Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Депутат жана ырчы менен чырдашкан инспектор иштен алынды


Ырчы Нурлан Насип жана милиция кызматкери. Видеодон алынган скриншот.
Ырчы Нурлан Насип жана милиция кызматкери. Видеодон алынган скриншот.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова жана ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан видеосу Интернетке тараган патрулдук милициянын кызматкери жумуштан алынды.

Маалыматты патрулдук милиция кызматы “Азаттык” радиосуна ырастады.

Парламент депутаты Айгүл Айдарованын машинесин тоскон милиция менен эл өкүлүнүн чыры социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга алынган. Ошол эле милиция кызматкери буга чейин ырчы Нурлан Насиптин машинесин токтотуп, документтерин текшерүү учурунда кер-мур айтышкан. Айдарованын окуясы 3-апрелде, ырчынын окуясы 20-мартта болгон.

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова диплом чыры менен мандатын алдырган Орозайым Нарматованы ордуна келген. Нурлан Насип Кыргызстанда таанымал эстрада ырчысы. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG