Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Түндүк Македония алты орус дипломатын өлкөдөн чыгарды


Орусиянын Скопьедеги элчилигинин имараты.
Орусиянын Скопьедеги элчилигинин имараты.

Түндүк Македония алты орус дипломатын "персона нон-грата" катары жарыялап, өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 15-апрелде билдирди.

Бул адамдар Дипломатиялык алакалар тууралуу Вена конвенциясына каршы иштер менен алектенип келишкен. Жакынкы беш күн ичинде алар Түндүк Македония республикасынын чыгып кетиши зарыл",-деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Орусиянын Түндүк Македониядагы элчилиги "айыптоолор негизсиз экенин" белгилеп, "кесепеттери оор болорун" эскертти.

"Орусия тарап өзүнө жараша болбосо да жетиштүү чараларды көрөт",-деп жазды элчилик Твиттерге.

Ушуну менен Москва Украинага кол салганы Түндүк Македония экинчи жолу орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууда. Өткөн айда беш орус дипломаты чыгарылган.

Былтыр эки орус дипломатына ар кандай окуяларга байланыштуу Түндүк Македония бийлиги чыгып кетүүнү буйруган. Ал эми эки жыл мурда мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызынын Англияда ууландырылышына байланыштуу Британияга тилектештик билдирип, бир орус дипломатын чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG