Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Президент мектептердин салынышы боюнча түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте курула турган мектептер тууралуу билдирүү таратып, алардын тендерсиз салынып жатканына түшүндүрмө берди.

Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө 15 мектепти салуу чечимин өзү кабыл алганын жазган.

“Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ага жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын (ред: квадрат метр) 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акча желип кеткен. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен мэрди дагы чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат. Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга мектеп салуу үчүн 1,5 миллирд сом каражат бөлүнгөнүн билдирген. Жапаров мектептерди кайсы компания саларын жазган эмес.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектептерди курууга мэрия “Экспресс-Строй KG” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG