Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Вице-мэр “Тазалыктын" жумушчулары ишке чыкканын билдирди


Жетекчисине нааразы болгон "Тазалыктын" кызматкерлери. Бишкек, 15-апрель, 2022-жыл.
Жетекчисине нааразы болгон "Тазалыктын" кызматкерлери. Бишкек, 15-апрель, 2022-жыл.

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчисине каршы чыккан айрым жумушчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мекеме толук курамы менен жумушка чыкты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, 16-апрелде калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров “Тазалыктын” жамааты менен жолугуп, түшүндүү иштерин жүргүзгөн. Ырсалиев 15-апрелде нааразылык акциясына чыккандарды атайын кызматка суракка чакырып жатат деген кабарды төгүндөдү.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан.

Азат Сагынов "Тазалыкка" өткөн жылдын соңунда жетекчи болуп келген. Ал нааразы болгондордун дооматтары тууралуу үн ката элек.

"Тазалык" Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Аталган ишканада 1,5 миңдей адам иштейт жана буга чейин жумушчулар көчө тазалап жаткан учурда машине коюп кетип каза болгон учурлар катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG