Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Ульяновскиде түрмөдө орозо кармагандар кыйноого алынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ульяновск облусундагы Димитровград шаарындагы түрмөдө орозо кармаган жети адам кыйноого алынган. Бул тууралуу адам укуктарын коргоо жаатындагы Gulаgu.nеt. долбоору кабарлады.

Укук коргоочулардын айтымында, жабыркагандардын бири-Расанбек Бекмурзаев шаардык ооруканага жаткырылды.

Орозо туткандардын кыйноого алынышына нааразы болгон камактагы жүздөй адам ачкачылык жарыялап, кан тамырын кесип салышкан.

Укук коргоочулар билдиргендей, жабыркагандардын көбү чечен жана ингуш улутундагылар болгон. Аларды тинтүү маалында түрмө кызматкерлери диний китептерин, жай намаздарын тартып алышкан.

Укук коргоочулар Федералдык жаза аткаруу кызматын, тергөөчүлөрдү жана Ульяновск облусунун прокурорун окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, камактагыларды кыйноого алып, адамгерчиликсиз мамиле көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырышты. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG