Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имарат оңдолууда


Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имараттын сырткы көрүнүшү. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан сүрөт.
Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имараттын сырткы көрүнүшү. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда оңдоо, чатырын жаңыртуу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Маалыматта Бишкек мэриясы менен Саламаттык сактоо министрлигинин макулдашуусу менен курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

14-апрелде министр Алымкадыр Бейшеналиев медицина мекемелерине автоунааларды тапшыруу иш-чарасында журналисттерге жооп берип жатып, Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жакында көчүрүлөрүн айткан.

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борборунун көчүп кетишин талап кылып, 25-мартта Бишкек мэриясынын тийиштүү өкүлдөрү барган.

Мэрия Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишими жокко чыгарылганын билдирген. Алмазбек Исманкулов келишимди жокко чыгаруу боюнча соттун чечими менен гана имаратты бошоторун билдирген.

Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматы боюнча, Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу тууралуу келишимди 2012-жылы түзгөн. Ижара акысы башында 164 миң сом болуп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн. Имараттын аянты 1075 чарчы метр. Ар беш жыл сайын ижара мөөнөтү узартылып турган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG