20-25тей техника ремонтто турат. Мунун баары "Тазалыкты" жеке колго бериш үчүн жасалма түрдө болуп жатат. Ушундай иштин башталганына 3-4 ай болуп калды. Негизи "Тазалыкты" жеке менчик компанияларга беребиз деген сөздүн козголгонуна жарым жылдан ашып калды. Анда вице-мэр Сазыкулов деген болчу, азыр ал Биринчи Май районунун акими. Бул жерде акимдин, мэрдин, вице-мэрдин, бизге 29-июлда жаңы келген директор менен орун басарынын өздөрүнүн кызыкчылыгы болуп атат. Элди ойлоп койгон жок".

Социалдык тармактарда соңку күндөрү калааны тазалоодогу кемчиликтерди сындап, бул үчүн калаа башчысына чара көрүүнү талап кылган билдирүүлөр жазыла баштады.

"Программалык иштер жетишпей жатат"

Абдыкадыров кызматка дайындалгандан бери жарандык активисттер андан шаарды башкаруу боюнча программасын талап кылып келет. Алгачкы маалымат жыйынында мэр шаардын башкы планы жаңыдан жасалып, курулуштар ошонун алкагында гана жүргүзүлөрүн айткан.

Абдыкадыров кызматка келгени мэрия эки стратегиялык программа иштеп чыккан.

Биринчиси, Бишкек шаарын 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа. Программада борбор шаарды жарандардын жашоосу, иштөөсү үчүн жашыл жана жагымдуу чөйрөсү бар заманбап шаар, билим берүү жана маданият борбору, капиталды жана туристтерди тартуу борбору, өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткычы катары өнүктүрүү көз карашын камтыйт.

Экинчиси, 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы. Анда фискалдык саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары камтылган.

Жарандык активист Атай Бейшенбек аталган программалар шаар тургундары үчүн сиңимдүү болбогондуктан, аткарылган иштер чаржайыт жана натыйжасыз болуп жатат эсептейт.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

"Чын-чынына келгенде бул киши башында келгенде "буга чейинки программаны активисттер реферат деп сындады эле, чынында реферат болуп калыптыр, мындай программа жарабай, мен өзүм жазам" деген да. Анан кийин ошол программаны кабыл алган. Тилекке каршы, программасы, көз карашы жок, бүгүн-эртең эмне кылам деген планы жок мэр эч кандай натыйжа алып келе албайт. Азыркы учурда биз шаардыктар көргөнүбүз так ушундай көрүнүш болуп жатат. Биз алдына «муну аткарсаң жакшы, муну аткара албай калсаң демек жетише албай жатасың» деген эч кандай индикатор койгон жокпуз. Индикатор болчу программасы, тилекке каршы, шаардыктар үчүн толук кандуу презентация болгон эмес, тургундар тарабынан толук кандуу кабыл алынган эмес. Ошондуктан кемчиликтер кетип жатат".

Мэрдин кадрларына күмөн көп

Абдыкадыров буга чейин мэрдин ыйгарым укуктарын төрт райондун акимдери менен бөлүшүп, алардын милдеттерин, ыйгарым укуктарын күчөткөнүн билдирген. Анын көз карашында, шаардагы тротуар, сугат жана таштандыны тазалоо иштерин акимдер өз колуна алышы керек. Июль айынын башында мэр кызматтагы жүз күндүгүнүн жыйынтыгын жарыялап жатып, муниципалдык аймактагы кызматтарга жалаң кесипкөй жетекчилерди дайындап жатканын билдирген.

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

"Кадр маселеси баарын чечерин биз жакшы билебиз. Менин «кесипкөйлөр иштеш керек» деген терең принцибим бар. Бирок, өзүңүздөр байкадыңыздар, мына көп жетекчилер алмашты. Бирок, бир да жетекчи «мени туура эмес алып койду же мен иштейт элем» деген жок. Мен ошолорго эки ай убакыт бердим. Кесипкөйлөрдү коюп атам. Мен койгон кадрларда менимче эч кимдин күмөнү жок деп ойлойм. Бир гана принцип – кесипкөйлүк сапат. Качан гана биздин тармактарда кесипкөйлөр иштесе, өз ишин билген, сүйгөн шаарыбыз өнүгөрүнө мен терең ишенем».

Мындан көп өтпөй, Коррупцияга каршы координациялык кеңештин 19-июлдагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев калаа башчысын курулуш тармагындагы башаламандыктар боюнча сындады. Ал мэрияда үч вице-мэрдин дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча дагы текшерүү жүрүп жатканын белгилеп, анын жыйынтыгына карап чечим кабыл аларын эскерткен.

Ошол эле жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да шаар мэрин мурдагы ишмердигинде күмөндүү жагдайлар байкалган кадрлар менен иштешип жатканын сынга алган.

Акылбек Жапаров жана Курманкул Зулушев
Акылбек Жапаров жана Курманкул Зулушев

“Мобу үч барактан жазыптыр, "Асаналиев деген күнөөлүү, 1974-жылдан бери ушул киши баарын жайлап атат" деп. Анан сиз ушуну «БишкекГенплан» деген уюмдун башына коюп атасыз. Бул аябай оор айыптоо да. Абдиев деген Мамкурулушта иштеген. Сиз өзүңүз айтпадыңызбы «ушунун баарын Мамкурулуш жасаган» деп. Мамкурулушта кылгылыктын баарын кылып койгондорду, СИЗОго да жатыптыр, прокуратура тарабынан да аныкталыптыр. Баары жасалыптыр. Эмне үчүн ушундай кишилерди алып атасыз? Сиз мага айтканда «Сабаттуу, таза, жакшы кишилер менен иштешип атам» деп эле айтып жүрбөйсүзбү”, - деди Жапаров.

Өкмөт жетекчилиги менен көзөмөл органынын сын-пикирлери боюнча мэр Абдыкадыровдун өзүнөн пикир алууга мүмкүн болгон жок. Анын ордуна жооп берген мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назгүл Жамгырчиева «БишкекГенплан» ишканасынын жетекчиси Ж.Асаналиев өз каалоосу менен жумуштан кеткенин, ал эми вице-мэр К.Абдиевдин кандайдыр бир ишке күнөөлүү экендиги сот тарабынан аныкталбаган соң ага карата айыптоо сөздөрүн айтуу туура эместигин билдирди.

Назгүл Жамгырчиева
Назгүл Жамгырчиева

«Координациялык кеңештен кийин дарыоо эле расмий маалымат чыккан. Ага ылайык, "БишкекГенпландын" жетекчиси Ж.Асаналиев өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Ал эми Б.Абдиев туурасында айта турган болсок, эгерде ошол күндөн тартып ушул күнгө чейин укук коргоо органдары, прокуратура, сот органдары же УКМК тарабынан кандайдыр бир иликтөчу иш-чаралар жүрө турган болсо сөзсүз түрдө бизге, маалымат кызматына маалымат жетмек. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы андай документ келген эмес. «Күнөөсүздүк презумпциясы» деген бар, эгерде мындай документтер жок болсо, демек иштен бошотуунун кандай негизи бар?».

Депутаттар күзүндө баа берет

Мэриянын маалыматына ылайык, шаар алкагында 15 мектеп менен 1 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Сегиз мектеп 1-сентябрга, калганы 15-сентябрга карата толук бүтөт.

Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Асылбек Акылбеков мэр Э.Абдыкадыров шаар тургундарынын жашоосун жеңилдетип, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууну жолго салганга аракет кылып жатат деп эсептейт. Ал эми мэрдин командасынын шаардын санитардык тазалыгы, ирригациялык тутумдарды жакшыртуу жана 15 мектептин пландалган курулуштары боюнча кемчиликтери көп экенин, муну шаар депутаттары эс алуудан келгенден кийин карай турганын билдирди.

Асылбек Акылбеков
Асылбек Акылбеков

"Бааны жалпы эмес, багыттар боюнча бериш керек. "Тазалыктын" деңгээли түшүп кеткендиги менен мен макулмун. Анын үстүнө "Тазалыкка" абдан көп каражат бөлүнүп жүрөт жана дагы деле бөлүнүп жатат, субсидиялар абдан көп берилет. "КомТрансКомго" бир тыйын берилбесе да, "Тазалыкка" жыл сайын 600 млн. сом бөлүнөт. Санитардык тазалоо деп аталат, бирок ошону деле көргөн жокпуз. Бул багытка мен толук кандуу кошулам. Биринчи Май районундагы мектептердин жумуштарын көрүп биз «бул мектептер 15-сентябрга чейин бүтүш керек" деп айтып атабыз. Бүтүрүүгө шарт барбы-жокпу биз алдын ала көрүп атабыз, менин оюмча, алардын бүтүшүнө чоң күмөнүм бар. Бардык иш мэрдин эле эмес, анын командасынын жана иштешип жаткан подрядчылардын иштөө жөндөмүнө байланыштуу. Эгер бүтпөй калса, мэрдин жумушуна ошол мектептердин жыйынтыгы боюнча да баа беребиз".

Бишкек шаардык кеңешинин дагы бир депутаты Рысбай Аматов мэрдин ишмердигине нааразылыктардын күчөгөнүн байкап жатканын, бирок ал боюнча чечкиндүү чечим кабыл алууга шаардык кеңештин укугу жетишсиз экенин айтты.

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

"Ал боюнча нааразылыктарды байкап, көрүп турабыз. Биз 1-июлдан 1-сентябрга чейин каникулдабыз. Ошондуктан, азыр депутаттар чогулбай эле, расмий түрдө эч ким деле демилге көтөрүп чыга элек. Биз башынан эле сунуштап, көп нерсени айттык. Жыйынды үзбөй, такай өткөрүп аттык. Бир жыйынга өзү келип "орун басарлардын убактысын алып жатасыңар, жыйыныңарга чакырбасаңар" деп суранып кеткен. Анан биз аларды көп чакырбай, ошондой бир кол кабыш кылып, колдоп да көрдүк. Бирок, өздөрү жок. Туура түшүнүш керек, бизде элдин тандоосу менен башкаруу формасы өзгөрүлгөндөн кийин мэрди биз бекитпей калдык. Президенттин буйругу менен коюлуп, бошотулат. Ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны жумуштан бошоткула деп сунуштап, чечим чыгарсак болот. Отчет алсак болот. Бирок биз дайындай жана тандай албайбыз".

Эмилбек Абдыкадыров баш калаанын жетекчилигине 2022-жылдын 24-февралында дайындалган. 5-июлда мэрдик ишмердигинин 100 күндүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, элге маалымат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG